Шашылыш кабар:

Ж. Акенеев: “Кыргыз-казак шылтоо айтышпай, бир пикирге келиши керек”

Октябрь 16, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
126

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучуларга кыйын абал жаралып, өтүү үчүн 4,5 жарым сутка күтүүгө аргасыз болушууда. Анда айрымдарына айып пул салса, кээ бирлерин артка кайтарган учурлар да кездешип жатат.

Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлиги 10-сентябрдан баштап кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык текшерүү күчөгөнүн өзүнүн расмий сайтына жазып чыккан. Ал эми Айыл-чарба министрлиги Кыргыз өкмөтүнө талаптардын бузулуп жатканы боюнча түшүндүрмө берген эмес. Ошол үчүн ЕАЭБдин келишимдери бузулуп жатканын айтып, кошуналарды эскертпей бул кадамга барганын айыптоодо. Мына ушул теманын алкагында, экономика жаатындагы эксперт Жумакадыр Акенеев менен маектештик.

Эки тарап бири-бирин айтыптап жатат. Негизи чындык ким тарапта, ЕАЭБде эреже кандай каралган?

Бүгүнкү күндө Казакстан эки өлкөнүн чек арасындагы маселеге жооп бериши керек. Ошондуктан алар ушул шылтоону таап чыкты десек болот. Туура, Евразиялык экономикалык биримдиктин техникалык регламенттери бар. Атайын шарттар жазылган. Бирок, буга чейин эки тарапка тең жүктөр өтүп жаткан да. Ал эми техникалык регламенттерди толук аткаруу үчүн аз убакыт жетпейт. Ага көп аракет жана каражат талап кылынат.

Кыргыз өкмөтү мындай кырдаалда кандай аракетке баруусу керек? Анткени үн катпай жатат деп, жүк ташуучулар нааразы.

Бул маселени чек арачыларга же башка төмөн турган бийлик өкүлдөрүнө жүктөбөй, жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүш керек. Өкмөт башчылар, керек болсо, президенттер сүйлөшүүгө барыш керек. Жада калса, жаңы шайланган президент да сүйлөшүүгө барып, өзүн көрсөтсө болот. Ал эми шылтоо таап олтура берсек, бул дагы көпкө созулат. Анан биз тараптан да көп шылтоолор чыга баштайт.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда президенттик шайлоо бүткөндөн кийин кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрбөсө, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн президенттерин кезексиз жыйынга чогулууга чакыраарын билдирген эле. Анда абал кайсыл багытка өзгөрүшү мүмкүн?

Биримдиктен чыгабыз десек, анын да атайын эрежеси бар. Бир жыл мурун эскертип, даярдык көрүш керек. Бирок биз ага барбайбыз деп ишенем. Анткени биримдик эми бизге керек. Ал жактан чыксак, товарларыбызды кайсыл жакка сатабыз? Чек аралар накта ошондо жабылат. Менимче, таза эле жол калбай калганда, президенттердин кезексиз жыйынын өткөрсө болот. Ал эми бул маселени телефон аркылуу эле бүтүрүп коюуга мүмкүн эле. Ошондуктан, биздикилер да ойлонуп, туура чечим кабыл алышат деп ишенем.

Маегиңизге рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *