Шашылыш кабар:

Депозит: Акчаны банкта сактоонун жол-жобосу

Октябрь 2nd, 2017 | by Nargiz Bayomurоva
Депозит: Акчаны банкта сактоонун жол-жобосу
Эколикбез
0

Сом 5 мин

«Марал» радиосу жана Улуттук банк биргеликте «Эколикбез» программасын  сунуштайт. Аталган программанын алкагында финансылык тармакка байланышкан бардык  суроолорго Улуттук банктын адистеринен жооп алабыз. Бүгүнкү программа Депозит тармагына арналат. Депозит б.а банктык салымдар тууралуу Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын көзөмөл методологиясы бөлүмүнүн инспектору Муратов Акылбек менен маектешебиз.

Марал:  — Акылбек мырза, акыркы 10,15 жылдын ичинде коомдо инфляция, кредит, банкрот деген сыяктуу терминдер пайда болду. Анан албетте, депозит деген түшүнүк да кеңири тарады.

Айтсаңыз, депозит деген эмне?

М.А :- Банктык салым (депозит) — бул, сактоо жана киреше алуу максатында жеке же юридикалык жактар банкка салган улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары.

Салымдардын түрлөрү болот, алар:

Банктык аманаттар (депозиттер) пайыздык жана пайызсыз болушу мүмкүн. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер келишим шарттарына жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:

— талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер;

— мөөнөттүү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер;

— кайтаруунун башка шарттарындагы аманаттар боюнча эсептер.

  • Талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп — бул, жеке адам же юридикалык жак тарабынан талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулган, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн каралган эсеп.
  • Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп — бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар мөөнөттүү банктык аманат келишими боюнча белгилүү убакыт ичинде чегерилген пайыздар боюнча киреше алып келүүчү акча каражаттарын чегерген эсеп.

2017-жылдын 22-июнундан баштап, банктык салымдардын түрлөрү кайтаруунун башка шарттарындагы аманаты менен толукталды. Ушул салым боюнча банк түзүлгөн келишимде белгилүү бир жагдайлардын (окуялардын) келип жетишинде (келип жетпешинде) ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөгө жана аманаттарды кайтарууга милдеттүү дегенди түшүнүүгө болот.

Марал: — Депозитти ачуудан мурда, кардар эмнелерди билүүсү шарт?

М.А: -Биринчиден депозитти ачуу максатына карата ушундай депозиттик продукту бере турган банктардан клиенттер пайыздарды жана мөөнөттөрдү салыштырып өзүнө ылайык депозитти тандоого зарыл. Мындан ары, клиенттер банктык аманаттын келишиминин шарттарын карап чыгыш керек.

Марал: — Кантип көп пайдалуу жана аз тобокелдикти талап кылган  сунушту тандап алса болот?

М.А: — Депозитти ачканда банкты тандоо үчүн клиенттер пайыздарды жана мөөнөттөрдү салыштырып, өзүнө ылайык депозитти тандоого зарыл. Мында банктык система жана банктардын кызматы тууралуу ар кандай пайдалуу маалыматты жайгаштырган финансылык порталдар (akchabar.kg, bankir.kg) клиенттерге жардам болуп берет. Ушул сайттарда ар бир банктын депозиттердин шарттарын бири бири менен салыштырып, клиенттер эң ыңгайлуу депозитти тандап алышат.

Мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу максатында клиенттер банк жөнүндө жана анын репутациясы жөнүндө маалыматты карап чыгуу зарыл.

Марал: — Депозитти сактоо системасына токтоло кетсеңиз?

М.А: — Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасын каржылык жактан калктын социалдык-аялуу катмардарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн белгиленген. Депозиттерди коргоо система боюнча суроолорду жөнгө салуу үчүн 2008-жылында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.

Депозиттерди коргоо системасы кепилдик учуру келгенде бир клиентке карата 200 миң сом зыяндын компенсация берүү менен банктардын аманатчыларын коргоого жана бүтүндөй каржы тутумунун туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган.

Марал: — Эгерде банк банкрот болсо аманатчыга кандай кепилдиктер каралган?

М.А: — Кепилденген депозит – бул Депозиттерди коргоо системасынында катышкан банктын жеке адамдын ар кандай банктык эсеби же депозити. Банк банкрот болгондо ушул Мыйзамга ылайык депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга баарысы 200 миң сомдон көп эмес компенсация төлөнүп берилет.

Чет өлкөлүк валютада кабыл алынган аманаттардын суммасы аманатчыга кепилденген учур келген күнгө карата Улуттук банк белгилеген курс боюнча улуттук валютада төлөнүп берилет.

Компенсацияларды төлөп берүү кепилденген учур келгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен башталууга тийиш.

Марал: — Улуттук сом депозит салуу ыңгайлуубу же чет элдик валютадабы?

М.А: — Клиенттер акчаларын сактоонун максатына карата гана ушул суроого бир жооп менен айта албайбыз..

Банктык эсептер улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында ачылышы жана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Клиенттердин бизнеси, операциялары же эсептери чет өлкө валютасына тийиш болсо, аларга депозитти ылайык валютасында ачууга пайдалуу. Клиенттер кандайдыр сатып алуу жүргүзүү  үчүн акчаны сактоо жана топтоо максаты менен депозитти ачканда, алар улуттук валютада ачылышка пайдалуу.

Марал: — Аманатка берилген каражатты келишимден корсотулгон мөөнөттөн мурда алса болобу?

М.А: — Бул маселе банктык аманат боюнча келишимде белгиленет.

Эгерде клиент мөөнөттүү банктык аманаттын (депозит) акчасын белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин же келишимде көрсөтүлгөн башка жагдайлар болгонго чейин эле алып кетсе, ал боюнча пайыздар, эгерде келишимде кыйла жогорку пайыздар каралбаса, банк тарабынан талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттарга ылайык төлөнүп берилген пайыз өлчөмүнө дал келген өлчөмдө төлөнүп берилет.

Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча банктык аманаттын (депозиттин) негизги суммасына бөлүп-бөлүп кошумча салууга жана банктык аманат (депозит) келишимине ылайык аманаттын (депозиттин) негизги суммасынан алууга жол берилет.

Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Наргиза Байөмүрова.

Comments are closed.