Шашылыш кабар:

Бекбосун Бөрүбашев: Исаевге укуктук, саясий баа берилиши керек

Октябрь 2, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
255

85900w660h490croplr

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Канатбек Исаев өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп шектелип кармалды. Ал бул үчүн уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен кызматташып, каржылык колдоо көрсөткөн деген видеотасмалар дагы тарады. Ал бул иштерди президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодо утулуп калса ишке ашырмак деп айтылууда. Деген менен ажолукка ат салышып жаткан Бабанов депутат Исаевдин камалышын бийликти жактаган күч органдарынын иши деп жатат.  Ушул теманын алкагында юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев менен “Күн чабыт” программасында маек курдук.


Президенттик шайлоонун алдында депутат Канатбек Исаевдин кармалышы боюнча албетте, укук коргоо органдары өз баасын берет, бирок коомчулукта өлкөнү дестабилдештирүүгө алып келген аракеттер болот деп айтылып жатат, ушундай коркунуч барбы? 

Андай коркунуч бар. Анткени, Канат Исаевдин иши бүгүн эле пайда болуп калган жок. Объективдүү алып караганда, Кыргызстанда бийликти алуунун эки жолу гана калды, акчаң болсо сатып аласың, күчүң болсо басып аласың. Мына 2005-2010-жылдагы окуяларды, Элдик парламенттин туш болгон тагдырын, бүгүнкү Канат Исаевдин жагдайын карап көрсөк ошого эле алып келип жатат. Мен Исаевди жактайын деген оюм жок. Укук коргоо органдары, айрыкча Башкы прокуратура менен УКМК бул боюнча так баасын берип, аны коомчулукка айтышы керек. Исаевге тагылып жаткан берене өтө оор берене, ошондуктан муну далилдеши керек.

Экинчи жагынан өлкөдөгү шайлоо системасын кайра карап чыгыш керек. Анткени шайлоо Кыргызстанда демократияга негизделбей эле акчалуулар менен аткаминерлердин күрөшү болуп калды, муну коомчулук көрүп турат. Мисалы, административдик ресурсту талапкерлердин баары эле колдонуп жатат. Ошол эле убакытта акча таратып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын да көрүп жатабыз. Мунун аягы жакшылыкка алып келбейт.

Шайлоонун алдынан абал ушундай болуп жатат, эгер шайлоо таза өтпөсө абал курчуп кетээри да кеп болууда. Чыны менен ушундай болушу мүмкүнбү?

Шайлоо өткөндөн кийин жагдай курчуп кетиши мүмкүн. Мисалы, тарыхка кайрылсак, буга чейинки 2005-2010-жылдагы окуялар көрсөтпөдүбү. Элдин ачуусуна тийип коюп, бийлик өзүнүн каалаганын кылып, бийликти олигархтар сатып алса, абалдын курчуп кетишине эле барабыз. Азыр президенттик шайлоодогу тиреш эки талапкер арасында гана жүрүп калды, экөө тең ката кетирип жатат, эгер аша чаап кетишсе, кыргыз эли адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн эл, чыгып кетиши мүмкүн, муну ачык эле айтыш керек. Азыркы бийлик да бир убакытта кандай жол менен келгенин унутуп калыштыбы? Ошондуктан этияттык менен мамиле кылыш керек.

Таза шайлоо өткөрөлү деген ар кандай күчтөр бар, алардын башында Феликс Кулов, Роза Отунбаевалар жүрөт. Бирок, таза шайлоо үчүн алгач таза шайлоо ситстемасын киргизиш керек болчу, аны киргизе алышкан жок. Алар бийликте турганда өздөрүнүн абалын бекемдеш үчүн иштеп жаткан шайлоо ситсемасын күчөтүшкөн. Ал бумеранг болуп кайра баштарына тийип, кооптуу абал түзүлүп жатат. Акыркы убакта укук коргоо органдары өтө чечкиндүүлүк менен иштеп жаткандай сезилип жатат, бирок ошол эле учурда бийликтин талапкеринин талабын талашып үгүт ишин өткөрүп жаткандар кызмат абалын пайдаланып жатышат, дин адамдары аралашып жатат, ошолорго да каршы чара колдонуу керек, ошондо адилеттүү болот.

 Канатбек Исаевдин кармалышы тууралуу жагдайга кандай баа берилиши керек?

Эң биринчиден, Канатбек Исаев кыргыз жараны, Жогорку Кеңештин депутаты, фракция лидери болгон. Эгер ушундай кине коюлуп кармалгандан кийин укук коргоо органдары укуктук баа бериши керек. Ал эми коомчулук моралдык баасын, саясатчылар саясий баасын бериши керек. Саясатчылар эмне үчүн ушундай абалга келип калдык, саясий күрөш болбой эле бийликтин, байлыктын күрөшү болуп калды деген суроолор үстүнөн ойлонушу керек. Бүгүн чыга калып кыйкырып жатышат, таза шайлоо өткөрөбүз деп, ал үчүн таза демократиялык системаны түзүү керек болчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *