Шашылыш кабар:

Н.Ишекеев: Өлкөнүн мээси кыргыз тилинде ойлонуп, жүрөгүндө согуп, канында айланып турушу керек

Сентябрь 22nd, 2017 | by Каныкей Бозгунова
Н.Ишекеев: Өлкөнүн мээси кыргыз тилинде ойлонуп, жүрөгүндө согуп, канында айланып турушу керек
Улут уюткусу
0

23-сентябрда кыргыз тили «мамлекеттик тил» макамын алгандыгына 28 жыл толот. Аны утурлай мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы, тил мыйзамдарынын аткарылышы, тил саясатын жүргүзүү жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен «Улут уюткусу» уктуруусунда кеңири маектештик.

IMG_20170914_144813


НАЗАРКУЛ ИШЕКЕЕВ: 

Кыргыз тили дүйнөдөгү өзүнүн мамлекети бар 193 тилдин катарында. Бул эмне деген бакыт, эмне деген таалай!..

Быйыл мамлекеттик тилге 28 жыл толуп отурат. Тил – кайсы гана этнос болбосун анын эң башкы белгилеринин бири. Кыргыз тили Кыргыз Респубикасынын атын, затын берген тил. Дүйнөлүк илимдин жыйынтыктары боюнча этносту кармап турган беш уңгулуу баалуулук болот. Ошолорду улут канчалык бекем сактап, тумарындай тутунуп, көздүн карегиндей мамиле кылып, өнүгүп турса, ошол улуттун келечеги кең болот. Ал тарыхтын татаал кырдаалдарына, шарттарына жооп берип, өзүнүн өнүгүшүн улантат. Мына ушул өңүттөн алып караганда, кыргыз эли, биздин ата-бабабыз кайталангыс керемет, фундаменталдуу баалуулукту бизге калтырып кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө 5,5 миң тил бар экен. Анын 197синин өлкөсү бар жана 193 тил БУУ тарабынан таанылган. Биз ошол 193 тилдин ичиндебиз. Бул эмне деген бакыт, эмне деген таалай!.. Салыштыруу табуу кыйын. Мына ушул баалуулук өссө, өнүксө, кийинки муундарга ошону өткөрүп берсек деген максатта биз аны мыйзам түрүндө бекиткенбиз. Биз 70 жылдай тоталитардык коомдун мейкиндигинде жашадык. Ал коомдун жакшы жактары дагы, өксүктөрү дагы көп болду. Ошол өксүктөрдүн бири – империя өз учурунда улуттардын тилине текеберчилик менен мамиле кылды, ачык айтканда, орусташтыруу процесси жүрдү. Бүгүнкү күндө деле Орусиянын курамындагы көптөгөн этностордун тили жоголуп бара жатат. Биздин дагы тагдырыбыз ошондой болмок. Кудай колдоп, кайра куруу процесси жүрүп кетип, ошонун натыйжасында улуттук резонанстар жүрүп, Империянын аймагынан чыгып кеттик. Албетте, орустар аркылуу биз көп нерсеге жетиштик, европалык баалуулуктар менен интеграцияга бардык. Албетте, бул абдан жакшы нерсе, бирок, ошол эле учурда биз улуттук баалуулуктардан бир аз четтедик. Мен жогоруда айткан беш баалуулуктун төлү – бул ар бир улуттун өзүнүн эне тили болот. Андан айрылуу улуттун жок болушу деген сөз. Азаттыкка чыккандан кийин ушул улуттук баалуулуктарыбыз жаңы түскө, жаңы боекко ээ болду. Кыргыз тили дагы мыйзамдуу түрдө Легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынды. Ал окуялар кандай болгондугу али да көз алдыбызда турат. Мыйзамды Жогорку Советтен өткөрүү оңойго турган эмес. Ага дагы кыргыздын мыкты уул-кыздары болгон аракеттерин жумшаган. Ал эми, бүгүнкү күндө кыргыз тили өнүгүп жатат, бирок, баарыбыз каалагандай эмес. 2013-жылы 1-июлда президент тарабынан «Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндөгү» №155 Жарлык чыккан. Ага ылайык, атайын жумушчу топ түзүлүп, анын катарында мен дагы бар элем, алты ай иштеп 2014-2020-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү тууралуу Улуттук программа иштеп чыкканбыз. Анын айрым өзгөчөлүктөрү бар. Биринчиси, мамлекеттик тилди турмуштун бардык чөйрөсүндө өнүктүрүүгө багытталган. Экинчи, Кыргызстандагы ар түрдүү этностордун ынтымагын, биримдигин түзүүгө чакырылган. Үчүнчүсү, биринчи жолу Улуттук программага мамлекет тарабынан финансылык каржылоо болду. Ошонун натыйжасында иштер акырындап алдыга жылып жатат. Сөздүн терең жана толук маанисинде мамлекеттик тил фундаменталдык, улуттун тарыхый тагдыры, өлкөнүн коопсуздугу  жөнүндөгү маселе. Ошондуктан, бүгүнкү күндө тил маселесине өлкөнүн президенти дагы, Жогорку Кеңештин төрагасы дагы, Өкмөт башчысы дагы терең маани берип, бул багытта кадамдар ишенимдүү, чечкиндүү жасалып жатат дегенге толук негиздер бар.

2018-жылы бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырып, атайын чаралар көрүлөт…

28 жылдык курактык өлчөмдү алып караганда кыргыз тили биз күткөн курактагыдай кулпунуп турган жок. 28 чыккан жигиттин абалы кандай, ал эми, кыргыз тилинин абалы кандай?.. Мына ушул параллелдүүлүктү алганда биз каалагандай болбой жатат. Баш мыйзамда кыргыз тили мамлекеттик тил катары ачык-айкын көрсөтүлгөн. Расмий тил катары орус тили кабыл алынган. Ошондуктан, бул эки тил канатташ жашап келе жатат. Менин терең ишенимимде тил – бул зарылдыктардын, муктаждыктардын системасы болуш керек. Эгер ошондой мейкиндик, аянтча түзүлсө, ал аракетке келет. Келерки жылдан баштап боюрса «Кыргызтест» системасы толук ишке кирет. Мыйзамда Президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, Өкмөт башчысы, Жогорку Соттун төрагасы жана Конституциялык палатанын төрагасы милдеттүү түрдө кыргыз тилинен сынактан өтүш керек деп жазылган. Бүгүнкү күндө ушул мыйзамдын бир эле президентке тиешелүү беренеси иштеп келе жатат. Президенттикке талапкерлер сынактан өтүп атышат. Эми анын калган беренелери дагы ишке кириш керек. Ошондуктан, 2018-жылдан баштап мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы кыргыз тилинен сынак тапшырып баштайт. Бул биздин жаштардын, мамлекеттик кызматта жүргөн жарандарыбыздын улуттук аң-сезимин ойготууга, мамлекеттик тилге болгон мамилесин өзгөртүүгө абдан жакшы булак болот деген үмүттө болуп атабыз.

Аткаруу бийлигинде иш кагаздарынын 15-20 гана пайызы мамлекеттик тилде жүрөт…

Биз жыл башынан бери 12 министрликте мамлекеттик тилдин абалы боюнча мониторинг жасадык. Анын жыйынтыгы дүңүнөн айтканда, биздин аткаруу бийлигинде иш кагаздарынын 15-20 гана пайызы мамлекеттик тилде жүрөт экен. Бул албетте өкүнүчтүү нерсе. Мындан улам биз 28 жылда ат майданындагыдай бир эле алкакта, мейкиндикте айланып жаткандай болуптурбуз. Андыктан, «Кыргызтест» системасынын өндүрүшкө кирип жатышы чоң үмүт берип жатат. Бул система эл аралык стандартка негизделген. Бардык кызматкерлерге бир учурда бирдей талап коюлуп, бирдей жыйынтык чыгат. Экинчиден, адам факторунун катышуусу эң төмөнкү деңгээлге коюлган. Бул багытта быйыл өкмөттүн токтому чыгып, анда мамлекеттик кызматкерлердин билимин аныктоонун деңгээлдери белгиленди. Эми жакында дагы бир токтомго кол коюлат. Анда бардык чаралар, шарттар, системанын мазмуну, сынактан өтпөй калгандар эмне болоору көрсөтүлөт. Кыскасы, «Кыргызтесттин» тактикасын, стратегиясын аныктайт. Буга чейин бир айга жакын президенттикке талапкерлерден сынак алдык. Жыйынтыгында эсперттер тарабынан жакшы пикирлер айтылды.  Бул дагы «Кыргызтестти» ишке ашырууда коомчулукта оң пикирди пайда кылууга негиз болду. Сынак абдан логикалуу болгондугун пайыздык катыштар чагылдырып турат. «Кыргызтестке» өзүнчө имарат жана акча каражаты бөлүнүүдө. Алар тестирлөөнүн мазмунун дагы өркүндөтүшүп, өз деңгээлинде иш жүргүзөт. Анткени, анын артында адамдын тагдыры, ал кызматын сактап кала алабы же кала албайбы деген нерсе турат. Ошон үчүн, бул жерде өтө кылдат, талаш-тартыш туудурбай тургандай иш жүргүзүү зарыл.

Бөлүнгөн каражаттар бир эле Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга берилген жок…

Бүгүнкү күнгө чейин Улуттук тил комиссиясы башка мамлекеттик мекемелер менен биргеликте кыргыз тилин өнүктүрүү багытында көп иштер жасады. Эгемендүү тарыхыбызда биринчи жолу бул тармакка акча каражаты бөлүндү. Каралган акчалар жалаң эле Тил комиссиясына берилип жаткан жок. Анын эң көп бөлүгү Улуттук илимдер академиясына, андагы Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна бөлүнгөн. Дагы бир чоң бөлүгү Билим берүү жана илим министрлигине берилген. Ошондой эле, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга бөлүндү. Анын негизги максаты жогорку окуу жайларындагы кыргыз тилиндеги окуу-методикалык комплекстерди көбөйтүү болгон. Көпчүлүк окуу жайларда окутуу орус тилинде жүрүп атат. Ал эми мыйзамда билим берүүнүн тили катары кыргыз тили көрсөтүлгөн. Азыр министрлик жана жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешип, андагы окуу дисциплиналарын акырындык менен мамлекеттик тилге которууга аракеттер болуп атат. Бирок, чечкиндүү, иштиктүү кадамдар жай жүрүүдө. Мунун дагы обьективдүү себептери бар. Тигил же бул предметти кыргыз тилинде жакшы окуп келген адистерибиз жетишпей жатат. Экинчиден, лекция окуган илимпоздор даяр орусча булактардын негизинде материалдарын даярдап көнүп алган. Аны кыргыз тилине которуп окуган адистер дагы бар, бирок, өтө аз болууда. Ошол кенемтени толуктоо үчүн министрлик билим берүү стандарттарын өзгөртүп, китептерди чыгарууга акча каражаты бөлүнгөн. Ошонун жыйынтыктары чыга баштады. Кечээ жакында 80ден ашык китептерди чыгарыптыр. Эгемендүүлүк алгандан кийин кийин биздин окуу жайлардын окуу куралдары кароосуз калган. Анын баары окумуштуулардын мойнундагы жүк болуп калган. Биринчи жолу жогорку, орто жана кесиптик окуу жайлар үчүн акча бөлүнүп, кыргызча китептер жарык көрүп жатат. Бул мамлекеттик тилде сүйлөөгө, жазууга, үйрөнүүгө мүмкүндүк берүүчү булак. Кыргызстанда жалпы билим берүүчү орто мектептердин 80 пайызга жакыны кыргыз тилинде. Ошол мектептерди бүтүп келген балдар жогорку окуу жайларына келип орусча окуп атышат. Аны бүткөндөн кийин эле бир кызыктай жагдай түзүлүп жатат. Же кыргызча жакшы сүйлөй албайт же жаза албайт. Ушул карама-каршылыкты жоюуга министрлик чыгарып жаткан китептер өзүнүн таасирин тийгизет го деген ойдобуз. Андан сырткары, Улуттук илимдер академиясы тарабынан дагы улуттук рухий баалуулуктарды элге жеткирүү, жалпы элдин маданиятын көтөрүү, тарыхый эс тутум менен көркөм-эстетикалык баалуулуктарын айкалыштуруу багытында 100гө жакын китептер жарык көрдү. Ал эми, Маданият министрлигине бөлүнгөн акча каражаттары дагы биздин маданий баалуулуктарды өркүндөтүүгө, көрүнүктүү залкарлардын чыгармаларын бастырууга, аларды элге жеткирүүгө багытталып жатат. Өзүңүздөр билгендей, азыр китеп чыгаруу өтө кыйынга турат. Анын ичинде Улуттук комиссия тарабынан дагы 4 багыттагы китептерди чыгардык. Алар «Кыргыз адабияты»,  «Дүйнө», «Дүйнөлүк адабият», «Дүбүрт» сериялары боюнча китептер чыкты. Ошондой эле, бөлүнгөн каражаттын негизинде айыл өкмөттөрдүн кызматкерлерин окутуу жүргүзүлдү. Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди сактоо концепциясынын негизинде 1,5 млн сомго облустарда 72 сааттык семинар-тренингдер өткөрүлдү. Ага 500дөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты. Алардын 50 пайыздан көбүн башка улуттун өкүлдөрү түздү. Мындан сырткары, эл аралык уюмдардын каржылоосу менен 500дөн ашык мамлекеттик кызматкерлерге акысыз окутуулар жүргүзүлдү. Жалпылап айтканда, 2016-2017-жылдар ичинде 2 миңден ашык кызматкерлер мамлекеттик тил боюнча билим алышты. Ошондой эле, кыргыз тили Google translate кызматына киргизилип, 500 миңден ашык фраза которулду. Учурда ал кызматта 1,5 млн сөз айкашы бар. Эркин энциклопедия википедиясын өнүктүрүүдө 12 миң макала которулуп, жалпы 60 миң макала киргизилди.  Мындан сырткары чет элдик жарандар үчүн интерактивдүү сүйлөшмөлөр, мобилдик программалар иштелип чыкты. Ушул сыяктуу иштер жүрүп жатат, бирок, өтө жогорку деңгээлде эмес. Эң негизгиси иш ордунан козголуп жаткандыгын ачык айтып коюуга негиздер бар.

Кыргыз тили менен орус тилинин ортосунда талаш туудура турган эч нерсе жок…

Биздин Баш мыйзамыбызда КРнын мамлекеттик тили — кыргыз тили, ал эми, официалдуу тил орус тили деп ачык жазылган. Бул жерде талаш туудура турган эч нерсе жок. Биз тилдик белгилери боюнча этносторду бири бирине каршы койбошубуз керек. Улуттук программада улуттар аралык биримдикти бекемдөө, алардын гармониясын табуу биринчи орунда турат. Биз унитардуу өлкөбүз. Анын атын, затын берген кыргыз тили. Ал ушул гана чөлкөмдө, аймакта өнүгүп, илгерилеп жана мамлекеттик тил катарында өзүнүн милдетин так, ачык, кеңири аткарышы керек. Албетте, орус тили официалдуу тил катары бизге эч кандай зыяны тийген жок. Аны эл аралык мамилелерде же күндөлүк турмушта деле кеңири колдонуп атабыз. Анын макамы конституцияда көргөзүлгөн, аны биз так сакташыбыз зарыл.

Латын алфавитине өтүүнү эл чече турган, улуттук гана эмес, эл аралык деңгээлдеги чоң маселе…

Латын алфавитине өтүү абдан көп каржылык булакты талап кылат. Муну жакшылап эсептеп чыгышыбыз керек. Анын алуусу, кошуусу кайсы жерде, 70 жылдан берки жарык көргөн баалуулуктарыбызды биз кийинки муундан ажыратып салабызбы?.. Экинчиден, 1 млнго жакын жарандарыбыз Орусияда жүрөт, буга чейин кириллица менен жазылган не деген байлыктарыбыз бар, кириллицаны билбей калган кийинки муундун тагдыры эмне болот? Мына биз араб тилин билбей, бизге чейинки баалуулуктарды окуй албай атпайбызбы. Ошондой кырдаал түзүлсө, биз эмне кылабыз?.. Андыктан, буга өтө кылдат, аяр мамиле кылуу керек. Бул маселени аябай терең изилдөө зарыл. Латын алфавитине өтүп жаткан коңшу мамлекеттер өтө татаал процесстерди баштан өткөрүшүүдө. Ошондуктан, муну шашылыш, саясий боек менен ишке ашырып же чабуул менен мамиле кылууга болбойт. Эгер, каржы булагы табылып калса, муну элге салып, референдум менен чечүү зарыл. Себеби, бул эл чече турган, улуттук гана эмес, эл аралык деңгээлдеги чоң маселе.

Кыргыз менен кыргыз кыргыз тилинде сүйлөшүү маданиятын калыптандырышыбыз керек…

Эң башкысы бизде үй-бүлө институту абдан күчтүү болушу керек. Бул улуттук баалуулуктарга аябай сугарылган, ошол булактан үзгүлтүксүз азыктанган, рухий жана материалдык жактан дагы кубаттуу үй-бүлө болушу, ата-эне мектеби улуттук мурастарды уул-кызына, небересине өткөрүп бериши зарыл. Тилекке каршы андай процесс бизде болбой жатат. Анын башкы себеби, үй-бүлөнүн каржылык абалы. Эгер үй-бүлөнүн ээси жана анын мүчөлөрү жумуш менен камсыз болуп, татыктуу айлыкка жетишсе, улуттук баалуулуктарга маани бере баштамак. Азыр биздин жаштарыбызды телеберүүлөрдөгү мультфильмдер, чөнтөк телефон, андагы маалыматтар жана башка. Бирок, ал маалыматтын агымын токтото албайбыз. Ошого каршы кое турган үй-бүлөлүк маданиятыбыз болуш керек. Кыргыз менен кыргыз өзүбүздүн тилде сүйлөшүү маданиятын калыптандырсак, чоң ийгиликтер болоор эле. Тилекке каршы ага дагы биздин жарандарыбыз кайдыгер карап жатышат.

Тилди бизге табият берген. Ал эми, табиятка каршы болуу трагедияга алып барат…

Кыргыз тили абдан бай, эң байыркы тил. Анын мүмкүндүктөрүн биз бүгүнкү күндө пайдалана албай жатабыз. Ошондой эле, мамлекеттик тил катары мамлекеттик түзүмдүн бардык деңгээлдеринде иштеши керек, бардык жарандар билиш керек деген ыйык түшүнүк турат. Эң негизгиси ар бир кыргыз, кыргыз жараны өзүнүн иденттүүлүгүн табышы керек. Анын төл башында эне тили турат. Кыргыз Республикасы дагы мамлекеттин иденттүүлүгүн табышы керек. Анын башында дагы кыргы тили турат.  Мен бир нерсеге аябай өкүнөм. Бир кездерде телеканалдарда дикторлук институттар бар эле. Ал жерге чыккан адамдардын кебетеси, турпатынан баштап, сүйлөгөн сөзүнө чейин бүтүндөй коомду тарбиялап, маданиятты көтөрүп турчу. Ошол институт бизде жоюлуп кетти.  Дикторлук окуу сүйлөө маданиятынын күзгүсү болоор эле. Азыр мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө, жогорку трибуналарда диалектилик, говордук сөздөр, ал тургай жаргондор менен чыгып сүйлөп жатышпайбы. Биз адабий тилдин нормаларын сактабай жатабыз. Бул биздин маданиятсыздыгыбыздын белгиси. Ошондуктан, улуу, кичүү дебей, көркөм чыгармаларды окуп, адабий тилдин керемет булактары менен азыктанып, көркөм, кооз, уккулуктуу, жагымдуу, элестүү сүйлөөгө аракет кылышыбыз керек. Ал адамдын жүзүн, интеллектуалдык деңгээлин, кесипкөйлүк маданиятын чагылдыра турган өзүнчө чен өлчөм да. Азыр биздин алдыбызда мамлекттик тилди өркүндөтүү, анын бай булактарын кайрадан жаңы деңгээлде пайдалана билүү сыяктуу олуттуу маселелер туруп атат. Бул барып-келип эле өлкөнүн келечеги, Кыргыз мамлекетинин бар же жок болушу жөнүндөгү, тарыхый тагдыры жана анын коопсуздугу жөнүндөгү маселе. Азыр бизге кандай көп маданияттар агылып кирип атат. Ошолорго каршы турган бул биздин тилибиз, тарыхыбыз, маданиятыбыз. Аларды биз аздектеп, кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою ушул байлыкты сактап, бизге өткөрүп беришти да. Эми 21-кылымда, өз алдынча мамлекет болуп турган чакта бул түшүнүктөрдүн ажарын чыгара албасак, көркүнө көрк кошо албасак, анда биздин атуулдук нарк-насилибиз каякта?!. Биз тилекке каршы советтик-тоталитардык ой жүгүртүүдөн толук чыгып кете албай жатабыз. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктардан азыктанбай калдык. Ошондуктан, азыр биздин балдарыбыз улуттук баалуулуктардан четтеп, маалымат булактарынан алган евробаалуулуктарды өздөрүнүн акылына отургузуп жатышат. Андыктан, алардын инсандык иденттүүлүгү улуттук мүнөзгө ээ болбой, кайдыгер карайт. Ал үчүн башка бир улуттун баалуулуктары кымбат, асыл. Улуттук тил биздин өлкөнүн канында айланып, жүрөгүндө согуп, дилинде отуруп, керек болсо өлкөнүн мээси дагы кыргыз тилинде ойлонушу керек. Бул маселеге биздин кайдыгер кароого акыбыз жок. Түбөлүктүү маселе – бул биздин эне тилибиз. Аны бизге табият берген. Ал эми, табиятка каршы болуу трагедияга алып барат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache