Шашылыш кабар:

Н. Исмаилов: Шайлоо күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Октябрь 13th, 2017 | by Гүлбарчын Тилембаева
Н. Исмаилов: Шайлоо күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
Айлампа
0

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы  Н.Исмаилов Марал радиосунда шайлоо күнү коомдук коопсуздукту сактоо иш-чаралары тууралуу түз эфирде маек курду.

Н.Исмаиловдун айтымында, 2017-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген шайлоо күнүнө даярдык көрүү боюнча токтомдун негизинде ИИМ күжүрмөн иш алып барып келет.  12-октябрдан баштап, ИИМ күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.  Адамдар көп топтолуучу жайларда жана шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлүүчү иш чаралар такталып, жер-жерлерге милиция кызматкерлери бөлүштүрүлгөн.

Андан тышкары, ИИМ кызматкери 15-октябрда шайлоо тилкелеринде экиден бешке чейинки милиция кызматкерлери иштээрин, баардыгы 5000 ден ашык милиция кызмат кылаарын белгилеп өттү.

Н.Исмаилов БШКнын токтому менен бекитилген 3-4-октябрь күндөрү баардык шайлоо тилкелерине бюллетендерди жеткирүүгө дагы милиция кызматкерлери коштоп барышканын кошумчалады.

ИИМ өкүлү шайлоо күнү кандайдыр бир укук бузуулар же болбосо, добуш сатуу фактыларына күбө болгон жарандарды маалымат берип турууга чакырды.  Биринчиден шайлоо тилкесиндеги милиция кызматкерине кабар берилиши керектигин, ал жерге атайын ыкчам топтор келип, тезинен чара көрүүгө аракет кылаарын өкүл билдирди.

Шайлоо учурунда, шайлоо өнөкөттүгү бүткөндөн кийин, чагымчыл аракеттерге каршы чараларды көрүү боюнча атайын окутуулар жүргүзүлүп, милициялар инструктаж өткөрүлгөнүн, милиция кызматынын шайлоо күнкү тамактануусу жана транспорт маселеси дагы чечилгенин билдирген Н.Исмаилов добуш берүү учурунда шайлоочулардын коопсуздугун сактоого милиция кызматы күжүрмөн даярдыкта болоорун билдирди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache