Шашылыш кабар:

Ж.Акенеев: Казакстан ЕАЭБдин шарттарын одоно бузуп жатат

Октябрь 13, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
94

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча бүгүн 13-октябрда президент Алмазбек Атамбаев өз пикирин билдирип чыкты. Баткен облусундагы иш сапарында аскер кызматчылары үчүн салынган үч турак үйдүн ачылыш салтанатында «Бери дегенде үч миң жылдык тарыхы бар кыргыз эли үч күндүк блокададан коркуп, башка өлкөнүн президентинин «шестеркасын» шайлабайт»,-деди.

Ушул жагдайды экономист Жумакадыр Акенеев менен «Күн чекит» программасында талкууладык.

Өлкө башчы Баткен облусунда кыргыз-казак чек арасы боюнча пикирин айтып чыкты. Анда чек арадагы кырдаалды блокада деп атады. Бул кырдаалды блокада десек болобу?

Бул жерде «блокада» деген сөздөр айтылып кетти. Бирок блокада деп толук өткөзбөгөн учурда гана айтабыз. Мисалы 2010-жылы чек ара 45 күнгө жабылган. Муну блокада деп атоого болот. Ал эми бул жолу күчөтүлгөн шарт менен өткөрүп жатат. Анткен менен өтө жай. Бул жагдайды Казакстан терроризмди алдын алууга чара көрүп жатканы менен түшүндүрүп жатат. Бирок биздин президентибиздин айткан сөзүнөн кийин ушундай абал жаралганы ачык эле билинип калды. Анткен менен кандай гана абал болбосун коңшу мамлекет бизге билдирүү жасашы керек эле. Чынында андай болгон жок. Күтүүсүз текшерүүлөр пайда болду. Бир эле чек ара өткөрмө бекеттеринде эмес, Алматы, Астана шаарында дагы ушундай текшерүүлөр орун алды.      

Алмазбек Атамбаев Казакстандын бул аракети ЕАЭБдин шарттарына каршы келээрин айтты. Бул жерде негизги кайсы шарттар бузулду десек болот?

Бул жерде ЕАЭБдин шарттары одоно бузулуп жатат. Себеби, биримдиктин эң негизги талабы өлкөлөр ортосундагы баардык тоскоолдуктарды алуу болчу. Мисалы биздин чек арачылар бир унааны 10мүнөттө өткөрүп жатат. Ушундай эле шартта казак тарап дагы өткөрүүсү керек эле. Бирок азыркы тапта бир унааны бир сатта араң кое берип жатышат. Ушул жагдайларды эске алганда шарттар одоно бузулуп жатат. Мендеги маалымат боюнча өткөрмө пунктарына 3 же 4 гана чек арачыны коюп коюшкан.

-Бул маселени чечүү үчүн үчүнчү өлкө аралашуусу керекпи?

Жок! Бул ишке үчүнчү өлкө тап такыр аралашпоосу тийиш. Биздин премьер-министр барып сүйлөштү. Керек болсо, өкмөт башчы дагы барышы керек. Биздин депутаттар коңшу өлкөлүк кесиптештерине кайрылуу жолдосо дагы болот. Мен ойлойм, буюрса алдыңкы 1-2 күндө президентибизди шайлап алса, бул маселе кыска аралыкта толук чечилет.

Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *