Шашылыш кабар:

Атамбаевдин дүйнө коомчулугуна кайрылуусу, үгүт чыры

Сентябрь 23, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
36

Узап бара жаткан аптадагы урунтуу окуяларга сереп.

Бул жумада окуялардын эң маанилүүсү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Нью-Йорк шаарына жумушчу сапары болду. Президент Атамбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясына катышып, анда 20 мүнөттүк кайрылуу жасады. Сүйлөп жатып Атамбаев мөңгүлөрдү коргоо, уран калдыктарын жок кылуу, экосистеманы коргоп калуудан тартып, Мьянмадагы окуяларга чейин комментарий берди. Ошондой эле өлкөнүн ички жана тышкы саясаты тууралуу да пикирлерин билдирип өттү. Өлкө башчынын БУУ аянтчасында сүйлөгөн сөзүн саясат талдоочулар кандай баалашууда?

19554873_1580024342018778_7570868957181335335_n

Өлкө башчы Улуттар Уюмунун трибунасындагы сөзүн Мексикадагы жер титирөөгө байланыштуу мексикалыктарга көңүл айтуу менен баштады. Андан ары кыргыз эли тарыхы терен эл экенин айтып, жаңы Кыргызстан эки революцияны башынан өткөргөнүнө карабай демократия аркылуу өз нугуна түшкөнүн кошумчалады. Коңшулар менен ымала жакшырып, чек ара көйгөйү азайганын да баса белгиледи. Ал эми климаттын өзгөрүүсүнөн улам Кыргызстанда жаратылыш кырсыктары көп болуп жатканына кейип, мөңгүлөрдүн эрип жатканына да кабатырланды.

“2025-жылга чейинки божомол боюнча Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40% кыскарышы мүмкүн, анын аркасынан Борбордук Азияда дарыялардын суулары 25-35% тартылышы ыктымал. Ал эми 2100-жылга барып, Кыргызстандагы мөңгүлөр Жер бетинен биротоло жоголуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан биздин мамлекет бийик жайгашкан өлкөлөрдүн, тоолуу экосистемалардын мөңгүлөрүн сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдойт”.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Кубан Мамбеталиевдин пикиринде, президенттин мөңгүлөрдү айтканы туура, бирок ага Кумтөр тууралуу да маселени кошуу зарыл болчу.

«Мөңгүлөр тууралуу айтканы жакшы. Бирок ошол мөңгүлөрдүн эрип жатканына климаттын өзгөрүүсүнөн сырткары, Кумтөрдүн да таасири чоң да. Мына ошол жерде Кумтөр тууралуу айтып, келишимди кайра кароо, компенсация төлөтүү маселесин көтөрүү керек болчу. Анткени экосистеманын бузулушуна адамдык, өндүрүштүк фактордун да таасири чоң болуп жатат». 

Өлкө башчы Атамбаев баяндамасында, уран калдыктарына өзгөчө токтолду. Анткени бизде союз мезгилинде өлкөдө уран өндүрүлгөн. Ал эми анын калдыктарын жок кылуу маселесинде Кошмо штаттар көмөктөшкөн. Мындан улам, уран калдыктарын жок кылуу маселесинин эл аралык деңгээлде көтөрүлгөнү колдоого алаарлык,-дейт дипломат Кубан Мамбеталиев.

«Уран калдыктарын жок кылуу боюнча 90-жылдары союз таркаган соң, америка өкмөтү көмөктөшкөн. Мындан улам, бул тема америкалыктар үчүн тааныш жана маанилүү. Ошондо америкалык конгрессмен атайын комиссияны жетектеп, уран калдыктарын жаптырган. Мисалы, Казакстанда да уран, ядролук полигондор бар болчу. Мына ошолорду убагында жапканы үчүн азыр ядролук куралы бар өлкөлөрдүн катарына кирбей калды. Болбосо алар да Түндүк Корея сыяктуу кысымга учурамак. Ал эми уран калдыктарын жок кылуу боюнча резолюциянын кабыл алынышы бул Атамбаевдин мактоого ала турган иши. Уран тууралуу айтканы сөзү баяндаманын эң маанилүү бөлүгү болду». 

Атамбаев андан ары ак илбирсти коргоо, терроризм, экстремизм менен күрөшүү маселелерине токтолду. Бириккен Улуттар уюму реформаланууга муктаждыгын белгиледи. Ошол эле учурда Мьянмада этникалык азчылыктардын (мусулман рохинжалардын) кордолушун айыптады. Тышкы саясат тууралуу кеп козгоп, Кыргызстандын мурдагы президенттеринин катачылыктарын да эске салды. Сөзүнүн аяк жагында Кыргызстанда алдыда боло турган шайлоо тууралуу айтып, кыргыз элине кыргыз тилинде кайрылуу жолдоду.

Өлкө башчынын так ушул кыргыз тилиндеги кайрылуусу Кыргызстанда талкууга жем таштады. Экс-депутат Равшан Жээнбеков, президент өлкөнүн ички маселесин БУУ трибунасынан айтканы орунсуз деп эсептейт.

«Ал жер ар бир мамлекеттин дүйнөлүк деңгээлде чыгып  сүйлөй турган маселеси. Анда өлкөлөр өзүнүн дүйнөгө таасири болгон же дүйнөнүн  ошол өлкөгө таасири болгон маселелерин гана айтышат. Биздин президент ушул нерсени жакшы аңдаган жок. БУУнун аянтчасын туура эмес сөз үчүн пайдаланып алды». 

Мурдагы элчи, дипломат Кубан Мамбеталиев да президенттин шайлоо тууралуу айтуусуна эч кандай маалыматтык жүйө же факты жок болчу деген пикирде.

«Олигархтар тууралуу айтты, шайлоодо сатылбагыла деди. Албетте бул ички маселе, бирок аны да айтуу үчүн бир «повод» болуш керек эле. Мындан улам, бул жагы түшүнүксүз».

Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаевдин президент катары БУУнун трибунасындагы жарыш сөзү биринчи жана акыркы кайрылуусу болуп саналат. Учурда өлкө башчынын Нью-Йорктогу иш сапары уланууда. Башкы Ассамблеясынын 72-жыйыны 24-сентябрда жыйынтыкталат.

 Өлкөдө президенттик шайлоого карата талапкерлердин үгүт ишинин башталагына 13 болду. Шайлоого байланыштуу өкмөт атайын штаб ачып, аны вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жетектөөгө дайындалган. Анын негизинде Зилалиев аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштеринин абалы менен таанышуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырган. Баткен облусунун эли менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун айтып, катышуучуларды аны колдоо боюнча жеке суранычын келтирген. Мындай аракетинен улам Зилалиев  шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөө милдетин четтетилди. Анын ордуна коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров коюлду.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүн шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнчазилал республикалык штабын жетектеп жаткан. Анын негизинде Д. Зилалиев 19-20-сентябрда аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштеринин абалы менен таанышуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырган. 19-сентябрда Баткен облусунун эли менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун айтып, катышуучуларды аны колдоо боюнча жеке суранычын келтирген.

Мындай аракети үчүн өкмөт башчы Сапар Исаков Зилалиевдин штабдын жетекчилигинен алып койду. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Ал эми Д.Зилалиев жолугушуу бейформал маанайдагы өткөнүн жергиликтүү маалымат булактарына билдирди. Анын айтымында, жолугушуудагы сɵздɵрдү жаздырып алуу мыйзамсыз болгон. Андай сɵздɵрдү айтканын танбайт. Ал жерде айткандарын үгүт катары кабыл албоо үчүн бир канча жолу эскертилген деген.

Бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына жарандардан арыз келип түшкөн. Аны БШК мүчөсү Назарали Арипов жетектеген жумушту топ карап чыкмакчы. Учурда бул маселе БШКда каралып жатканын Арипов билдирди.

Саясат талдоочу Марс Сариев өкмөт Д.Зилалиевге жумшак гана жаза берип койду дейт. Анын айтымында, мындан кийин деле административдик ресурс колдонула берет.

Ал ортодо Зилалиевдин бийликтин талапкери үчүн үгүт жүргүзгөнү парламентте да талкууга кабылды. Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев Зилалиевдин бул аракети үчүн Башкы прокуратура юридикалык баа бериши керек дейт

Анын айтымында, бийлик президенттик шайлоого карата үгүт ишинде административдик ресурсту колдонууда.

— Бүгүн шайлоонун алдында жер-жерлерде административдик ресурс абдан катуу колдонулуп жатат. Мисалы, кечээ кечинде талапкер Өмүрбек Бабановду мамлекеттик телеканалдан түздөн түз каралоо болду. Буга укук коргоо органдары, БШК юридикалык баа бериши керек. Административдик ресурс кечээ эле Өзгөндө, Алайда катуу колдонулду. Президент таза шайлоону өткөрөлү деп айтпадыбы. Урматтуу депутаттар, урматтуу кыргыз эли, «Таза коом» таза шайлоодон башталат. Ал эми Баткенде вице-премьер-министр Зилалиева бийликтин талапкерин колдоого элди үгүттөп жүрөт.

Бийликтин фракциясы КСДПнын депутаттары Жээнчороевдин айткандарын төгүндөп, фактылар менен сүйлөөгө чакырырды. Депутат Мурадыл Мадеминов административдик ресурстан да добушту сатып алуу күчөдү деди.

-Ушул шайлоонун алдына келгенде эле бирөөлөр административдик ресурс деп жатышат. Мен Баткендин акимдерин көрүп жатам. Кайсы жерде кандай болуп жатат? Элдин арасында «бир партиянын мүчөлөрү үч миң сом бөлчү, бүгүн 100 долларга чыкты» деген сөздөр айтылып жатат. Муну Атамбаев же Жээнбеков жасадыбы? Башкалар жөнүндө сөз болуп жатат. Таза шайлоо 15-октябрда урнанын алдына барганда билинет.

Жыйынында оппозициялык «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиевадминистративдик ресурс колдонулуп жатканын баары эле көрүп турганын айтып, бирок мамлекеттик кызматкерлерди мыйзам бузбоого чакырды.

-Мен суранат элем, сын-пикирди татыктуу кабыл алыш керек. Ачык эле айтам, ушул жерде отурган акимдер, баарыңар азыр бир талапкерге кызмат кылып жатасыңар. Эмнеге жашырасыңар, бул үйрөнгөн адат да. Актанбаш керек, бирок мыйзамды бузбаш керек. Мен эки тарапка кайрылат элем, акча менен да, күч менен да эч качан бийлик узак отурбайт.

Айта кетсек, учурда Кыргызстандын жер-жерлеринде президенттик шайлоого карата үгүт иши кызуу жүрүүдө. Талапкерлер аймактарда эл менен жолугуу менен алек. Үгүт иши 13-октябрга чейин уланат.

 Бул жумада интернет айдыңында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусу талкууга түштү. Айрымдар муну саясий упай алуу үчүн атайын жасалган аракет деп бааласа, кээ бирлер аны парламенттин фракция лидери катары катышкан дешүүдө. Аталган сүйлөшүүдө эки саясатчы кыргыз-казак мамилелери туурасында кеп козгоп, бири-биринин жасаган иштери тууралуу да сөз кылышкан.

Снимок

Интернет айдыңында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусу талкууга түштү. Айрымдар муну саясий упай алуу үчүн атайын жасалган аракет деп бааласа, кээ бирлер аны парламенттин фракция лидери катары катышкан дешүүдө. Аталган сүйлөшүүдө эки саясатчы кыргыз-казак мамилелери туурасында кеп козгоп, бири-биринин жасаган иштери тууралуу да сөз кылышкан.

Бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын так чечими чыга элек. Бирок аталган комиссиянын мүчөлөрү да эки анжы пикирди карманат. Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев мыйзам боюнча үгүт иштери учурунда талапкерлер башка өлкөнүн лидерлери менен сүрөткө түшүп же тасмага тартылып, аны үгүт катары жарыялоосуна тыюу салынарын белгилейт. Ошол себептүү Боршайком бул маселени да карарын айтты.

-Талапкердин үгүт иштеринин алкагында башка өлкөнүн лидерлери менен сүрөткө түшүп, аны жарыялоого тыюу салынган. Ошол себептүү биз муну баса белгилеп, түшүндүрмө берип жатабыз.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Атыр Абдырахматова бул жерде мыйзам бузуу жок экендигин айтат. Себеби Өмүрбек Бабанов ал жолугушууга президенттикке талапкер катары эмес, парламенттеги фракциянын лидери катары катышкан жана бул сүйлөшүү Назарбаевдин чакыруусу менен орун алган. Талапкер ал жолугушууну өзүнүн үгүт иштеринде колдонбогону үчүн баары мыйзам чегинде экенин белгилейт.

-Казакстандын президенти аны фракциянын лидери катары чакырып кабыл алса, бул Баш мыйзамга каршы келбейт. Анткени депутаттар өзүнүн ыйгарым укуктуу иштерин алып бара берет да. Бабановдун бир фракциянын лидери катары жолукканга толук укугу бар болчу. Эгер Казакстандын президенти муну өзүнүн расмий сайтына жарыялап, өзүнүн пикирин билдирсе, ал өзүнүн ою. Ал талапкердин үгүт иштерине колдонулган жок.

Эки саясатчынын жолугушуусу тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтына да жарыяланган. Анда фракция лидери эмес, “Кыргызстандын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу” деп жазылганын көрүүгө болот. Талашка түшкөн жолугушуу тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри да үн катып, ага карата нааразычылык нотасын коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн. Билдирүүдө Казакстандын президенти Кыргызстандын ичики иштерине кийлигишпей турганын айтканына карабай, анын сөздөрү Кыргызстандын келечектеги президентин тандоого таасир этери айтылган.

Жарандык активист Рита Карасартованын айтымында, 2010-жылдары шайлоо алдында талапкерлердин башка өлкөнүн лидерлери менен жолугуп, аны үгүт иштерине колдонуусу көп кездешкен. Ошондон кийин бул аракетке тыюу салуу максатында мыйзам кабыл алынган. Бирок андан кийин да бул көрүнүштүн кайталанып жатканын жакшы эмес деп баалап, төмөнкүлөргө токтолду.

-Мен президент болом дегендердин баары эле Кремлге барып жүрчү эле. Эми бул аз келгенсип, коңшу мамлекетке каттай баштаптыр. Эмне ал жактан колдоо издешеби деген маселе турат. Мыйзам жөнүндө мыйзамга карап туруп, эртең укуктук мамлекетти курам десек, укукка сый-урмат менен мамиле курушубуз керек. “Укуктун духу” деген түшүнүктү сыйлап, анын ордуна эл менен жолугушуу натыйжалуу болмок.

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков бул көрүнүш бир гана Бабановго эмес буга чейинки талапкерлерде да болуп келген дейт. Бул кайсы бир деңгээлде көз карандуулуктун, башка мамлекеттин лидерлерине өлкө кызыкчылыгын кандайдыр бир деңгээлде өткөрүп берүүнүн белгиси. Демократиялык өлкөдө мындай көрүнүштүн орун алышы уят иш деп, төмөнкүлөрдү айтты.

-Бул келечектеги президент түздөн-түз башка мамлекетке көз каранды дегенди билдирет. Бүгүн да ошондой эле бир кандидаттын башка мамлекеттин президенттери менен шайлоо учурунда барып сүйлөшүшүп, алардын түз жана кыйыр түрдө колдоосуна ээ болгусу келип жатканы, бул мамлекетти кандайдыр бир деңгээлде көз карандылыкка, башка өлкө лидерлерине мамлекеттин кызыкчылыгын өткөрүп бергенге жатат. Бул туура эмес көз караш болуп эсептелет. Демократиялык мамлекеттерде мындай көрүнүшкө жол берилбейт. Бул-уят.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 15-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага жалпысынан 13 талапкер ат салышып, анда жаңы мамлекет башчы 6 жылга шайланат.

Узап бара жаткан аптанын 20-сентябрында ишкерлер күнү белгиленди. Буга байланшытуу өлкө экономикасына зор салым кошкон ишкерлер менен өлкөнүн бир катар жетекчилер жолугуп, сыйлыктарды тапшырышты. Мындан сырткары өкмөт башчы ишкерлер менен жолугуп, жыйында бизнес тармагын талкуулашты.

SAB_1242

Ишкерлер менен жолугууга бул жолу өкмөт өзү кадам таштады. Тагыраагы премьер-министр Сапар Исаков, мындан ары бизнес тармагын талкуулоо үчүн ишкерлер өкмөткө эмес, өкмөт бизнес өкүлдөрүнүн артынан келээрин жарыя кылды. Анткени ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү менен экономиканын өсүшү жогорулай тураары айдан ачык.

Сапар Исаков, орто жана чакан бизнес экономиканын өсүшүндөгү негизги күч экенин, анын негизинде өлкөдө жумушчу орундар түзүлүп, бюджетке салыктар төлөнүп жатканын айтты. Маалыматтар боюнча, бизнестин артыкчылыктары ЕАЭБ өлкөлөрүндө да байкалып жатат.

Алсак, өткөн 7 айдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө жасалган экспорт 32 пайыздан жогору болгон.

-Орто жана чакан бизнес келечектүү болуп саналат. Бул маселе өнүктүрүү программасына киргизилген. Өкмөт буга олуттуу көңүл бөлөт. Долбоорлорду аягына чыгаруу керек. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында экспорттун өсүү көрсөткүчү 27 пайызды түздү. Ал эми ЕАЭБ мамлекеттерине жасалган экспорттун көлөмү 32,7 пайыз болду. Бул реалдуу көрсөткүчтөр. Мен ата мекендик ишкерлер менен жолукканымда, алар өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери биздин бизнес жаңыланып өнүгүп жатат дешти. Жумушчу орундары көбөйүп, продукциясын дагы көп өлчөмдө өндүрүүгө аракет жасап жатышканын айтышты. Бул абдан кубанычтуу кабар.

Анткен менен ишкерлер зергерчиликти өнүктүрүү багытында кабыл алынган концепция өкмөт тарабынан аткарылбай жатканын айтышууда. Бүгүнкү күндө зергерчиликти өнүктүрүү башкы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп турат. Ишкерлердин айтымында, бул багыттын потенциалы чоң. Бирок, буга чейин кабыл алынган мыйзамдарды өзгөртүү, зергерлерге алтын-күмүш керек болуп жаткандыгы айтылды. Зергерлер биримдигинин президенти Сталбек Акматовдун белгилешинче, учурда ички рыноктогу алтын, күмүш аздык кылууда. Сырттан сатып келүүгө өкмөттүн мыйзам жагынан колдоосу керек.

-Зергерчилик сектору учурда жакшы өнүгүп жатат десек болот. Орто жана чакан өндүрүш ишканалары ачылган, чоң заводдор да бар. Иштейм деген зергерлердин саны эң аз дегенде 5-6 миң, болбосо 10 миңге жакын. Бирок бизге сырье, алтын-күмүш жетишпей жатат. Ушул маселени чече албай келе жатабыз. Зергерчилик багытындагы мыйзамдар советтер мезгилинен бери өзгөртүү киргизиле элек.

Бизнес өкүлдөрү  мындан тышкары дагы бир топ жагдайларды өкмөткө жеткиришти. Өкмөт башчы Сапар Исаков, “Таза коом” долбоору жөнүндө айтып берип, долбоор бизнести өнүктүрүү менен чогуу ишке ашаарын айтты.

Экономист Искендер Шаршеевдин айтуусунда, “Таза коом” долбоорундагы программалар аткарылса ишкер менен мамлекеттик органдар ортосундагы карым-катнаш электрондук түрдө болот. Ошондо ишкердин коррупцияга малынышы же тоскоолдуктарга кабылышы азаят. Мындан тышкары, ишкерлер салык төлөө системасын жөнөкөйлөтүү керектигин белгилешет.

-Эгерде салык төлөөнүн бирдиктүү системасы кирсе, администрацияны жеңилдетсе жакшы болмок. Анткени ишкерлер салык төлөө, отчетторду жазуу, юридикалык иштерди жасоо үчүн көп акча кетирет. Дагы бир маанилүү нерсе, инвестицияны алып келүүнүн туура кадамдарын тандаш керек. 

Мамлекеттик органдардын ишинде коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө өлкөнү санарипке өткөрүү менен гана ишке ашаары айтылды. Ал үчүн жакынкы убакта кызмат көрсөтүүнүн электрондук порталы иштелип бүтөөрү кабарланды.

Эми спорт жаатында болгон окуяларга токтолсок.  Апта башында Ашхабадда V Азия оюндары башталды. Ага Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 153 спорт чебери мелдештерге катышууда.

Учурда жабык имараттагы жана таймаш өнөрү боюнча Азия оюндарынын расмий эмес медалдар жыйынтыгында Кыргызстан 34 медаль алды. 22-сентябрга карата Кыргызстандын куржунунда үч алтын, 11 күмүш жана 20 коло медаль бар.

Жалпы медалдардын расмий эмес жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 14-орунда келе жатат.

Алдыда Кыргызстандын курамы дагы бир нече медаль менен толукталышы күтүлүп жатат. Себеби спортчулар Кыргызстандын улуттук спортунун бири — алыш күрөшү боюнча таймашат.

Ошондой эле бильярд боюнча кыргызстандык спортчулар медаль үчүн оюндарын өткөрүшөт.

Жабык жайдагы жана таймаш өнөрү боюнча 5-Азия оюндары 27-сентябрда аяктайт.

Comments are closed.