Шашылыш кабар:

Үгүт чыры, спорт чеберлеринин жеңиши

Сентябрь 30, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
52

Учурда өкмөт президенттик шайлоону өткөрүү үчүн кызуу даярдык көрүүдө. Ушул тапта өлкө аймагында шайлоо участкасы түзүлүп, алар заманбап жабдуулар, туруктуу электр энергиясы, үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылынган. Бул тууралуу парламентте вице-премьер-министр, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын башчысы Темир Жумакадыров билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоону таза жана жогорку деӊгээлде өткөрүү – негизги милдет.

—Алдыдагы шайлоону жаӊы заманбап технологиялардын жардамы менен уюшкандыкта өткөрүү аракети көрүлүүдө. Азыр өлкө аймагында штабдар түзүлүп, жергиликтүү бийлик органдарына президенттик шайлоону уюштуруу жаатында тапшырмалар берилди. Шайлоо участкаларында шайлоочулардын алдынала тизмеси илинди, эми шайлоочулар андан өз аты-жөнүн тактап алууга тийиш. Шайлоочулардын биометрикалык маалыматын чогултуу боюнча ыкчам топтор түзүлүп, биометрикалык паспортторду берүү иши улантылууда. Албетте, шайлоого даярдык көрүү жүрүшүндө айрым бир техникалык кемчиликтер да жок эмес, бирок азырынча кооптонууга негиз жок. Кетирилген кемчиликтерди жоюу багытында ыкчам чаралар көрүлүүдө. Ошентип, азырынча президенттик шайлоонун үзгүлтүккө учуроо коркунучу жок, коопсуздук менен коомдук тартип сакталат.

Т.Жумакадыров белгилегендей, өкмөт административдик ресурс колдонуу фактылары боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө. Шайлоого үгүт кампаниясы учурунда айрым талапкерлер тарабынан добуш сатып алууга каржылык ресурс байма-бай пайдаланылып жатканы айтылды. Ошондой эле шайлоо өнөктүгүнө терс таасир этүүчү ар бир жагдай, ар бир маалымат тыкыр көзөмөлгө алынып, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилип жатканын маалымдады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын башкы артыкчылыгы демократиялык негизде ачык-айкын өткөрүлгөн шайлоо өнөктүгү экенин белгиледи.

Анын маалыматында. дүйнө өлкөгө жогору баасын берип, акыркы шайлоолордун мыкты уюшкандыкта өткөнүн ачык айтып келишет. Андыктан, ушул багыттан тайбай, демократиялык чакырыктарды бекем карманган өлкө катары быйылкы президенттик шайлоону да татыктуу өткөрүп алуу керек.

-Туура эмес жол менен алдыга чыкканча, татыктуу жеңилип берген артык. Талапкерлер менен катар ар бир Кыргызстандын жараны өлкөнүн келечеги үчүн шайлоонун таза өтүшүнө өз салымын кошушу зарыл. Анткени бийликтин туткасы эл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт ишин жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун маалыматында күн сайын аларга «шайлоодо административдик ресурс колдонулуп жатат» деген жүйө менен үч, төрт арыз келип түшөт. Алар Боршайкомдун жумушчу тобунда каралып андан соң жалпы отурумга алынып чыгат. Анда түшкөн арыз талданып, негиздүү фактылар келтирилген болсо Башкы прокуратурага укуктук баа бүрүү үчүн жөнөтүлөт. Мына ушундай арыздын негизинде 26-сентябрь күнү Юридика академиясынын окутуучусуна иш козголгонун Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматкери Алманбет Абдраманов кабарлады.

КРнын Башкы прокуратурасы БШКдан келип түшкөн материалдарды карап чыгып, натыйжада КРнын Кылмыш жаза кодексинин 139-беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Окутуучуга Кылмыш жаза кодексинин 139- беренеси (шайлоо укуктарын ишке ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук жаратуу) боюнча иш козголду.

Буга чейин интернетке Юридикалык академиянын кызматкери студенттерди президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөп жаткан аудиотасмасы тараган. Ушундан улам «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы академиянын окутуучусу студенттерди Жээнбековго добуш берүүгө мажбурлап, болбосо окуудан чыгарарын айтып коркутканын негиз кылып БШКга арыз жазган.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев административдик ресурска каршы тиешелүү жаза чаралары толук колдонулбай жатат сындады.

Административдик ресурс деген администрация деген сөздөн чыккан. Башкаруу. Болбосо башкаруу аппараттын жетекчилери өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерин кыйнаса бул админресурс деп аталат. Бул ыкманы колдонгондорго жаза каралбай, ал кагаз жүзүндө эле калат. Анткени мамлекеттик администрациянын, бийликтин башында турган адамдын каалосун аткарып жатат. Алар болсо өзүлөрүн жазалабайт.

Шайлоодого катышуу үчүн каттоосу жок жарандар тиешелүү документтерди толтурууда. Эгерде жарандардын жашаган жеринде каттоосу жок болсо, форма 2 деген кагазды толтурушат. Учурда мамлекеттик кызматкерлер баары бир жерден биометрикалык маалыматын ташыргандар жана бир эле учаскадан добуш берүүсү күмөн жаратып жатканын «Ата  Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Ал өкмөткө шайлоону бурмалабоого чакырды.

Депутат Мурадыл Мадеминов болсо шайлоодо массалык добушту сатып алуу аракети күч алып жатканын билдирди. Анын айтымында, добушту сатып алуу административдик ресурсту колдонгондон да кооптуу.

— Биз таза шайлоого 26 жылда жеттик. Мына 2015-жылы таза шайлоо үчүн чоң иштер жасалды. Азыр административдик ресурсту айтып жатабыз. Эгерде административдик ресурс колдонулганда бул жерде КСДПнын 65 депутаты отурмак. Азыр добуш сатып алууларга аракет жүрүп жатат. УКМК, силер иштейсиңерби? Үгүтчүлөр баары жөнөкөй кишилер. Массалык акча таратуулар болуп жатат. Азыр добушту сатып алуу 7 миң сомго чыкты. Бул мыйзам бузуу гана эмес, чоң күнөө жасагандык.

Айыл-аймактарды кыдырып, карапайым элге административдик ресурстун кесепеттери тууралуу маалымат жеткирип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эл админресурска каршы турууга жетилип калганын билдирди.

— Элди админресурс менен эле алып коёт, баарын коркутуп алган дегенге анча макул эмесмин. Анткени элдер админресурс колдоном деген кишилерге каяша кылып жатканын көрүп жатабыз. Бирок, бийлик мүмкүн болушунча административдик ресурсту колдонууга аракет кылууда.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзам» боюнча «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, судьялар, диний уюмдун өкүлдөрү, кайрымдуулук иш менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек жарандар» шайлоодогу үгүт иштерине катыша алышпайт. Эгер мыйзам бузуулар болуп, административдик ресурс колдонуу далилденсе күнөөлүү тарап акчалай айып пул төлөп, кылмыш жазасына дагы тартылышы мүмкүн.

Бишкекте  «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аталышындагы эл аралык конференция биринчи ирет өткөрүлдү. Ага президент Алмазбек Атамбаев баш болуп, 19 мамлекетттин өкүлдөрү катышты. Мындай темадагы жыйын Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда  алгачкы ирээт өтүп жатат. Келген коноктор өз пикирлери менен бөлүшүп, дин менен башка көз караштардын эриш аркак болуусу үчүн жаңы жолдорду издөө негизги максат болуп жатат.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аталышындагы эки күнгө белгилеген эл аралык конференция өтүп жатат. Аталган жыйынга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев баштаган бардык мекеме-уюмдардын жетекчилери жана 19 мамлекеттин, ошондой эле абройлуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк эксперт-ислам таануучулар келген.

Анда негизги тема катары мамлекет менен диндин эриш-аркак аракеттеринин тажрыйбаларын алмашуу, улуттук баалуулуктарды сактоо менен радикализмди жана исламды саясатташтыруунун алдын алуу ыкмаларынын жаңы жолдорун издөө белгилеген.

Бул конференцияны өткөрүү президент Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген. Мамлекет башчы иш чараны ачып жатып, ата-бабалар өз кезегинде ислам динин жергиликтүү каада-салттарга, көчмөндөрдүн дүйнө таанымына каршы келбеген үчүн да кабыл алышканын белгилеп, бүгүнкү күнү ислам Кыргызстандын, Борбор Азия мамлекеттеринин  салттуу маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калганын айтты. Тилекке каршы, акыркы убакта чоң коркунуч жараткан ар кыл агымдарда бири бирин сыйлабастык көрүнүштөрү байкалууда. Андыктан, калкты дин ишенимдерине карата сабырдуулукка тарбиялоо азыркы мамлекет менен коомдун башкы милдети болууга тийиш экенин, ар бир тармакты сыйлай билүү керек экенин кошумчалады.

-Биздин динибиздин пайдубалы болгон, Кураны Керимде жазылган ыйык сөздөрдү эскертким келет:

—  Динде таңуулоо, мажбурлоо жок (“Бакара” сүрөөсү, 256-аят);

—  Бир адамды өлтүргөн, бардык адамзатты өлтүргөндөй болот (“Аль-Маида” сүрөөсү, 32-аят);

—  Ал (Жараткан) жалгыз Өзү гана чечет: кимди кечирет, кимди жазалайт (“Имран” сүрөөсү, 129-аят).

Бул ыйык сөздөр ар бир мусулман үчүн мыйзам болушу керек! Дин менен кийимди, ички дүйнө менен тышкы көрүнүштү алмаштырбайлы!  Дин биринчи кезекте адамдын ичинде, жүрөгүндө болушу керек!

Мындан тышкары өлкөдө акыркы жылдары чала молдолор өсүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, ыйык Ислам динине көлөкө түшүрүп жатканын айткан президент, мусулмандар өз ыйык динин рухун, атын коргобосо, адашкандарга чындыкты айтпаса, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, Исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпаса, анда ким каршы чыгат деп, бул көйгөйдү биргеликте чечүүгө чакырды.

30581Ал эми Индиянын тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар, светтик мамлекеттин артыкчылыгы – түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, дин туткандар менен эч кандай динди тутпагандардын кызыкчылыктарын тең салмакта сактай билгендигинде экенин билдирип, буларды кошумчалады.

 — Азыркы замандын талабы, ар бир адам үчүн ыңгайлуу жашоо шартын түзүп берүү болуп саналат. Ошондуктан, ар бир мамлекетте таң эрте мечиттен чыккан азандын үнү, жекшемби күндөрү чиркөөдөн коңгуроонун кагылышы жана башка диндердин добуштары жаңырып, бири-бирин сыйлоо менен ынтымакта, тынчтыкта өмүр сүрүшү өнүккөн, билимдүү мамлекттин сүрөттөлүшүнөн кабар берет. Азыркы заманда басмырлоо, согуш деген жок болушу керек. Буга жетүү үчүн эң башкысы билим, мыйзамды сактоо жана ынтымак шарт түзүп берет.

Кыргызстандын муфтийи Макстбек Токтомушев, исламды экстремизм же терроризм менен байланыштырып, болбосо сыйынуунун гана куралы дегендей түшүнүк коомчулуктун аң сезимин ээлеп алганын айтат.

-Ошондуктан, Ислам динине карата ар кандай сын-пикирлер айтылып келет. Бирок бул дин 30575адилеттүүлүктүн, толеранттуулук жана тазалыктын, жашоодо жалаң жакшылыктарга чакырып, жамандыктан кайтаруучу дин экенин белгилөө менен учурда эң чоң көйгөй билимсиздик болуп келген. Мына эми президентибиздин, «Ыйман» фондунун жардамы менен тарыхыбызда болуп көрбөгөн имамдарды окутуулар болуп жатат. Буйруса, жакшы иштер тынбай жасалууда. Анын баары өз мөмөсүн берет.

Египеттен, Индонезиядан Нидерланддан келген мамлекеттик кызматкерлер жана эксперттер да коомчулуктун билим деңгээлин арттыруу менен мамлекет динге кийлигишпей, дин өкүлдөрү мыйзам чегинен ашпай, бардык мекемелер кайдыгерликтен алыс болуп, биргеликте иш алып барышса жакшы жыйынтыктар болорун айтышты. Бул конференция эртең дагы уланып, сунуш пикирлер эске алынып, жалпы жыйынтык чыгарылат. Ошондой эле атайын декларация да кабыл алынышы күтүлүүдө.

Бул жумада Премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен Орусияда болду. Анда өкмөт башчы Орусиянын премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугуп, анда Евразиялык экономикалык биримдиктеги ишмердүүлүк, эки тараптуу кызматташуу тууралуу кеп болду. Сапар Исаков өз сөзүндө эки өлкө стратегиялык союздаш экенин ишенимдүү айтып, эки тараптын кызматташуусу келечек үчүн да маанилүү деди. Кыргыз өкмөтүнүн башчысынын жумушчу сапарында дагы кандай  иштер каралган?

Өкмөт башчы Сапар Исаков Орусияга болгон иш-сапарынын алкагында Орусиянын премьер-министри Дмитри Медведев менен жолукту. Анда Медведев кыргыз өкмөтүнүн башчысын Горький-9 атындагы мамлекеттик резиденциясында кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүү жүрдү. Алгач премьер-министрлер тар чөйрөдө жолугуп, андагы баарлашуу эки саатка созулду. Анда Сапар Исаков менен Дмитрий Медведев эки тараптуу кызматташууну, анын алкагында Евразиялык экономикалык биримдик жана мигранттар тууралуу да кеп болду.  Орусиянын премьер-министри эки өлкө бири-бири менен тыгыз кызматташкан өнөктөш экенин айтып, жаңы куралган өкмөт тууралуу да пикирин айтты.

— Биздин өлкөлөр жакын өнөктөштөр жана союздаштар. Бизде чыныгы достук мамилелер бар. Бирок буга карабастан ар дайым эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн байкап туруу өтө маанилүү. Өкмөттүн жаңы курамынын ишмердүүлүгү Россия менен болгон мамилелердин ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган саясаттын ырааттуулугун камсыз кыларына  ишенем.

Сөзүнүн уландысында Сапар Исаковдун жаңы кызмат орду менен да куттуктап, өкмөттүн ишине ийгилик каалап өттү.

Дмитрий Медведевдин айтканын кубаттаган кыргыз өкмөт башчысы кыргыз-орус мамилеси жогору баскычка көтөрүлгөнүн айтып, муну ишке ашырган эки өлкөнүн президенттерине ыраазычылык айтты. Ошол эле учурда эки өлкө стратегиялык жактан союздаш экенин айтты.

-Бүгүн  биздин мамилебиз чынында эле стратегиялык  союздаш экендигин ишенимдүү айта алам. Биз эки тараптуу мамилелердин келечегине өзгөчө маани беребиз. Ошондой эле кыргыз өкмөтү буга чейин Атамбаев мамлекеттик визит менен келгенде кабыл алынган келишимди ишке ашырат. Эки тараптуу кызматташууну дагы да алдыга жылдыруу үчүн аракет кылат.

Жумушчу сапар менен алгачкы жолу Орусияда болгон Сапар Исаков Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен да жолукту. Анда Исаков Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен унаа айлоого уруксат бергендиги үчүн Вячеслав Володинге ыраазычылыгын да айтты. Премьер-министр Сапар Исаков визиттин биринчи күнүндө Москванын четинде курулуп жаткан 450 гектарды ээлеген “Сколково” инновациялык борборуна барды. Ал жерде 400дөй инновациялык долбоорду иш үстүндө таанышты. Андан ары Москванын Александровский бакчасына барып, “Белгисиз солдаттын”  эстелигине гүлчамбар койду.

Күндүн жыйынтыгында Сапар Исаков Кыргызстандын жаңы өкмөт башчысы катары Орусиянын эң абройлуу делген “Росссия-24”,  “Российская газета” жана “Риа Новости” басылмасына” маек берди.

Ал эми өкмөт башчы Орусия визитинин экинчи күнүндө, Москвадагы “Кыргызстан” павильонуна барып ал жердеги оңдоо иштери менен таанышты. Жана реставациялоо иштерин 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол чемпионатына чейин бүткөрүү керектигин тапшырды. Ушул эле күнү Москванын борбордук мечитин зыярат кылып, Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Гайнутдин менен сүйлөшүүлөр өткөрдү. Мындан сырткары Москванын “Коопсуз шаар” долбоору менен жеринен таанышты. Ошондой эле Орусиядагы кыргыз мекендештердин демилгеси менен негизделген “Мурас Клиник” медициналык борборунун расмий ачылышына катышты. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев өкмөт башчынын бул визитинин мааниси тууралуу буларга токтолду:

Өкмөт башчынын Орусияга болгон эки күндүк визити Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттар менен жолугушкан соң аягына чыгат.

Узап бара жаткан жумада жагымдуу жаңылыктардын бири Кыргызстандын спорт чеберлери Ашхабадда өткөн Азия оюндарынан ийгилик менен кайтып келишин атасык болот. Азия орундарында 8-орунду ээлеген кыргыз курамасын Бишкектен премьер-министр Сапар Исаков тосуп алды. Спортчулар жалпысынан 70 медалды багындырып, катышкан 63 өлкөнүн 55ин артта калтырган. 10-күнгө созулган мелдешке катышкан спортчуларды атайын даярдалган дасторкон үстүндө тосуп алып, аларга ыраазычылык  сөздөрүн айтты. Азия оюндарынын айрым катышуучулары багындырган жеңишине кубанып турганын айтса, кээ бирлери калыстардын адилетсиз мамилелерин айтып кейиди.

Ашхабадда өткөн Азия оюндарына катышкан Кыргызстандын курама командасы Бишкек шаарына кайтып келди. Тайпалык эсепте 8-орунду багындырган спортчуларды премьер-министр Сапар Исаков жана бир канча өкмөт мүчөлөрү тосуп алышты. Анда өкмөт башчы 63 өлкө катышкан эл аралык оюндарда 8-орунду багындыруу чоң сыймык экенин айтып, спортчуларга ыраазычылыгын билдирди.

-Силер кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын, баарыбыздын сыймыгыбыз болуп саналасыңар. Биз силерди абдан жакшы көрөбүз. Кудай буюрса, ушундай жеңиштер мындан ары да көп болсун. 63 мамлекеттин арасында 8-орун болуу – чоң жеңиш. Баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм.

10 күнгө созулган эл аралык мелдешке жалпысынан 63 өлкөнүн спортчулары катышып, анда 21 спорттун түрү боюнча оюн жүргөн. Алардын ичинен 36 өлкө байгелүү орундарга кире алды. 55 өлкөнү артта калтырган Кыргызстандын атынан 153 спортчу катышып, 17 спорттун түрү боюнча ат салышты. Курама команданы жетектеп барган грек-рим күрөшү боюнча алтын медалдын ээси Калы Сулайманов жеңишке жетүүгө жол башчылык жоопкерчилигим түрткү болду деп эсептейт.

-Курама команданын башчысы болуп дайындалганым мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Ошол үчүн болгон күчүмдү, аракетимди жумшадым. Мен үчүн бардык эле беттеш кыйынга турду. Анткени ал жерге бардык өлкөнүн биринчи орундагы балбандары барды.

Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан Нурбек Кожобеков бел-боо күрөшү боюнча күмүш медалды багындырды. Бирок ал мындай жыйынтыкка канааттанбай, калыстар туура чечим чыгарбай, жергиликтүүлөргө тартып койгонун жашырбайт. Туу көтөрүүнүн да өзүнчө сүрү болот экен деген спортчу төмөнкүлөрдү айтты.

-Башка спорттун түрлөрүн билбейм, бирок бел боо күрөшү боюнча калыстар өзүнүн балбандарына жеңишти берип коюп жатты. Мындай абалга бир эле мен эмес бардык балдар дуушар болду. Ал жердеги сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Өзүнчө сүрү бар экен. Толкундандым. Тууну кармаганым үчүн сүйүндүм.

Азия оюндарында күрөшкөн балбандар өлкө аймагынан тандоо туру аркылуу тандалып алынган. Андан соң бир ай эки күндүк машыгуудан өтүп, анын жарымы Ысык-Көлдө калганы Бишкек шаарында жүргүзүлгөн. Мындай маалыматты алыш күрөшү боюнча машыктыруучу Кабыл Бөрүбаев айтып, Түркмөнстан өзүнө эң негизги атаандаш катары кыргыздарды эсептегенин, ошол үчүн аталган кураманы басынтканын да байкаганын белгиледи.

-Байкалгандай эле атаандаштык күчтүү болду. Биздин башкы атаандашыбыз болгон Түркмөнстан аябай мыкты даярданыптыр. Бир жыл бою окуу-машыгуудан өтүшүптүр. Алар бизди башкы атаандаш деп эсептешип, басым жасап, калыстар менен да сүйлөшүп койгондой ой калтырды. Жалпысынан биздин кыз-жигиттерибиз азамат экенин далилдеди.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилиги бул оюндарда 50дөн ашык медал алууну максат коюп, анын 10 медалы алтын болуусун каалашкан. Оюндун жыйынтыгы ал ниетти ишке ашырганын аталган агенттиктин директору Канат Аманкуловайтат. Ал өз сөзүндө спортчулардын ийлигиги үчүн аларга да сүйүнчү катары жаңы кол коюлган өкмөттүн токтомун жарыялады. Ага ылайык, эми спорттук машыктыруучулардын айлыгы 50 пайызга, ал эми жетекчилердики 20%га жогорулап, спортчуларга берилүүчү стипендиялар да 5000-75000 сом аралыгында болорун айтты. Жогорку Кеңешке сунуштала турган мыйзам долбоорунда да олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча да жеңишке жеткендерге сыйлык берүү жагы каралганын айтты.

-Олимпиаданын түрү эмес спорттор, тагыраагы, самбо, кикбоксинг, алыш, улуттук спорттун түрлөрү боюнча да спортчулар стипендия алыш керек деген сунушту берип жатабыз. Ошол үчүн кайсы гана түрү болбосун, баарына ыңгайлуу шарттарды, аны менен бирге мамлекеттик каржылоо жана стипендия жактан да колдойлу деп жатабыз.

Кошумчалай кетсек, аталган мелдеш 17-27-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп, биринчиликти Түркмөнстан багындырды.

Бишкек шаарынын тургуну Жаңыл Туранова үй-бүлөсү менен батирде жашайт. Өзү мектепте мугалим1452004219_nedvijimost болуп иштесе, жолдошу муниципалдык мекемеде эмгектенет. Экөөнүн бир айлык маянасы кошулуп 30 миң сомго жетет.

Ж.Туранованын айтымында, мамлекеттик ипотекадан үй алуу планда бар. Бирок баштапкы төлөнө турган каражатты табуу кыйын болууда.

-Кечээ эле телеканалдардын биринен ипотекалык насыя төмөндөдү деген жаңылыкты угуп калдым. Бирок толук маалымат ала элекмин. Бизге окшогон жаш үй-бүлөлөргө турак-жайдын арзан болгону жакшы. Тапкан каражатыбыз батирдин акысына, тамак-аш, кийим-кече жана баскан турганыбызга эле кетип калат. Мындай жагдайдан улам үйдү кантип алат элек.

Өкмөт мамлекеттик кызматта иштегендерди турак-жай менен камсыз кылуу үчүн «Арзан турак жай – 2015-2020» программасын кабыл алган.

Биринчи насыялар алгачкы төлөмүнүн суммасына жараша 12-14% менен берилип, кийин 10-12% болгон.

Эми ушул жылдын 1-октябрынан тарта ипотекалык насыя алуунун үстөгү 8 пайызга чейин төмөндөйт. Мындай чечим ипотекалык насыянын пайызын төмөндөтүүнүү талкуулаган жыйында айтылган. Муну шарттаган тескемеге премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Өкмөт башчы “Жаңы доорго-кырк кадам” программасы каржылык ресурстарды көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртаарын белгиледи. Буга байланыштуу С.Исаков “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасы боюнча пайыздарды төмөндөтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды тиешелүү жетекчилерге берди.

Жыйынтыктап айтканда биз азыркы 10%  көрсөткүчтү 8%  кыскарта алдык. Эми 2017-жылдын 1-октябрынан тартып мамлекеттик ипотекалык насыяны 8% төмөндөө менен алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми банк өнөктөштөрдүн жетекчилери ипотекалык насыя боюнча пайыздык чендердин төмөндөөсү менен байланышкан түшүндүрүү иштерин калк арасында кеңири жүргүзгүлө.

Мындай насыя алыш үчүн жаран мамлекеттик органда иштеп, алгач сатып ала турган турак жайдын баасынын 30% төлөөгө милдеттүү.

Азыркы учурдагы ипотекалык кредит алгандар үчүн пайыздык төмөндөөлөр каралат. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат катчысы Зирек Асанова билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик ипотеканы мекемелерде иштебеген жарандардын алуусуна да уруксат берүү жагы каралып, бул маселени мекеме аралык топ талкуулап жатат.

Ипотекалык насыя бериле баштаган өткөн жылдын март айынан бери бүгүнкүгө карата 1 825 жаран 2 млрд 192 млн сомго каржыланган. Насыянын үстөгүн азайтуу бюджеттик насыяны төмөндөтүүнүн аркасында ишке ашырылган.

Эгерде Бишкек шаарынан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батирди ипотекалык насыя аркылуу 45 миң долларга он жылга алса, айына 30 миң сомго чейин төлөнчү. Эми азайтылган үстөк менен төлөм 25 миң сомдун тегерегинде болоорун ипотекалык компаниясынан белгилешти.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев ипотеканын үстөк пайызы төмөндөшү карапайым калк үчүн жагымдуу шарт экенин белгиледи. Эң негизги көйгөй компаниядагы каражаттын көлөмүн көбөйтүү деди ал.

-Кыргызстан-Орусия фондуна Орусия 260 млн доллар бере элек. Эгерде ошол каражат фондго келип түшсө, жүз миллион долларын ипотекалык компанияга бөлүп бериш керек. Анын негизинде үйлөр курулуп, мугалим, врач жана башкалар арзан турак-жай менен камсыздалмак.

Ал эми экономист Искендер Шаршеев ипотеканын үстөгү төмөндөгөнү менен үйдүн баасы кымбат болуп жатат деди. Анын айтымында, Японияда ипотекалык насыя 0,25 пайызда берилет. Ал эми жакынкы коңшу өлкөлөрдө 4-5 пайызга чейин болот.

-Азыр батирлердин баасы кымбат. Элге насыянын пайызы түшүп жатканы жакшы эле шарт түзөт. Бирок кеп мында эмес. Мамлекет өзү үй салып, аны ипотеканын негизинде бериш керек. Ошондо элге жакшы шарт түзүлөт.

Мамлекеттик ипотекалык программага ылайык, ипотекалык насыялар региондордо да берилет. Өкмөт ипотекага берилчү көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалганын билдирген. Бирок азырынча курулуш иштери баштала элек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *