Шашылыш кабар:

Т. Осмоналиев: Зилалиевдин сөзү ачыкка чыкпаса ошол бойдон калмак

Сентябрь 21, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
105

SAB_1180

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунда бийлик көрсөткөн талапкерди колдоого чакырганы үчүн премьер-министрден катуу эсертүү алып, президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектөөдөн четтеди. Ушул теманын айланасында жана административдик ресурска каршы аракеттер тууралуу «Таза шайлоо» ассоциациясынын жетекчиси Тагир Осмоналиев менен «Күн чекит» программасында маектештик.

Марал: Тагир мырза «Таза шайлоо» ассоциациясы шайлоо процесси башталгандан бери ага мониторинг жүргүзүп, үгүт өнөктүгүнө дагы көз салып жатат. Бийликтин административдик ресурс колдонгон же колдонууга аракет кылган канча учурларды кездештире алдыңыздар?

Тагир Осмоналиев: Вице-премьер-министр, ошол эле учурда шайлоону өткөрүү боюнча штабдын жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев бир талапкерге чакырык жасап, ушул кишини шайлагыла дегени үчүн премьер-министр аны штабды жетектөөдөн алды. Бул жакшы көрүнүш жана өкмөт башчынын шайлоону таза өткөрүүгө, административдик ресурска каршы салымын кошуп жатканын көрдүк. Бирок жер-жерлерде, айыл өкмөттөр, шаарлардын мэрлери кол алдындагыларды чогултуп алып, бир талапкерге иштегиле, шайлоодо жардам бериле деген үгүттөр бар.

Марал: Сапар Исаковдун вице-премьер-министр  Дүйшөнбек Зилалиевге карата көргөн чарасын өкмөттүн шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүүгө болгон аракети катары баалап жатасыз. Бирок, бул ошол эле учурда оппозицияны сооротуу аракети эмеспи?

Тагир Осмоналиев: Бул бир гана оппозицияны сооротуу эмес, эгер ошол айтылган сөз  коомчулукка жарыяланып, мынчалык талкуу болбосо мүмкүн ал ошол бойдон калып калмак. Ушул жагы дагы бар. Ошондуктан ушундай учурлар кездешкенде коомчулук менен шайлоочулардын күчү билинет. Эгер ага туруштук бере алсак, бийлик дагы көңүл бурат. Андыктан биз дагы шайлоонун таза өтүшүнө салым кошушубуз керек.

Марал: Силердин ассоциация бул жолку эле президенттик шайлоого эмес буга чейинки дагы бир топ шайлоолорго байкоо салып келген. Административдик ресурс көбүнчө кайсы жерлерде, кимдер тарабынан көп колдонулат?

Тагир Осмоналиев: Буга чейинки учурлардагы административдик ресурстун колдонулушу менен учурдагынын айырмасы чоң. Анткени мурдагы шайлоолордо абдан ыплас жолдор колдонулчу. Азыр болсо админресурс кээ бир мамлекеттик органдарда жок десек болот. Биз мониторинг кылып, сурамжылоолорду дагы өткөрүп көрдүк. Мурдагыдай бийликтин талапкерине иштегиле деген нерсе жок. Азыр шайлоочулардын добушун сатып алуу административдик ресурстан кооптураак болуп жатат. Ошол эле учурда админресурс бийлик тараптан эле эмес бизнес чөйрөсүндө, кол алдында иштегендерди мажбурлаган жеке секторлордо дагы болушу мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *