Шашылыш кабар:

Бишкектеги театрлардын жаңы сезондорунун ачылышы жана репертуарлары…

Октябрь 3rd, 2017 | by Каныкей Бозгунова
Бишкектеги театрлардын жаңы сезондорунун ачылышы жана репертуарлары…
Улут уюткусу
0

«Улут уюткусу» уктуруусунун бул чыгарылышында Бишкек шаарындагы театрлардын жаңы сезондорунун ачылышы жана репертуарлары тууралуу маалымат бердик.

2016-03-01_10-28-00_724630


Маданият – бул мамлекеттүүлүктүн өзөгү деп айтабыз. Анын ичинде театр адамды руханий жактан азыктандырып, тарбиялоодо зор мааниге ээ. Тилекке каршы Кыргызстандын акыркы 25 жылдык тарыхында  театрларга болгон элдин мамилеси салкындап, өз көрүүчүлөрүн дээрлик жоготуп алган.

Кудай жалгап 2016-жыл президент тарабынан өлкөдө «Тарых жана маданият» жылы, ал эми 2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыяланып, бир топ алсырап калган маданият тармагы бир аз жанданып, элдин дагы мамилеси өзгөргөндөй болду. Азыр шаар жеринде театрга барууну каалагандардын саны да арбып бараткандыгы байкалууда. Мындан улам Бишкек шаарындагы театрлардын жаңы сезондогу репертуарлары тууралуу кенен маалымат берүүнү туура көрдүк.

Алгач кыргыз маданиятынын флагманы аталган Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына бардык. Аталган театр быйыл мааракелик сезонун ачууга камданып жатыптыр. Анткени, бул маданият очогунун түзүлгөндүгүнө быйыл 75 жыл болду. Сезон 14-октябрда «Айчүрөк» операсы менен ачылат. Аны менен катар ушул убакытта Болот Миңжылкыев атындагы 3-эл аралык опера искусствосунун фестивалы дагы башталаарын Опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов билдирди.

5b97bcd97c4c2604b360a87f6ee6312b— Быйылкы жаңы сезонубуз мааракелик болуп саналат. Анткени, биздин театрга 75 жыл болду. 1942-жылы 12-августта Фрунзе шаарында Опера жана балет театрын түзүү боюнча буйрук чыккан. Өзүңүздөр билгендей, учурда театрдын ичинде дагы, сыртында дагы ремонт жүрүп жатат. Ошондуктан, биз сезонубузду 14-октябрда «Айчүрөк» операсы менен ачабыз. Сезондун ачылышы менен эле Болот Миңжылкиев атындагы 3-эл аралык опера искусствосунун фестивалын өткөрөбүз. Анда фестивалга келген коноктордун спектаклдери тартууланат. Маселен, 16-октябрда А.Бородиндин «Князь Игорь» операсы болот. Анда Моринск театрынын солисттери ырдашат. 18-октябрда Джузеппе Вердин «Травиата» спектакли болот. Аны Казакстандан келген артистер аткарышат. Ал эми, 20-октябрда Джузеппе Вердин «Аида» деген чоң спектаклин Ташкенттен келген дирижердун башкаруусунда Санкт-Петербургдан келген солисттер коюшат.  22-октябрда фестиваль жабылып, 75 жылдык мааракеге арналган чоң гала-концерт болот. Ага фестивалга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Орусиядан келген солисттер катышат.

27-октябрда «Жизель» балети, 29-октябрда «Лебединое озеро» болот. Аталган балеттердеги башкы ролдорду 75 жылдыкка карата Москва шаарынан келген солисттер бийлешет. Андан ары биздин театрдын иши өз нугунда уланат. Жыл бою жумасына 3-4 спектакль коюу пландалган. Жумасына балдар үчүн бир, чоңдор үчүн үч спектакль коюулуп турат.

Учурда Опера жана балет театрында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына карабай сезонго кызуу даярдык көрүлүүдө. Ошондой эле, ишти аксатып жаткан жагдайлар дагы жок эмес. Алардын бири көрүүчүлөрдү тартуу үчүн театрдын ишмердүүлүгүн жарнамалоо болуп саналат. Мындан улам көбүнчө жогорку окуу жайлары, мектептер менен иштешүүгө туура келет. Колдон келген аракеттин аркасы менен бүгүнкү күндө көрүүчүлөрдүн саны мурунку жылдарга салыштырмалуу 2-3 эсе көбөйүп калгандыгын Болот Осмонов кошумчалайт.

Бишкетин борбордук бөлүгүндө жайгашкан дагы бир маданият очогу- бул Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры болуп саналат. Бул театр өзүнүн 91-театралдык сезонун 3-октябрда баштайт. Сезон салт болуп калган Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектакли менен ачылат. Быйылкы жылкы сезондогу өзгөчөлүк жана жаңылыктар тууралуу аталган театрдын директору Назым Мендебаиров буларга токтолу.

image (1)— Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 3-октябрда 91-театралдык сезонду ачалы деп турабыз. Эгер угармандардын эсинде болсо, 1926-жылы биринчи театралдык студия ачылган. Башкалар сыяктуу эле бизде дагы 1982-жылдан бери Жалил Садыковдун калемине таандык «Манастын уулу Семетей» спектакли менен сезонду ачуу салтка айланып калган. Бул чыгарма убагында легендага айланып, далай кишини ыйлатып, кол чаптырып, жалпы кыргыздын патриоттук сезимин ойготкон чыгармалардын бири десем жаңылышпайм. Аны биздин карифейлер болгон Жалил Абдыкадыров жана Бообек Ибраев деген режиссерлор койгон.

   Андан ары биздин сезонубуз репертуардагы «Тумар ханыша», «Саманчынын жолу», «Коркут ата», «Ажал менен таймаш», «Көздөн учкан Ата Журт», «Торостук зөөкүр», «Шанель айым», «Үйлөнүү», «Күйөө бала» деген спектаклдер менен уланат. Албетте, жаңы сезондо жаңы спектаклдерди чыгарабыз. Бул «Рамаяна» аттуу Индия элдик эпосунун негизиндеги спектаклди коебуз. Ошондой эле, ушул сезондун жаңылыгы десем болот, жаз айларында Англиядан Сара Бергер деген Европадагы атактуу режиссер айым келет. Ал У.Шекспир ачкан театрда иштейт. Быйыл У.Шекспирдин 450 жылдыгы. Ошонун алкагында ал Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанды тандап алып, Ош шаарындагы өзбек театрына бир спектакль койду. Эми биздин театрга бир спектакль кыргыз жана англис тилдеринде коюлат. Андан соң биз дагы Лондонго гостролдоп барабыз. Ушундай жакшы тилектер менен сезонду ачалы деп турабыз. Балким, кээ бир колубуз, көзүбүз жетпей калган, же кол жеткен жерге акча жетпей калган жерлери болот. Бирок, театрдын негизги элге бере турган нерсеси – бул спектакль болгондуктан, жакшы спектаклдерди койгонго аракет кылабыз.   

Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында спектаклдер жуманын 2-3-4-5-күндөрү коюлуп, кечки саат 6да башталат. Көрүүчүлөрдүн эсине сала кетүүчү жагдай быйыл аталган театр спектаклдер үчүн билет баасын 100 сомдон 200 сомго көтөрдү. Себеби, билет баасы 100 сом десе театрды олуттуу кабыл албагандар дагы бар, — дейт Назым Мендебаиров.

   Ал эми, көрүүчүлөрдү театрга тартуу үчүн заман талабына жараша репертуарды жаңылап туруу зарылчылыгы бар. Бул маселе келип эле акча каражатына такалаарын Мендебаировкошумчалады.

Борбор калаадагы Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры 28-сезонун 30-сентябрда ачты. Аталган театрда СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын өмүр жолуна арналган Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» спектакли менен сезонду ачуу жана жабуу салтка айланып калган. Быйылкы жылдын эсебинен репертуар 4 жаңы спектакль менен толукталаарын театрдын жетекчиси Эгемберди Чалабаев айтат.

image (2) — Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры биздин театрдын жүзү болгон, биз ысымын алып жүргөн Бакен эжебиздин турмуш-тагдырына арналып жазылган «Талант жана тагдыр» спектакли менен ачтык. Ар бир сезонду ушул чыгарма менен ачуу жана жабуу бизде салтка айланып калган. Азыр биздин театрда ремонт жүрүп жатат, эгер, ал бүтүп кала турган болсо, сезонду жаңы премьера Р.Оторбаевдин «Күзгүнүн сыры» спектакли менен улантабыз. Жалпысынан быйыл биздин репертуар 4 жаңы спектакль менен толукталат. Ал эми, октябрь айында «Жер төлөнүн периштелери», С.Акматовдун «Келиндер козголоңу», М.Байжиевдин «Он эки күн», «Үч кемпир», «Көрүстөн периштеси», М.Мамазаированын «Аппак аял айдай кыз» спектаклдери менен улантабыз. Бүгүнкү күндө биздин репертуарда баш-аягы 14 спектакль бар. Жаңы жылга чейинки пландарыбыз ушундай. Ал эми, кийинки жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жаңы чыгарманын үстүндө иштеп жатабыз. 

Жаш көрүүчүлөр театрында премьераларга 200 сом, мурда коюлган спектаклдерге 100 сом, студенттер үчүн 70 сом болсо, балдарга 50 сом менен кирүүгө болот.

4-октябрь күнү Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театры өз күйөрмандарын жаңы сезондун ачылышына чакырат. Бул жылы театр өз репертуарын Шаршен Термечиковдун 120 жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган спектаклдер менен толуктоону пландап жатат. Ошону менен катар, мааракеге карата куудулдар фестивалы өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Бирок, театрдын жеке имаратынын жоктугу ишке кедергисин тийгизип, өз учурунда көрүүчүлөрдү жоготуп алууга шарт түзүлүп калып жаткандыгын театрдын директору Орозбек Айдаров айтат.

image (3)— Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театры жаңы сезонду 4-5-6-октябрда баштайбыз. Быйыл Ш.Термечиковдун 120 жылдыгы, аркы жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет. Мына ушул мааракелерге карата өзүбүздүн репертуарыбызды ылайыктап жатабыз. Ч.Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестинин негизинде жазылган Тыныбек Сыдыковдун сценарийи менен спектакль даярдадык. Ушул спектаклдин премьерасы менен сезонду ачсакпы деп турабыз. Аны М.Жангазиев атындагы куурчак теарынын сахнасында коебуз. Негизинен биздин репертуарда 15тен ашуун спектакль бар. Бирок, аларды стационар кылып өзүбүздүн сахнада ойнобогондуктан, эскирип, айрым спектаклдер репертуардан алынып калып атат. Өзүбүздүн имаратыбыздын жоктугу биздин мүмкүнчүлүгүбүздү абдан чектеп жатат. Бул маселе боюнча министрликке кайрылганбыз. Эгер, ал чечилип кала турган болсо, биздин репертуар толук кандуу элге тартууланат деген ойдо турабыз. Мындан сырткары, Чүй, Ысык-Көл облустарына гостролдоп, чыгармаларыбызды тартуулайлы деген планыбыз бар. Сезонубузду ачкандан кийин Ш.Термечиковдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү Өкмөттүн токтомунун негизинде куудулдардын чоң фестивалын өткөрсөкпү деп жатабыз. Өзүбүз болсо, Жалил Садыковдун Ш.Термечиков жөнүндөгү «Күйөө жолдош» деген спектаклин коебуз. Ал эми, ноябрь айында дагы спектаклдин бет ачаарын кылабыз.

Башкалардан айырмаланып Муса Жангазиев атындагы куурчак театры жаңы сезон ачылаары менен эле жер-жерлерге гостролго чыгып кетишти. Учурда театрдын артистери калаадагы мектеп, бала бакчаларды жана өлкө аймактарын кыдырып балдарга оюндарды көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу аталган театрдын көркөм жетекчиси Ильич Касымбековбилдирди.

1022378823 Биз быйыл 24-сентябрда 79-сезонубузду ачтык. Анда балдар үчүн 40 мүнөт оюн уюштуруп, 40 мүнөт спектакль койдук. Сезонду «Шайыр светофор» деген спектакль менен баштадык, себеби, учурда бардык жерлерде «Абайлагыла бардар!» деген рейддер жүрүп жатат. Азыркы учурда бул оюн шаардагы мектеп жана бала бакчаларга күнүгө коюлуп жатат. Ал эми дагы бир топ Казарманда гостролдоп жүрөт. Октябрдын орто ченинен баштап жаңы жылдык оюндарга даярдык көрө баштайбыз. Биз буга эки ай мурда даярданабыз. Учурда сценарийлерге сынак жарыяладык. Кийинки жумадан баштап балдарды театрга чакырабыз. Анда «Каркыранын канаты» деген спектаклди коебуз. Андан ары ар бир жекшемби күн сайын орус жана кыргыз тилдеринде саат 11.00дө жана 12.00дө бирден оюн коюп турабыз. Эл дагы ушуга көнүп калган.   

Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе Куурчак театры жылына 500дөн ашык оюн коюп, 30 миңге чукул көрүүчүлөрдү топтой алат. Мурдараак жалаң гана орус тилиндеги спектаклдер коюлса, учурда репертуар кыргызча оюндар менен дагы толукталып, көрүүчүлөр арбып бараткандыгын Ильич Касымбеков кошумчалады.

Мындан сырткары, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орус драма театры жаңы театралдык сезонун 30-сентябрда ачты. Анда балдар үчүн «Христаль жүрөк», чоңдорго арналган «Падышанын мыкты чабандеси» спектаклдери коюлду. Ал эми, мамлекеттик «Учур» жаштар театры Мурза Гапаровдун «Сафед Булан» спектакли менен 23-октябрда өз ишин баштайт. Ошондой эле, Кыргыз мамлекеттик цирки улгайган адамдардын күнүнө карата «Карысы бардын ырысы бар» аттуу оюну менен 29-сентябрда жаңы сезонун ачты.

Борбор калаадагы бардык театрлардагы чоңдор үчүн спектаклдер кечки саат 18.00гө белгиленген. Эгер сиз театрлардын репертуарлары тууралуу кенен маалымат алып, же билеттерди үйдө отуруп интернет аркылуу сатып алууну кааласаңыз www.ticket.kg сайтына баш багыңыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache