Шашылыш кабар:

Т.Матыбаев: Төкмө акындарда жаттап айтуу деген болбойт, болбош керек

Сентябрь 27th, 2017 | by Каныкей Бозгунова
Т.Матыбаев: Төкмө акындарда жаттап айтуу деген болбойт, болбош керек
Улут уюткусу
0

«Улут уюткусу» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында азыркы таптагы төкмө акындардын эң кенжелеринин бири, эл ичинде ысымы оозго алынып калган Темирбек Матыбаев менен анын чыгармачылыгы, сөз өнөрүнүн төрөсү болгон төкмөлүк өнөр, анын сырлары тууралуу сүйлөштүк.

IMG_20170924_133715


Темирбек Матыбаев 2003-жылы 27-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Төрт бир туугандын экинчиси. Учурда Бишкек шаарындагы №5 Улуттук гимназияда 9-класстын окуучусу.

Мектепте так илимдерге кызыкпайм

Айтышка кызыгып, «Айтыш» фондуна келгениме 1,5 жылдай болуп калды. Буюрса, өнөрдүн артынан устаттардан үлгү алып, акын болсом деген тилек менен аракет кылып жүрөм.

Мектепте өтө жакшы окуйм деп айта албайм, «4» деген баага окуйм. Окуу менен чыгармачылыкты тең алып кетүүгө аракет кылам. Сабакта так илимдерге анчалык кызыгуум жок. Көпчүлүк мугалимдерим менин чыгармачылыгымды түшүнүп, жардам берип турушат. Төкмөлүк өнөрдү кесипке айлантууну пландап жатам. Бирок, андан тышкары башка кесиптин ээси болууну дагы каалайм. Негизги максатым терең билим алуу болуп саналат. Азыр төкмөлүктөн сырткары актерлукка кызыгып, аткарып калам. Жигит катары спортко дагы кызыгам.

Төкмө болуу — ата-энемдин тилеги

“Аккан арыктан суу агат” дегендей, менин атамдын Малабаш деген таекеси мыкты төкмө акын болгон экен. Аны филармонияга иштөөгө чакыртканда шартына байланыштуу келе албай калган экен. Ага айтылуу Тууганбай Абдиев акындыкты үйрөтүп, тарбиялаган деп айтылат. Бул Кудайдын дагы берген касиети болот экен. Бирок, менин канымда болбогондо дагы төкмө боло алмак эмесмин деп ойлойм. Эки жактан бирдей берилген болсо керек. Негизи атам айтышка абдан кызыккан киши. Ал акындардын айтышы болуп атканда мени жанына  отургузуп алып, “сен ушулардай акын болосуң” деп айтып калчу. Бул биринчи кезекте ата-энемдин тилеги деп айтсам болот. Ошондой шык алып, айтыштарды көрүп, китептерди окуп, комузум күүгө келбесе дагы чертип ырдай берчүмүн. Айылда окуп жүргөндө кыз-жигиттердин сармердени өтүп, ошондо биринчи жолу эл алдына ырдап чыккам. 7-классымда борборго келдим. Устатым Элмирбек Иманалиевдин “төкмөлөр обондуу ыр ырдап, дастан айтып, комузду дагы мыкты черткенде, алардын төрт тарабы төп келет” деп айткан сөзү бар. Ошондуктан, бир жылдан бери комуз үйрөнүп атам.

Китепкана экинчи үйүм

Мен төкмөлүктү баштаганы жаттап айткан жокмун. Анткени, “Айтыш” фондуна жаңы келген учурда даярданбай, ойлонбой дагы барып ырдай берчү экенмин азыр ойлосом. Кийин ошол жерден үлгү алып, үйрөнүп калгандан соң акылымды топтоп, ой калчап алып ырдоого үйрөндүм. Төкмөлүк – бул атадан балага, улуудан кичүүгө өтүп келе жаткан улуу өнөр. Анын касиети абдан оор, аны көтөрө турган адам көтөрөт. Төкмөлүк өнөрдү кадимкидей багыш керек, өстүрүш керек. Төкмө акындарда жаттап айтуу деген болбойт, болбош керек. Элдин алдына чыкканда кадимкидей эргүү келет, кээ бир сөздөр кайдан чыкканын билбей каласың. Бул нерсени устаттарыбыз дагы көп айтат. Элдин алдында канчалык сүрдөсөң дагы, эргип ырдаш керек. Менде буга чейин сөз таппай, ыңгайсыз абалда калган учурларым боло элек. Биз улуулардын айтышын көп угуп, китептерди көп окуйбуз. Китепкана экинчи үйүм десем болот. Андан тышкары “Айтыш” фондунда Курсант Нурматов, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучов, Жеңишбек Жумакадыр деген устаттарыбыз бизге багыт берип, жол көрсөтүп, өзүлөрүнүн тажрыйбасынан бөлүшүп турушат. Ал жерге ар бир он күн сайын чогулуп, 3 бөлүктөн турган программанын негизинде кадимкидей ич ара айтыштар уюштурулат. Анда төкмөлүктүн ыкмаларын кенен үйрөнөбүз.

Биринчи айтышка чыгып, 2-орунду алгам

Алгачкы жолу былтыр Ашыралы Айталиевдин 90 жылдыгына карата уюштурулган айтышка катышып, жарым финалында белгилүү акын Болот Назаров менен айтыштым. Финалда күчтүү акын Мундузбек Усупбек уулу менен чыгып, 2-орунду алгам. Андан кийин мигранттарга арналган айтышка катышып, байгелүү орун албасам дагы өнөрүмдү элге көрсөтө алдым десем болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache