Шашылыш кабар:

Сиз аманаттарды коргоону билесизби?

Октябрь 19th, 2017 | by Nargiz Bayomurоva

Урматтуу аманатчы! Эгерде сиз Кыргызстандагы кайсы бир банкта банктык эсеп же аманат ачсаңыз жана банк сиздин аманатыңыздын сактоосуна жана үстөк пайыздарын эсептөөгө жоопкерчилик алса, эгерде банк банкрот болгон учурда, автоматтык түрдө кепилдеген учур келгенде мыйзамга ылайык ар бир аманатчыга 200 000 сомго чейин компенсация төлөнүп берилет дейт УБ расмий өкүлү Аида Карабаева.

Коргоого алынган аманаттар:

  • Ар кандай валютадагы мөөнөттүү аманаттар
  • Кезектеги эсептер анын ичинде банктык (пластикалык) карталар боюнча эсептешүүгө айлык акыны акча которууга пенсия жана стипендия алууга арналган.
  • Жеке ишкерлердин банктык эсептериндеги каражаттар.

Аманаттар боюнча компенсацияны төлөп берүү жол-жобосу кепилдик учуру башталгандан кийин 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбей башталат. Ал үчүн аманатчы арыз, салым келишими жана аманатчы өздүгүн тастыктаган документтери менен аманаттарды коргоо агенттигине кайрылса болот.

Мисалы, сиз 15 жыл аралыгында 1 млн. сом чогулткуңуз келет. Эгерде акчаны үйдө сактай турган болсоңуз, айына 5 556 сом чогултууңуз керек болот. Ал эми банк эсебинде сактоодо аманаттардын жылдык орточо чени 11% түзсө, бул үчүн сиз банктагы эсебиңизге болгону 2 179 сомдон салып турсаңыз жетиштүү болот.

Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ирья Берг – жогорудагы ыкма каражатты кепилдик менен сактоого мүмкүндүк жана натыйжалуу киреше табуу булагы деп белгиледи өз сөзүндө. Ал бала кезде үйдөгү акча кутучасына каражаты чогулган кезде аны банкка алып барып аманат ачтырып, акчаны көбөйтүү жолдорун билгендигин айтты. Батыштын экономика тармагындагы канына сиңген банктык жол-жоболорун, каражатты туура пайдалануу жана жарандардын финансылык укуктарын билүүсүн шарттайт.

Ал эми акчаны чогултуп, аны үнөмдөп жана туура багытта пайдаланууга эң ириде жаш балдарды үйрөтүү зарыл дейт Борбордук Азия фондунун эл аралык кызматташтык боюнча сактоо кассасынын аймактык координатору Ульрих Киниц.

Себеби, алар бала күндөн эле акчаны үнөмдөө менен финансылык сабатуулугу жогору болуп, келечекте өз өлкөсүнүн экономикасына эбегейсиз салым кошот дейт. Ошондон улам аталган жумалыктын алкагында шаардык мектептин окуучуларына финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максатын көздөгөн окуулар, лекциялар бир жума бою ийгиликтүү өткөрүлдү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache