Шашылыш кабар:

Абдыжапар Бекматов: Бюллетендер күнү-түнү кайтарылат

Октябрь 4, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
170

DSC_0996

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрда «Учкун» басмаканасында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактык шайлоо комиссиялары үчүн бюллетендерди жөнөтүү актына кол койду. Президенттик шайлоого байланыштуу 3 млн 31 миң 811 бюллетень даярдалган. Анын 2 млн 461 миң 219 мамлекеттик тилде, ал эми 570 миң 592 расмий тилде.

Биз «Күн чабыт» программасында бюллетендерди жеткирүүдөгү коопсуздук маселеси жана башка суроолорго Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдон жооп алдык.

Марал: Абдыжапар мырза 3-октябрда Жалал-Абад облусуна – 544 795, Ош облусуна– 588 948, Баткен облусуна – 243 263 бюллетень жиберилген экен. Эми калган облустарга бюллетендер качан жөнөтүлөт?

Абдыжапар Бекматов: Биздин (ред: БШКнын) календарлык пландын жана Конституциялык мыйзамдын негизинде шайлоо күнүнө 10 күн калгандан кеч эмес биз аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин жана шайлоо документтерин жеткирип беришибиз керек. Бүгүн Чүй, Нарын, Баткен облустары жана Бишкек шаары үчүн  даярдалган бюллетендерди жөнөтөбүз.

Марал: Бюллетендерди жеткирүүдө жана аларды аймактык шайлоо комиссияларында сактоодо коопсуздук сакталган деп ишендирип жатасыздар. Бирок, ошол эле учурда кандайдыр бир тобокелчиликтер барбы?

Абдыжапар Бекматов: Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоо бюллетендери, протоколдор тыкыр текшерилүүчү документтер. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү администрациялар менен сүйлөшүп бардык механизмдер иштелип чыккан. Бюллетендер УКМКнын, ИИМдин кызматкерлеринин көзөмөлүндө жеткирилип, аймактык шайлоо комиссияларынын атайын бөлмөлөрүндө милициянын көзөмөлүндө сакталат. Шайлоо күнүнө 3 күн калганда, башкача айтканда 12-октябрдан кеч эмес ар бир шайлоо участкаларына шайлоочулардын санына жараша бюллетендер жеткирилип берилет.

Марал: Демек бюллетендер күнү-түнү кайтарууда болот экен да?

Абдыжапар Бекматов: Албетте. Бул жакта (ред: Учкунда) жасалып жатканда дагы күнү-түнү кайтарууда болду. Жеткирилгенден кийин аймактык шайлоо комиссияларында, андан соң участкалык шайлоо комиссияларына алынып баргандан кийин ал жерде да элдин санына жараша 2-3төн 7-8ге чейинки ИИМдин кызматкерлери күнү-түнү көзөмөлдөп турат.

Марал: Президенттик шайлоого байланыштуу 3 млн 31 миң 811 бюллетень даярдалган экен. Шайлоодон кийин ашып калган бюллетендер канча убакытта жана кандай негизде чогултулат?

Абдыжапар Бекматов: Добуш берүү аяктагандан кийин эле добуш берүүдө иштетилген бюллетенден сырткары ашып калган шайлоо баракчаларын урнаны ачпай туруп, алардын бурчун кесип салуу менен жокко чыгарылат. Андан соң аймактык шайлоо комиссияларындагы шайлоонун натыйжасы аныкталганга чейин ошол жерде сакталып турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *