Шашылыш кабар:

Д.Догоев: Атам «эң оор көтөргөнүң калем болсун» деп айтат

Сентябрь 23rd, 2017 | by Чолпон Бейшелең кызы
Д.Догоев: Атам «эң оор көтөргөнүң калем болсун» деп айтат
Саясаттан сырткары
0

«Саясаттын сырткары « программасынын бул чыгарылышынын коногу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев. Азыркы өкмөттүн ичинде эң жаш жетекчилердин катарында турат. Догоевдин саясат сыртындагы жашоосу жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен таанышыңыз.

1033960677Foto by: Sputnik.kg

Дастан Догоев 1986-жылдын 3-августунда туулган. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунан билим алган. Кыргыз-Америка факультетинен маалымат технологиясы, интернет боюнча адистиктикте окуп, мындан сырткары Лондондогу Кавэндиш  колледжинен билимин уланткан жана ал жерден Британ улуттук дипломун алууга жетишкен. Ошондой эле, Кингстон Лондон университетинин бизнес жана юриспруденция мектебинин бакалавр баскычын артыкчылык диплом менен аяктаган. Эмгек жолун каржы министрлигинин алдындагы «Инфо-система» мамлекеттик ишканасынын мекемени өнүктүрүү жетекчисинин орун басарлыгынан баштаган. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси.

Жаштыгым чоң жамаатты башкарууга тоскоолдук жаратат

Чынын айтканда бул жеке жашоом тууралуу  берген үчүнчү маегим болуп калды. Анын экөөсү мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалгандан кийин жашоомдо кандай тепкичтерди басуу менен жетекчилик кызматка келгеним жөнүндө айтып бергем.

Жеке мен мамлекеттик кызматты  өзгөчө бир милдет катары кабыл алам. Ал жерде бир гана иш алып баруу эмес, андан тышкары жетекчинин жүрүш турушу, ишке  караган көз карашы дагы болушу керек. Бирок бул кызматты  майлуу-сүттүү деген кептерге  кошулбайм. Анткени жумуштун чоң жоопкерчилиги бар.

Албетте жаштыгым ага  тоскоолдук жаратат. Азыркы убакта башкаруу системасы дагы өзгөчө жаңы форматка өтүү этабында турат. Азыр мурдагы салттуу башкаруунун ордуна  тапшырма берип, анын аткарылышы жөнүндө маалыматты сурап  жана жамаатка  иштөө атмосферасын  түзүп берүүгө аракет кылуудамын. Себеби ал жердеги ар бир кызматкер алдыга койгон максаттарга жетүүгө өз салымын кошот. Ошондуктан жетекчинин дагы бир башкы кызматы жамаатка туура маалымат жеткирүү. Буга кошумча күчтүү команда түзүү.  Ушундай кадамдардын жыйынтыгы менен гана натыйжалуу көрсөткүчтөргө жетсе болот. Ошондуктан азыркы тапта биздин кызматта окутуучу борбор курууну пландаштырып жатабыз. Ал жерде жаштыгына , улутуна, кызматына жана тажрыйбасына карабастан маалыматтарды жеткирип окутуулардан өткөрөбүз. Жеке мен жаштыкты өзгөчөлүк катары эсептебейм. Ошондуктан бул жерде жаш дагы тажрыйбалуу дагы кызматкер  керек.

Жетекчилик кызмат мен үчүн «аванс»

Кыргызстанда бир эле мамлекеттик кызмат эмес, кандай  гана жумуш болбосун адамдын жеке өзүнүн каалоосу  болушу керек. Ага карата умтулууга бүт аракетин жумшашы керек. Абдан көп окуш керек. Бир эле орус, кыргыз тилдери эмес, кошумча англис, кытай тилдерин өздөштүрүү зарыл. Компьютер менен иштегенди билүү керек.Ошондуктан жакшы жумуш табам десең көп билим жана тажрыйба керек. Жеке өзүмдү айтсам мени бул жерге иште деп эч ким отургузуп койгон эмес. Анткен менен өкмөткө абдан ыраазымын. Экинчиден ушундай болушу керек деп ойлойм.  Убагында жетекчилигибиз мени байкап калып, кызматка келип калдым. Бул мен үчүн «аванс» . Анткени жоопкерчиликтүү кызматка келгенден кийин мага карата чоң ишенич бар.

Атам эң оор көтөргөнүң калем болсун деп айтат

Ата-энем тууралуу кыскача айтып кетейин. Алар мамлекеттик же чоң кызматта иштеген эмес. Атам жөнөкөй эле илимий даражадагы агроном , апам инженер.  Азыркы учурда жеке тармакта тамак-аш коопсуздук системасында иштешет. Көбүнчө эл аралык уюмдар менен чогу иш алып барышат.  Анан жалгыз иним бар. Ал дагы чет өлкөдө жеке сектордо иштейт.

Менин ата-энем  мага ата-энеден тышкары жакын досторум. Алар менен бала  чагыман  ортобузда ачык дос катары мамиле түзүлгөн. Кээде тамашалашып кээде катуу дегендей. Акылдашабыз. Атам мага пенде дайыма ак, таза,  адамкерчиликтүү болушу керек деп  көп айтат. Дагы 3 негизги сөзү бар. Биринчиден мен Лондонго кетип жатканда менин кааларым эң оор көтөргөн нерсең калем сабың болсун деген. Экинчи сөзү  ар бир адам кыйынчылыкты тең көтөрөт, ал эми бийлик менен байлыкты айрымдары гана көтөрөт деп айтат.  Үчүнчү сөзү адам жылкы мүнөз деген кеби кулагымда  сакталуу .

Өзүм болсо үй-бүлөлүүмүн. Мындан башка жеке жашоом тууралуу маалымат берүүдөн алысмын. Себеби жеке жашоо өзүнчө болушу керек деп эсептейм.

Чет өлкөдө билим алуу — өзгөчө тарбия

Мен мектепти бүтүп жатканда көп балдар чет мамлекетте билим алууга умтулушту.  Программалар дагы көп болуп арабызда мода болгон. Чет өлкөгө барып, ал жактан  билим алуу бул өзгөчө тажрыйба. Ал жерде башка маданият,башка нуктагы жашоо тартип бар. Бирок ийгиликке жетүүнүн негизги компоненти катары же  элементи деп эсептебейм. Анткени жогорку билимди Кыргызстанда алып,  ийгиликтерге жеткендерди билем.  Азыр XXI  кылым, интернетти колдонуу менен Америкадан баштап бүтүндөй Европаны көрүп келсе болот. Буга кошумча үйдөн чыкпай эле ар түрдүү программалар аркылуу билим алууга дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан чет өлкөгө чыгыш керек деген негизги талап эмес.

Мен Лондондогу окуумду бүткөндө, сыртта калуу  оюмда болгон. Анткени окуу жайды бүтүп жатканда Англия өкмөтүнүн атайын программасы бар болчу. Анда Англияда жогорку билим алган бүтүрүүчүлөр  иштөөгө эки жылдык виза алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок мен бүткөн жылы дүйнөлүк кризис башталды. Ал кезде мен жаңы гана компанияда иштей баштагам. Тилекке каршы кризистен улам жумушумдан айрылдым. Кыргызстанда азыр кризис болду деп көп  айтабыз… Буга мен тап-такыр кошулбайм. Себеби Англиядагы кризисти көргөндө ушунчалык таң калгам. Ал кезде башка жумуш табуу оор болду. Анан Кыргызстандан мүмкүнчүлүк көп деген ой менен мекениме  кайттым.

Мага жубайым көп энергия берет

Чынын айтканда жеке жашоого убакыт тар. Бирок ага карабастан жеке үй-бүлөм, ата-энем муну түшүнүү менен карашат. Колдоп турушат. Жумуш бүт энергияңды алат. Кайра ал энергияны башка жактан топтош керек. Ал үчүн мага спорт көп учурда жардам берет. Ошондуктан жумасына 3-4 жолу бассейинге барып сүзүп турам. Анткени жумушумда көп учурда кара күч эмес, акыл менен иштейм. Ошондуктан физикалык кыймыл керек.

Өзүм жабык эле адаммын. Андай деле бийлеп же ырдаганга шыгым  жок. Ар кандай кырдаалда, көңүлүм түшкөн маалда үй-бүлөм өзгөчө атмосфераны түзүп берет. Жубайым көп энергия берет. Күнүгө эртең менен үйдөн жакшы маанай менен чыгам.  Ар кандай учур, ар кандай адамдар менен алардын баарына бирдей мамиле кылып сылык болууга аракет жасайм. Кээ бир адам катуу айтат, айрымдары жакшы айтат. Ага дагы адекваттуу  реакция кылуу керек. Баардык айтылган пикирлерди өтө жакын ала бербей, аны түшүнө билүү маанилүү. Ошондуктан бир сапаты болсо эле терс караганды колдобойм. Балким маселе анда эмес, өзүңдө болушу ыктымал. Ошондуктан жумушта адамдарга ирээнжүү жок.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache