Шашылыш кабар:

Б.Максүтов: «Манас» эпосун кара сөз түрүндө жазуу бүгүнкү күндүн талабы

Октябрь 19th, 2017 | by Каныкей Бозгунова
Б.Максүтов: «Манас» эпосун кара сөз түрүндө жазуу бүгүнкү күндүн талабы
Улут уюткусу
0

Кыргызстанда 2011-жылы кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы болгон «Манас» үчилтигин, тактап айтканда, «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө сала турган атайын мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамды ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин мамлекет тарабынан дагы, жеке жактар тараптан дагы бир топ айтаарлык иштер аткарылууда. Анын ичинде китептерди чыгаруу маселеси да бар. «Улут уюткусу» уктуруусунда дал ушул багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу жазуучу, драматург, публицист жана  «Айкөл Манас баяны» коомдук фондунун төрагасы Бактыбек Максүтов менен маектештик.

БАКТЫБЕК МАКСҮТОВ:

«Манас» үчилтиги кара сөз түрүндө жазылып, 12 китеп чыкты…

— «Манас» эпосу кыргыз элинин кылымдардан келе жаткан баа жеткис мурасы, түгөнгүс байлыгы болуп эсептелет. Биз эпостун көп варианттарын бала кезибизден эле окудук. «Манас» эпосун кара сөз түрүндө жазып, кийинки муундарга жеткирүүнү максат кылып койдум эле. 2011-жылы «Манас» эпосун сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө сала турган атайын мыйзам кабыл алынган.

Андан сырткары, 2012-2017-жылдарда «Манасты» жайылтуу жана даңазалоо боюнча Өкмөттүн 5 жылдык программасы кабыл алынган. Мамлекеттин ушул кадамдары мага бир топ таасир берди. Ошондон улам, акыркы 25 жылдан бери «Манас» эпосунун проза вариантын жазып, китеп кылып чыгарып, мүмкүнчүлүктүн жетишинче Кыргызстандын ар бир айылындагы китепканаларга жеткирүүнүн үстүндө иштеп келе жатам. Учурда эпос боюнча 12 китеп чыгардым. Китептерди үй-бүлөмдүн жеке каражатына чыгаруудамын.

Китептердин башкалардан өзгөчөлүгү «Манас» үчилтиги толук камтылганында…

— Биз бала кезде «Манас» эпосунун бириктирилген варианты чыккан, ошонун негизинде окудук. Кийинки чыккан жаңы варианттары менен дагы таанышып чыктым. Алгач «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору боюнча беш китеп чыгаргам. «Манас» эпосун жазууда Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун вариантын колдондум. Ал эми, «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрү Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде жазылды.

Өз кезегинде Ашым Жакыпбеков сыяктуу жазуучулар «Манас» эпосун элге жеткирүүнүн аркетин кылып, кара сөз түрүндө жазган. Ага чейин дагы, кийин дагы жазышкан. Бирок, улам кийинки чыккан китептерди чыгарууда элге жетимдүү боло турган жолдорун карап туруп, өзгөчө жазганга аракет кылдым. Менин китептеримдеги негизги өзгөчөлүк «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун негизинде жазылгандыгы болууда.  Буга окурмандар өз баасын беришээр.

Максатым — «Манас» эпосун башка тилдерге которуп, дүйнөгө жайылтуу

— Албетте, «Манас» эпосунун толук варианттары көлөмдүү болуп чыкканы, аны элге жеткени жакшы. Бирок, азыркы шартта аны басмадан чыгаруу, чыккандан кийин элге сатуу, сатып алгандан кийин аны окуганга убакыт керек. Ал эми, азыркы жаш муундар китеп окугандан өтө алыс болуп калышып, эпостун ыр түрүндөгүсүн көп түшүнө беришпейт. Ошонун барын эске алуу менен, кийинки муундарга жеткиликтүү болушу үчүн кара сөз вариантын жазып чыккам. Экинчиден, мүмкүнчүлүк болсо, башка тилдерге которуп, анан дүйнөгө эпосту даңазалап, ал аркылуу кыргыз эли дүйнөгө таанылса деген максат болгон. Азыркы учурда биринчи китеп орус тилине которулган. Эми каражат маселесинен улам кийинки китептер чыкпай турат.  Бул китептер мектеп окуучуларынан баштап бардык окурмандарга ылайыкталган. Болушунча «Манас» эпосундагы нукура, куюлушкан сөздөрдү колдонуу менен жазганга аракет кылдым.

Чынын айтканда бүгүнкү күндө коомчулуктан баштап, жогорку мамлекеттик жетекчилерге чейин китепке анча маани бербей калышты. Ошентсе дагы, «китепти эч ким окубайт» деп алакан жайып отуруп албастан, колдон келишинче окурмандарга жеткирүүнүн жолдорун издеп, бардык аймактарга жеткирүүгө аракет кылып атам.

«Манас» эпосу тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин коомчулуктун көз карашы жакшырды…

— 2011-жылы «Манас» эпосу тууралуу мыйзам жана Өкмөттүн программасы кабыл алынгандан кийин чындыгында мамлекеттин, коомчулуктун көз карашы бир топ жакшырып калды. Акыркы убактарда эпостун Улуттук илимдер академиясында сакталган варианттары көп басылып чыгып атат. Биз тараптан анын кара сөз түрүндөгү вариантын чыгаруу аракети жүрүүдө. «Манас» эпосундай биздин асыл мурас, байлыгыбыз жок да. Бир гана ушул иштер менен чектелбей, эпостун негизинде беш драмалык чыгарма дагы жаздым. Эгер, ошол чыгармалар Бишкектин жана башка облустардын тетарларында коюлуп калса, эл эпос тууралуу мындан дагы көбүрөөк маалымат алып, мамиле, көз караш мындан дагы жакшырат эле деген ойдомун.  «Манас» эпосу тууралуу мыйзамдын ичинде чет өлкөдөгү мигранттарга жеткирүү деген өзүнчө бөлүмү бар. Ошол документти колума кармап алып, ушул айдын башында Москвага барып келдим. Ал жерде биздин элчиликтин, Миграция кызматынын жана диаспора өкүлдөрү менен жолуктум. Алар дагы эпосту жайылтуу, даңазалоо жаатында колдоо көрсөтөөрүн билдиришти. Москвага барган башкы максатым Мекенден алыс жакта иштеп, окуп жүргөн жарандарыбыз ушул китептерди окуп, пайдалануу менен кыргыз элинин каада-салт, үрп-адатынан алыстабай, тилин унутпай сактап жүрсө деген тилек болгон. Биз кыргыз элинин, өлкөнүн өнүгүшүн кааласак, элди, өзгөчө жаштарды китеп окуганга тартышыбыз керек. Биз дагы «Манас» эпосун кыргыз эли билип, таанып, баарыбыз жүрөгүбүздө «Манасты» ыйык тутуп, сактап, жайылтып, даңазаласак деген максат менен аракет кылып жатабыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache