Шашылыш кабар:

Бакытбек Ниязов: “Пайгамбарыбызды таануу” конкурсу 3-майда башталат

Апрель 30, 2015 | жарыялаган maraluser
89

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программасынын бул чыгарылышында “Келгиле Пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы” аттуу конкурс тууралуу болот. Студиябыздын коногу Кыргызстан ислам Университетинин проректору Бакытбек Ниязов.

 

Кыргызстан Ислам Университети Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте “Келгиле пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы” аттуу конкурсун 2015-жылдын 3-май күнү саат 10:00до баштайт.

Сынакка катышууга Бишкек шаарынан жалпысынан 4 500 киши каттоодон өткөн. “Сүйүктүү Пайгамбарыбызды окуйбуз” китеби боюнча 1470 киши болсо алардын 1932 айымдар. Калган 1098 киши “Пророк Мухаммад” жана “Улуу имам Абу ханифа” аттуу китептер боюнча ат салышат.

Конкурс өтүүчү жайлар:

Кыргызстан Ислам Университети, Эл аралык "Ататүрк-Алатоо" университети, Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университети, Вефа Центр, “Ыйман” комплекси, “Секом” билим берүү борбору, “Айни” кыздар медресеси, “Биринчи кадам” кайрымдуулук мекемеси, “Көлмө” медресеси, 12 кичи райондогу “Айша” мечити жана Бишкек шаарынын борбордук мечитинде өткөрүлөт.

“Сүйүктүү Пайгамбарыбызды  окуйбуз” китеби боюнча сынак 3-май күнү саат 10:00до башталса 12:00, “Пророк Мухаммад” китебинен ушул эле күнү саат 12:00до, ал эми “Улуу имам Абу ханифа” аттуу китеп боюнча саат 14:00 башталат.

Эскерте кетсек, бул күнү республиканын бардык аймактарында да сынак жүргүзүлөт. Сынак тест түрүндө өтөт.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *