Шашылыш кабар:

А.Мадумаров: Конокто саясатты көп сүйлөйм

Сентябрь 30, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
1142

«Саясаттын сырткары» программасынын бул чыгарылышынын коногу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрам Мадумаров.  Мадумаровдун саясат сыртындагы жашоосу жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен таанышыңыз.

Акрам  Мадумаров  Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун  Кара-Дөбө айылында 1977-жылы 29-июнда  төрөлгөн. Константин Скрябин  атындагы Кыргыз улуттук агрардык окуу жайын, андан кийин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академиясынын «Эл аралык мамилелер» боюнча адистигине ээ болгон. Биология илимдеринин кандидаты. Эмгек жолу агрардык академиясында башталган. 2006-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин  иш башкармалыгынын  өндүрүштү жана протоколдук  иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти. 2013-2017-жылга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болду. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын  Президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип, учурда мамлекеттик  кадр кызматын жетектейт. Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Кадамжайда спорт клубун негиздедим

Кичинекей кезимден спортко абдан кызыгам. Спорттун бардык түрлөрү боюнча машыктым. Жеңил атлетика,  кошумча бокс менен 3,5 жыл алектенип, республикалык деңгээлдеги мелдештерге чейин жеттим. Ошол эле учурда футболго да жакынмын. Ошондуктан дүйнө, Европа чемпионаттарын түнкү саат 1-2ге чейин болсо дагы аябай кызыгып көрчүбүз. Мезгилинде  «Динамо Киев» деген,  кийин Орусиянын футбол командаларынын оюндарын өткөрчү эмеспиз. Азыр  дагы ошол нерсе мага  калыптанып калганбы…. Айтор  чемпионаттарда Орусиянын командаларына жан үрөп турам.  Ал эми биздин футбол командалары жөнүндө айтсам. Азыркы учурда биздин футбол командалары жакшы өнүкпөй жатат. Бул биздин экономикага байланыштуу нерсе. Ошентсе дагы «Алай» командасын колдойм.

Кадамжай районунда дагы  атайын жаштардын арасында «Исфайрам» деген футбол клуб түзүп, азыркы учурда  ал клубдун президентимин.  Колумдан келишинче материалдык жактан жардам берип, кээде жаштарга колдоо көрсөтүп турам. Клубдун футбол аянтчасы бир гана Баткенде эмес, республика боюнча эң мыктылардын катарына кирген.

Акимден ак үйгө жоопкерчилик сапатым  менен жеттим

1502098232

Мен ойлойм кайсы бир адам кызматка көтөрүлөбү же кандайдыр бир ийгиликке жетишеби, мунун баары кудайдан.  Алла Тааланын  буйругу. Экинчиден албетте, адамдын өзүнө дагы тиешелүү болчу нерсе.  Ал үчүн адамда жакшы сапаттар болушу керек деп эсептейм. Мамлекеттик кызмат болобу же ишкердикпи мунун баарынын артында  талыкпаган эмгек жатат.  Ошондуктан эмгектениш керек. Адам өзү менен өзү ар дайым  иштеп, өстүрүп турушу  зарыл. Аны менен бирге адам таза болушу керек. Жүрөгүндөгү ниети түз болсо гана кудай ал адамды дайыма колдойт.

Ак үй биздин мамлекеттик бийликтин эң чоң ордосу десек туура болот. Ошондуктан кандай гана кызматта болбо, бул чоң жоопкерчилик. Аны дайыма сезе билүү керек. Бирок албетте райондун жетекчиси болуу дагы чоң бир жоопкерчилик. Бүткүл райондун жашоочулары акимдин мойнунда. Өзгөчө Кадамжай  району чек арага жакын аймак. Чек ара маселелерине өзгөчө көңүл бурууга туура келет.   Ошондуктан ак үйдүн дагы өзүнө жараша түйшүк, аймакта дагы өзүнчө түйшүк бар.  Бул жерде эң негизгиси жоопкерчиликтүү болууга тийиш.

Конокто саясатты көп сүйлөйм

ab3d19ca-540b-4286-b055-b9d7f6adf220

Өзүм ачык эле адаммын. Бирок жеке турмуш, үй-бүлөнү жумушка аралаштыргым келбейт. Өз-өзүнчө кетиши керек деп эсептейм.

Конокко көп барганды дагы  жактырбайм. Айрыкча акыркы жылдары жумуштун көптүгүнөн көп чарчайм. Достор менен отурганда деле тынч түз жүрөм.  Маданиятка таптакыр шыгым жок.  Бирок кайсы жерге барбайын менден саясатты сурашат.  Ал жерден мүмкүн болушунча туура маалыматты жеткирүүгө аракет кылам. Себеби биздин элибизге, коомубузга  туура багыт берүү бул биздин милдет.

Дипломат болуу кыялыма кеч жеттим

9c64ffa5-41b1-49bf-8495-e6d89bbe0c69

Кичинекей кезимде дипломат болом деген максатым бар болчу. Ал учурда 1994-жылдын 15-июнга чейин гана экзаменди өткөрүшчү. Бирок кудайдын буйругу менен  айыл чарба академиясына тапшырып калдым. Ошол жерден эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшырышым керек, деп аракет кылдым. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Бирок максатыма жеттим.  Окуу жайды бүтүп , 2006-жылы мамлекеттик кызматка келгенден кийин дипломаттык билимди алдым.  Ал жерди дагы ийгиликтүү аяктадым. Жумушум дагы эл аралык байланышка түздөн түз тийиштүү болуп калды. Буга алган билимимдин пайдасы көп тийди.

Ата-энелер чогулушуна өзүм барам

Студент болуп Бишкек шаарына келгенде жубайым менен тааныштым. Кийин экөөбүз баш коштук. Кудайга шүгүр төрт балалуу болдук.  Балдар менен чогуу болгонго, алардын билим алуусуна, колумдан келишинче мектептериндеги жыйындарга өзүм барганга аракет кылам. Себеби, биз азыркы учурда баланын тарбиясын мугалимдерден талап кылабыз. Бирок бала ата-эненики. Ошондуктан биринчи буга ата-эне кызыктар болушу керек. Балдардын жакшы болушу кичинекей кезинен болот. Жаманды да, жакшыны дагы ата-энеден үйрөнөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *