Шашылыш кабар:

Журналисттер тууралуу кызыктар…

Октябрь 18th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Журналисттер тууралуу кызыктар…
Блог
0

Сиздерге кабарчыбыз Бакыт Төрөгелди уулунун журналисттерге байланышкан кызыктар тууралуу блогун сунуштайбыз.

Журналистикага аралашканыма же башкача айтканда бул жаатта иштегениме эки жылдан ашып, үч жылга аяк басты. Үч жыл убакыт бул журналисттик кесип үчүн убакыт деле эмес. Анткени, журналистикада тапталып, такшалып, курчуп, жетилиш үчүн аз эмес убакыт талап кылынат эмеспи. Анын үстүнө журналист деген беш жыл жогорку окуу жайды бүтүп коюп эле колуна дипломду алып отуруп калбайт. Бул кесипти өмүр бою окуп жүрүп өтөсүң. Күн сайын өзүңдү өстүрүүгө, жаңы нерсени үйрөнүүгө далалат кыласың. Себеби, дүйнө дагы мүнөт санап өзгөрүп жатпайбы. Ал эми журналист ааламдашуу заманында башкалардан бир кадам алдыда жүрбөсө болбойт. Анткени карапайым эл «журналист баарын билет», анын айтканы «акыркы чындык» деп эсептейт. Мен ошол «расмий» түрдө журналист болуп эмгектенген үч жылга чукул аралыкта журналисттер тууралуу көргөн, билген кызыктар тууралуу силер менен бөлүшөйүн деп турам.

Жогорудагы эң биринчи негизги бетте турган сүрөт ушул жылдын 9-сентябрында премьер-министр Сапар Исаков баштаган расмийлердин «Кумтөр» алтын кенинин иши менен таанышуу учурунда тартылган. Бийликтер кенди бир сыйра кыдырып келген соң тамактанып алып, сапардын аягында журналисттерге билдирүү жасамак. Биз дагы курсакты тойгузган соң сыртка чыгып өкмөт башчы менен «Кумтөрдү» иштеткен «Центерранын» жетекчиси сүйлөй турчу жерди камдай баштадык. Өкмөттүн маалымат кызматы алдын ала эле алар маалымат берчү жайды тандап коюшуптур. Анан Массалык маалымат каражаттары көп болгондуктан микрофон, дикфондордун баарын кармап туруу операторлорго (анткени алар сүйлөп жаткан кишини ыңгайлуу жерден тартышы керек), журналисттерге ошол эле учурда сүйлөп жаткандарга дагы тоскоолдук жаратмак. Ошондуктан анын бат эле айласын таап микрофон, диктофондун баарын сиз көрүп жаткандай кылып ороп, ыңгайлаштырып койдук.

ЭЛТР каналынын журналистти Дүйшөн Шаршенбеков премьер-министр Сапар Исаковдун ордунда сүйлөп атат

Көрдүңүзбү…? Баары бири-бирин «жерибей, жаман көрбөй, урушпай» жакшыныкай турушат. Журналисттер дагы Бишкектен качан бир кадам алыс чыкканда микрофондордой болуп, бири-бирине жардам берип, сылык-сыпаа, камкор болуп калышат. Бирок, быкылдаган шаардын ичинде болгон жыйынбы, пресс-тур болобу (кайсы бир жерлерди кыдыруу) журналисттер анчалык бири-бирине жардам бере беришпейт.

Журналисттер ар дайым кайсы бир жаңылыкты, окуяны башкалардан өзгөчө кылып, айырмалантып бергиси келет. Алар интервью алган адамды «кызганышат». Маалымат берген тигил же бул маалымат булагынан эксклюзив, эч жерде чыкпаган маалыматты алгысы келишет. Бул эң жакшы көрүнүш. Анткени медиа эксперттер журналисттик атаандаштык журналистиканын өсүшүнө, анын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө шарт түзөт деп айтып келишет. Бирок, өкүнүчтүүсү журналисттик атаандаштык кээде көрө албастыкка өтүп кетүүдө деген да ойлор бар.

Журналисттердин көбү тамашакөй келет. Көбүнчө жолго чыкканда алардын бири-бирин чымчып сүйлөп, кыраан каткырык салышканы узун жолду жакшы эле кыскартат. Теле жаатында иштеген журналисттердин операторлору кишини эриктирбейт. Алар видеотасмага тартып эле тим болбойт. Көбү журналисттердин дагы ишин мыкты түшүнүп калышкан. Кээде интервью бергендерге курч суроо дагы узатып коюшат. Анан журналисттер менен операторлордун ортосунда түшүнбөстүктөр тез-тез чыгып турат. Керектүү кадрды албай калган же микрофон иштебей калган учурларда уруш чыккан убактар болот. Ал эми радиого эмне, колуңда диктофонуң болсо эле жетиштүү. Каражаныңды ойлоп каалаган жериңе басып кете бересиң.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгуловдун каскасын көрдүңүзбү?

Саясатчылар журналисттер менен тамашалашканды жакшы көрүшөт. Бир депутаттын «журналисттердин диктофону өчүк кезде баарын сүйлөй берсең болот» деп тамаша чыны аралаш айткан сөзү эсимде. Депутат, министр кайсы гана аткаминер болбосун журналисттер түнү-күнү телефон чала бергенине көнүп калышса керек. Эмне кылабыз, жумуш ушундай экен… кандай гана жол менен болбосун маалымат алыш керек.

Журналистика шахтерлордон кийинки эле дүйнөдөгү эң коопту кесиптердин катарында турат экен. Мындайча айтканда экинчи орунда. Кээде биринчи катарга дагы чыгат дешет. Анткени чындыктык жеткириш үчүн кан күйгөн согуш талаасында жүргөн кесиптештер бар.

Мен сиздерге көпчүлүк журналисттердин устаты, белгилүү журналист Султан Жумагуловдун «Журналистикага жол» аттуу китебинде учурдагы журналисттердин жумушун чагылдырып берген сүрөттөөнү сунуштайм. «Катаал атаандаштык шартында кесипкөй журналисттерге талаптар да өстү. Мисалы, эгер мурда журналисттер гезитчи, радиочу же телекабарчы катары бөлүнүп келишсе, эми алар мультимедиалык репортер болууга аргасыз. Азыркы журналистти төмөнкүдөй элестетсек болот: бир колунда диктофон, бир колунда калеми менен блокнот, ал эми ийнинде – видеокамера. Ал аз келгенсип бронежилет да кийип алышы мүмкүн, анткени, азыркы тынчы жок заманда, Кудай анын жүзүн ар кылсын, кокус денесине ок жаңылбасын деген кеп» деп Султан агай ийнине жеткире сүрөттөгөн.

Кесиптештер, бир колуңарда диктофон, бир колуңарда калем менен блокнот, ал эми ийниңерде – видеокамера болсун. Бирок ылайым эле бронежилет кийбегиле. Сиздерге чыгармачылык ийгилик!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache