Шашылыш кабар:

Кыргызстанда көз оорулары көбөйдү

Октябрь 19, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
92

Октябрдын экинчи бейшембисинде Бүткүл дүйнөлүк көрүүнү жакшыртуу күнү катары белгиленип келет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө 285млн киши көрүү системасынын начарлашы менен жабыркайт. Алардын 39 млн такыр көзү көрбөйт. Ал эми 246 млндун көзү начар көрө баштаган. Мындан улам адистер Кыргызстанда да көз ооруларына чалдыккандардын саны көбөйгөндүгүн билдиришүүдө.  Буга байланыштуу биз дарыгерлерден көзгө кандай кам көрүүнү, көз ооруларын пайда кылуучу себептерди сурап көрдүк.


Кыргызстанда жыл сайын көз ооруларына чалдыккан адамдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Самат Тойматов билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын 19 млн жаш баланын көрүүсү начарлайт. Жалпысынан 285 млн кишинин көрүү системасы бузулат. Ал эми Кыргызстандагы көрсөткүч да дал ушундай абалда. Адистердин айтымында  Кыргызстанда катталган көз ооруларынан биринчи кезекте миопия, катаракта жана глаукома турат.

Глаукома оорусу азайды

Акыркы мезгилге чейин майыптуулук боюнча глаукома биринчи кезекте туруп, 30% түзсө, азыркы учурда анын көрсөткүчү төмөндөй баштаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, учурда оорулардын көрсөткүчү боюнча миопия, катаракта жана глаукома турат. Штаттан тышкаркы башкы офтальмолог Салтанат Иманбаева билдиргендей, майыптуулукка алып барган глаукомага экология, тукум куучулук жана алдын алуу иштерин жүргүзбөө факторлору себеп болот.

— Глаукома көрсөткүчү Кыргызстанда азая баштады. Бирок белгилеп кетүүчү нерсе, бул оору өнүккөн өлкөлөрдө майыптуулук боюнча биринчи орунда турат. Буга биринчиден туура эмес жашоо образы, экология жана тукум куучулук факторлору таасир берет.

Балаңызды планшетке көндүрбөңүз! Анткени…

Өзгөчө балдар арасында көз оорулары да көбөйгөн. Тубаса көз ооруларына балдардын ара төрөлүүсү себеп болсо, 3-4 жаштан эле көрүүсүнүн начарлашына балдарга компьютер, уюлдук телефон, планшет сыяктуу  буюмдарга көндүрүүнүн кесепети. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун офтальмология бөлүм башчысы Гульнара Сулайманова билдиргендей, балдарга эрте жаштан колуна уюлдук телефон карматуунун кесепети алардын көз ооруларына себеп болуп жатат. Негизи баланы 1 жаштан баштап эле мектепке чейин текшерүүдөн өткөрүп турушу керек.

-Балдар арасындагы тубаса көз ооруларына көпчүлүк учурда айына жетпей төрөлгөн балдар чалдыгат. Алардын организми жакшы өрчүбөй калгандыктан болушу мүмкүн. Травмадан кийинки көз оорулардан тышкары, учурда балдар арасында миопия көбөйдү. Анткени балдарга телефонду берип коюу адатка айланды. Анын кесепетинен 3-16 жаш аралыгында балдар арасында миопия кескин көбөйдү.

Көп убакытка чейин компьютерде отурсаңыз анда…

Ал эми чоңдор арасындагы миопия оорусун алдын алуу үчүн офтальмолог Валентина Усенко, өзгөчө кеңседе, көп убакытка чейин компьютерде отургандарга төмөндөгүдөй кеңеш берди.

-Биринчиден кеңседе иштеген кишилер эгерде көрүү системасында маселеси бар болсо офтальмологдун кеңеши менен көз айнек тагынуусу керек. Ошого жараша компьтерди жайгаштыруусу зарыл. Компьютер үчүн башка, керек болсо сыртта башка коррекциялоочу көз айнек сунушталышы мүмкүн. Ал эми компьютерде иштөөнүн убактысын да туура бөлүштүрүшү керек. Ар жарым саатта 10 мүнөттүк алыска кароо көнүгүүсүн жасоосу абзел. Бул көз булчуңдарын иштетүүгө жардам берет. Үчүнчүдөн компьютерден чыга турган зыяндуу нурлардан сактанбаса, көздүн кургоосуна алып келиши мүмкүн.

Адистер алдын алуу жана өз убагында жардам берүү менен жогоруда айтылган көз оорулардын 80% өз калыбына келтирүүгө мүмкүн экендигин эскертишет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *