Шашылыш кабар:

Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү: Эл чейрек кылым күткөн майрам

Октябрь 9th, 2017 | by Каныкей Бозгунова
Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү: Эл чейрек кылым күткөн майрам
Улут уюткусу
0

Маалым болгондой, 6-7-октябркүндөрү Кыргызстанда Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрү өттү. Анын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында өзбек кинолору көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөсү ачылып жана өзбек өнөр адамдарынын чоң программадагы концерти тартууланды. Ага 100дөн ашык чыгармачыл инсандар катышты. Өзбекстандын маданият күндөрүнүн жүрүшүнөн «Улут уюткусунун» кезектеги чыгарылышында баяндайбыз.

IMG_6582



Дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери муздап калган кыргыз-өзбек мамилеси акыркы бир жылда кайрадан жанданып, эки элдин ортосунда бир топ жагымдуу жагдайлар түзүлүүдө. Анын ичинде эң башкысы эки тараптуу маданий алака-катышты чыңдоо турат. Бул максатта эки өлкөнүн маданият күндөрүн уюштуруу боюнча сентябрь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында макулдашылган. Ага ылайык, 6-7-октябрда Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү белгиленген. Анын алкагында 6-октябрда Бишкектеги «Октябрь» кинотеатрында «Ойкиз эртаги» же кыргызча которгондо «Чөлдөрдүн ханышасы» аттуу өзбек тасмасы көрсөтүлдү. Аталган тасма мамлекеттин буюртмасы менен тартылган. Жалпы бюджети 1 млрд 600 млн өзбек сумун түзгөн. Бул Өзбекстандын эгемендүү тарыхындагы биринчи фантастикалык кино болуп саналат. Анын негизги мазмуну жана максаты тууралуу тасманын режиссеру Акбор Бектурдиев төмөндөгүлөргө токтолду.

IMG_20171006_113754 — «Ойкиз эртаги» фильми «Өзбекфильм» агенттиги тарабынан 2016-жылы тартылган. Фильм оор шарттарда, маселен, жай мезгили Өзбекстандын Хива шаарынын чөлдөрүндө, кыш мезгили «Өзбекфильмдин» павильондорунда тартылды. Тасманын негизги мазмуну патриоттуулукка үндөйт. Андагы башкы каарман Ойкиз аттуу кыз душмандардан өзүнүн өлкөсүн коргоого аракет кылганы тууралуу баяндалат. Фильмдин бюджети 1 млрд сумдан ашык каражатты түздү.

 — Эгемендүүлүк алган жылдардан бери Кыргызстан менен кино жаатында кандай кызматташып келесиздер?

— Биз бала чагыбыздан кыргыздын «Ак кеме» жана башка кинолорун көрүп чоңойгонбуз. Азыр дагы ар кандай фестивалдардан, интернеттен учурдагы кинолоруна күбө болуп келебиз. Мен жана башка өзбек режиссерлору дагы кыргыз-өзбек биргелешкен фильмдерин тартууга кызыктар.

— Сиздерде киного мамлекет тарабынан кандай көңүл бурулат?

IMG_20171006_113722— 2016-2017-жылга карата бюджеттин эсебинен 15 мамлекеттик фильм тартылган. 2018-жылы коммерциялык тасмалардан тышкары 20га жакын фильмге каражат бөлө баштайт. Ал эми 2020-жылга карата мамлекеттик фильмдердин санын 30га жеткирүү пландалууда.

Союз мезгилинде маданият тармагындагы кыргыз-өзбек мамилеси болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жеткен. «Кыргыз керемети»  гүлдөп өнүгүп турган мезгилде кыргыздын чыгаан кино актерлору белгилүү өзбек кинолоруна тартылып, үзгүлтүксүз катышта болгон. Бирок, эгемендүүлүк алгандан кийин бул нерсе бир топ эле салкындай түшкөн. Эми эки тараптуу мамиленин жаңы жолунун ачылышы менен кино жаатында дагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жаткандыгын Кыргызстандын Кинематография департаментинин жетекчиси Муталы Бектеналиев айтат.

IMG_6809— Бүгүн баарыбыз абдан кубанычтабыз, өзгөчө кинематографисттер. Анткени, кыргыз киносу өнүгүп турган өткөн кылымдарда Өзбекстан менен кино жаатында абдан тыгыз байланышта иштегенбиз. Алар биздин чыгаан актерлорубуз Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Бакен Кыдыкеева жана башкаларды чакырып, өздөрүнүн көп кинолорунда башкы ролдорду ойнотушкан. Алардын дагы бир топ кино ишмерлери бизде иштешкен. Эми ошол жолдун кайрадан ачылып жаткандыгы тарыхый көрүнүш. Бизге бир гана эки элдин достугу, ынтымагы керек. Анын баары биздин маданиятыбызда, тарыхыбызда. Абдан жакшы иштер болуп атат. Биз кубанычтабыз.

 — Эгемендүүлүк жылдарында өзбек тарап менен кандай алака-катыш болду?

 — Эгемендүүлүк алган жылдардан кийин биз демократиялуу мамлекет катары бардык мамлекеттер менен мамилебиз жакшы болуп, эшигибиз ачык болду. Өзбекстандын кинематографисттери «Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» сыяктуу эл аралык фестивалдарга катышып, кинолорун көрсөтүп кетип жатышты. Бирок, мурункудай тыгыз байланыш болгон жок. Эми бизге биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Буюрса, ортодо жакшы чыгармалар жаралат деген ишенимдебиз.

— Салыштырмалуу Өзбекстанда кино тармагындагы абал кандай азыр?

— Негизи КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында эле кино тармагындагы абал бирдей эле. Эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекеттик студиялар кыйналганы менен жеке студиялар көп ачылган. Өзбекстанда деле ошондой. Мамлекеттик студиялар эми гана оңоло баштагандыгын өзбек кесиптештерибиз айтып жатышат. Биз деле мындай абалды 4-5 жыл мурда башыбыздан өткөргөнбүз.

Өзбекстандын маданият күндөрү ушул эле күнү өзбек сүрөтчүлөрүнүн “Өзбекстандын жүзү: тарыхы жана азыркы заман” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү жана Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өзбек искусство чеберлеринин катышуусундагы чоң концерт менен уланды.

Маданий иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өткөн кылымдардагы кыргыз-өзбек маданий алакаларын эске салды. Ошондой эле, ал эки элдин түбөлүк  достугу, ынтымагы үчүн көрүлүп жаткан мындай аракет мамлекет башчылардын туура жүргүзгөн саясатынын жыйынтыгы экендигин баса белгиледи.

IMG_6750 Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий алакалар нечен кылымдардан бери келе жаткандыгын жакшы билесиздер. Султан Бабурдун заманынан бери аралашып келе жаткан маданияты, каада-салты, үрп-адаттарынын бардыгы эки элдин Кудайдан башка эч ким бөлө албай тургандыгын далилдеп келет. Союз маалында дагы биздин адабий, маданий алакалар абдан жакшы деңгээлге көтөрүлгөн. Кошунабыздын аты дүйнөгө чыкса биз дагы дайыма сүйүнөбүз, сыймыктанабыз. Биз дайыма жакшылык болсо дейбиз. 2017-жылы эки өлкө ортосундагы алакалардын жакшырып атышы, чек аралардын ачылышы, маданий мекемелердин бири-бирине катташып, тажрыйба алмашып жатышы – бул эки элдин ортосундагы достукту чыңдап жаткан иш-чаралар деп билебиз. Буга биздин эки өлкөнүн президенттеринин эмгеги абдан зор. Алардын туура жүргүзгөн саясатынын негизинде 2017-жылы эки элге тең жаккан, көздөн жаш тегереткен жакшы иштер болду. Өзбекстандын маданият күндөрүнүн Кыргызстанда өтүп жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык. Эки элдин ээ болгон эркиндигин, жетишкен бийиктиктерин Кудай кут кылсын! Эки элдин ийгиликтери бири-бирибизди коштоп жүрсүн!  

Мындан сырткары, маданият жаатында эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар биргелешкен иштерди аткаруу сүйлөшүлгөндүгүн жана өзбек тараптан олуттуу сунуштар болгондугун Түгөлбай Казаков маалымдады.

 IMG_6389— Биз мындан ары эки элдин ортосунда абдан көп иш-чараларды жасай турган болуп жатабыз. Буга эки тараптын тең потенциалы жетиштүү, кадрлар бар, тилек, ниет, ой бар. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан Маданият министринин биринчи орун басары Озодбек Назарбеков жакшы сунуштарды берди. Анын ичинде Өзбекстанга комузчуларды, манасчыларды, төкмөлүктү үйрөтө турган адамдарды жиберилсе, аларга үй-жайын камдап, шарт түзүп берип, Өзбекстандагы кыргыздардын өнөрүн көтөрөт элек деген сунуш айтылды. Бул биз үчүн өтө маанилүү маселе.

Маданият күндөрүн өткөрүү үчүн келген өзбек делегациясын Маданият министринин биринчи орун басары, Өзбекстандын Эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеди. Ал залда толгон элди көрүп толкунданып тургандыгын жашырган жок. Дүйнөдө бири-бирине окшош элдер болушу мүмкүн, бирок, өзбек менен кыргыз элиндей тили да, дини да жакын калктар жок болсо керек, — деген Назарбеков мындан ары эки элдин достугу үчүн маданий алаканы бекемдөөгө бел байлап жатканын айтып, кыргызстандык маданият кызматкерлерин Өзбекстанга чакырды.

IMG_6524 Бүгүн болуп жаткан маданий иш-чаралар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда болуп жаткан туура саясаттын жыйынтыгы деп ойлойм. Элдин көп жылдар бою күткөн үмүтү, арзуусу ишке ашып жатат. Ошонун арасында Өзбекстандын маданият күндөрү Кыргызстанда өтүп жатканы  мени кубандырат. Мына азыр бул залда эл батпай, туруп көрүп жатат. Бул өтө жагымдуу көрүнүш. Демек, кыргыздардын өзбек калкын жакшы көрө тургандыгы, Кыргызстанда өзбек маданиятын баалай тургандыгынын далили. Менимче дүйнөдө бири-бирине окшош элдер көп болушу мүмкүн. Бирок, өзбек менен кыргыз элиндей тили да, дини да, маданияты да жакын калктар жок болсо керек. Мына бүгүн да эки элдин достугу байкалып, чек арадан өткөндө дагы биз чет өлкөдө эмес, өзүбүзгө жакын бир шаардан бир шаарга өткөндөй эле болдук. Эч кандай кыйынчылык сезилген жок. Астанадан киргенден башталган кыргыз элинин меймандостугу, бизге көрсөткөн мамилеси кыргыздардын өзбектерге болгон сый-урматынын жогору экендигин билдирет. Мында албетте мамлекет башчылардын салымы чоң, алардын туура жүргүзгөн саясаты деп айтсак болот. Бул эки элдин жүрөгүндө көп жылдан бери турган чоң оору болуп келген. Биз мындан ары маданият жаатында да кызматташтыкты чыңдоого эки тарап келишип алдык. Эми өзбек өнөр адамдарынын кыргыз сахналарында, кыргыз өнөр адамдарынын өзбек сахналарында концерттерин уюштуруу боюнча көп жакшы пикирлер ортого чыкты. Азыркы достуктун далили катарында мен жеке өзүмдүн атымдан, өзбек калкынын атынан 2018-жылы Кыргызстандын маданият күндөрүн Өзбекстанда өткөрүүнү убада кылам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргызстандык маданият кызматкерлерин Өзбекстанга чакырып кетмекчимин. Анткени сиздердин чыгармаларды да өзбек эли сагынган.

IMG_6680Концертте 100дөн ашык өзбек искусство чеберлери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Анын ичинде эл артисттери Самандар Алимов, Зулайхо Бойхонова, Муножот Юлчиева, Ойгуль Нодирова, Райхон Ганиева, Мухсимжон Муминов жана башка белгилүү чыгармачыл инсандар жана топтор бар. Эл сагынып күткөн концерттин алкагында бир гана өзбек элдик ыр, бийлери эмес, кыргыздын элдик жана классикага айланган чыгармалары дагы жаңырды. Маселен, «Сары-Ой» элдик ырын бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Шерзод Набиходжаев аткарды. Анын айтымында, бул ырды эки элдин достугун чыңдоо максатында ырдаган. Ырчынын репертуарында 30дан ашык тилде чыгармалар бар. Бирок, алардын ичинен «Сары-Ой» өзгөчө орунду ээлейт, — дейт  Шерзод Набиходжаев.

IMG_6674— Бүгүн өзүңүз көрүп тургандай жогорку деңгээлдеги жакшы маданий иш-чара, Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү болуп жатат. Бул концертке катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Концертте мен кыргыз элдик ыры «Сары-Ойду» аткардым. Бул чыгарманы 2016-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Өзбекстанда өткөн саммитинде биринчи жолу аткаргам. Менин аткаруум көпчүлүккө жаккандыктан, бир топ жерлерге чакырып, көп сахналарда, гостролдорго чыкканда ырдап жүрөм. Чыгарманы биринчи укканда эле мага жаккан, ошондой эле, менин ырдоо манерам туура келгендиктен, мага сунуш кылышкан. Бул ыр эки элдин достугун бекемдөөгө чоң өбөлгө болду деп ойлойм. Албетте, мен өзүм өзбек болгондуктан, кыргыз тилинде так жана туура ырдоого аракет кылдым, ошондуктан, эл тарабынан жакшы кабыл алынууда. Мактангандай болбоюн, менин репертуарымда 30дан ашык тилде аткарылган чыгармалар бар, алардын ичинен кыргыз тили оңоюраак, анткени, маданиятыбыз, тилибиз, турмуш шарттарыбыз окшош. Бизди бекеринен бир тууган элдер деп айтпайт. «Сары-Ойду» Өзбекстанда дагы, гастролдордо дагы аткарып жүрөм, бул ыр репертуарымдагы чыгармалардын эң маанилүүсү десем болот.

Мындан сырткары, Өзбектстандын Эл артисти Зулайхо Бойхонова Абдыжапар Эгембердиевдин сөзүнө жазылган Алымбек Коробаевдин «Тумарым» аттуу чыгармасын аткарды.

IMG_6606Чындыгында концерт көрүү үчүн келген эл филармониянын залына батпай калды. Алардын маанайынан дагы кыргыз-өзбек мамилесинин чейрек кылымдан кийин кайрадан жанданып жатышы чоң кубаныч тартуулап тургандыгын жана  сагынычты  байкоого болот. Алар, өзгөчө өзбек улутундагы жарандар эки өлкө башчыларына терең ыраазычылыктарын билдирип кайышты.

Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 7-октябрда Ош шаарында уланды. Анда өзбек тасмалары «Сейтек» кинотеатрында көрсөтүлүп, өзбек өнөрпоздорунун концерти Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында тартууланды.

Ал эми, Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүн 2018-жылы өткөрүү пландалууда.

Comments are closed.