Шашылыш кабар:

А.Акматалиев: БУУ жыйынында Кыргызстандын негизги маселелери айтылды

Сентябрь 21, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
66

19554873_1580024342018778_7570868957181335335_n

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында жарыш сөзгө чыкты.

Өлкө башчы сөзүн Мексикадагы жер титирөөгө байланыштуу мексикалыктарга көңүл айтуу менен баштады. Андан ары кыргыз эли тарыхы терен эл экенин айтып, жаңы Кыргызстан эки революцияны башынан өткөргөнүнө карабай экономикалык өсүүдө экенин айтты.

Мындан сырткары уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча өзүнчө токтолуп, бул боюнча БУУ деңгээлинде жыйын өтүп жатканын белгиледи. Кыргызстан уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча резоюлюцияны колдоорун айтты.

Өлкө башчынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасында көтөргөн маселелер боюнча суроолорго  философия илимдеринин кандидаты, профессор Алмаз Акматалиев  «Күн чабыт» программасында жооп берди.

-Президент Алмазбек Атамбаев трибунада бир канча маселени айтты. Анын ичинде өтө олутту деп кайсынысын санайсыз?

Биздин президенттин 6 жыл ичинде Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында биринчи сүйлөгөнү жагымдуу нерсе. Себеби БУУ – бул дүйнөлүк арена. Ал жерде Кыргызстан деген мамлекет бар экени, анын президенти сүйлөп жатат деп көңүл буруу болот. Экинчиден президент Кыргызстан үчүн маанилүү болгон маселенин баарын көтөрдү. Анын ичинде мөңгүлөр, климаттын өзгөрүүсү, ак илбирсти сактап калуу жөнүндө айтты. Буга кошумча тышкы маселеден дагы сыртта калган жок. Мисалы Мьянманы айтып кетти.

Президент белгилеген маселелердин чечилишине БУУ канчалык таасир эте алат?

Климаттын өзгөрүүсү бир мамлекет же бир топ мамлекет чече албайт. Бул глобалдык маселе. Ошондуктан глобалдык маселени глобалдык органдар кийлигишүүсү  аркылуу атайын  программа  менен чечилиши керек. Кыргызстан климаттын өзгөрүүсү боюнча эл аралык кеңештин мүчөсүбүз. Бирок дагы бир жолу биздин президент Башкы ассамблеяда ушул маселени көтөргөнү жакшы. Кыргызстандын негизги байлыгы  дагы таза суу. Эл аралык изилдөөчүлөрдүн прогноздорунда  2100-жылы мөңгүлөр калбайт деп айтылып жүрөт. Ошондуктан бул биз үчүн чоң маселе. Буга БУУнун таасири сөзсүз болот. Себеби дүйнөлүк чоң-чоң программалардын баары БУУнун жетекчилиги астында  негизделип, чечилип келе жатканын жакшы билебиз.  

-Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *