Шашылыш кабар:

ВИЧти эрте аныктоо дени сак баланын төрөлүшүнө өбөлгө

Сентябрь 20, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
173

ЮНЭЙДС жана ЮНИСЕФ эл аралык уюму жана “Марал” радиосу менен биргеликте, Орусия өкмөтүнүн колдоосу менен даярдалган “Сен жалгыз эмессиң” программасы СПИД илдетине чалдыккан балдардын саламаттыгын жакшыртууга багытталган. Бул жолку уктурууда ВИЧ менен жабыркаган энелерден төрөлгөн балдарды эрте диагностикалоо көрсөткүчтөрү боюнча Республикалык СПИД борборунун дарылоо бөлүм дарыгери Эркин Тостоков менен маек курдук.


640_11544

Өткөн уктуруубузда балдардын көпчүлүгү энесинен жугузуп аларын белгилеп өттүңүз эле. Ошол энелер балалуу болордун алдында өздөрү ВИЧ менен жабыркагандыгын билишеби? Же текшерилбегендиктин кесепетиби?

-Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайы 2008-жылы чыгарган буйругу бар. Ага ылайык, ар бир кош бойлуу аял ВИЧ илдетине каршы текшерүүдөн өтөт. Ага жараша көзөмөлгө алынат. Бирок кош бойлуулукка чейин текшерилүү ар бир жарандын өзүнүн тандоосуна жараша. Ал эми ВИЧ илдетин лабораториялык текшерүүдөн өтүү өзгөчөлүгүнө токтоло турган болсок, айрым учурда 6 айга чейин ВИЧ илдетинин вирусу аныкталбай калышы мүмкүн. Мунун себеби адамдын иммунитети жабыркап, өнөкөт оору менен ооруп жүрсө аныкталбай калышы мүмкүн.

Тилекке каршы медициналык мекемелерден жугузуп алган учурлар да бар. Бирок ал учурда кантип билүүгө болот. Белгилери кандай?

-Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көргөзмөсүнө ылайык, кайсы балдар атайы текшерүүдөн өтүп туруш керек деген көрсөтмөлөр бар. Булар- кайталап инфекциялык оорулар менен ооруган балдар, чоңдордо кездешпеген оорулар менен ооруган балдар, СПИД индикаторлук ооруларга чалдыккан балдар, өпкөнүн шамалдашы, учуктун денеге чыккан түрү, баланын өсүү темпинин басаңдашы. Бул балдар алдын ала текшерүүдөн өтүп турушу керек.

ВИЧ менен жабыркаган энелерден баласына өтүү тобокелчилиги канчалык?

-Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча эгерде ВИЧке кабылган эне эч кандай алдын алуу чараларын көрбөй, дарыланбаса, энеден балага жугуу тобокелчилиги 35%. Ал эми эне текшерүүдөн өтүп, дарыланса, алдын ала чаралар көрүлсө энеден балага өтүү тобокелчилиги 35%дан  2%га чейин түшөрүн анализдер далилдеген.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, эрте аныктоонун негизинде канча бала толук түрдө дени сак төрөлүп, каттоодон алынган?

Алгачкы жолу кош бойлуу аялда 1997-жылы катталган. Андан кийин 2005-жылга чейин 10 аял катталган. Ал эми  2017-жылдын сентябрына карата жалпы саны 1079 кош бойлуу аялда аныкталса, анын 896 көз жарган, учурда кош бойлуу болгон аялдардын саны 56. Ошол 896 эненин ичинде эгиз төрөгөндөр да бар, ошондо жалпы ВИЧ илдетине чалдыккан энеден 913 бала төрөлгөн. Алардын 18 айга толуп, толук ВИЧ илдети жукпады деп каттоодон чыгарган балдардын саны 533, ал эми 1,5 жашка чыга элек жаш балдардын саны 191. Тилекке каршы азыркы күнгө чейин жашы жетсе да аныктала элек болгон балдардын саны 70. Ал эми 41 балага ВИЧ илдети жуккан деп аныкталган.

Дартты аныктоонун этабына токтолсоңуз?

-Кош бойлуу энелерде стандарттык ыкма колдонулат. Бул ыкма бардык жарандар үчүн бирдей (ИФА) ыкма. Ал эми ВИЧ илдетине чалдыккан энеден төрөлгөн баладагы дартты аныктоодо башка ыкма кодонулат. Андагы өзгөчөлүк вирусту аныктоосу менен. Анткени ИФА ыкмасы менен балдарда 1,5 жашка чейин дартты так аныктай албашыбыз мүмкүн.

Дартты эрте аныктоодо бизде техникалык мүмкүнчүлүктөр кандай?

-Бизде техникалык мүмкүнчүлүктөр жакшы. Жабдыктар бүгүнкү күндө түндүк региону үчүн Республикалык СПИД борборунда, ал эми түштүк региону үчүн Ошто толук шарттар каралган. Андан тышкары анализ жүргүзүү үчүн реактивдер Бүткүл дүйнөлүк фонд аркылуу убактысында камсыздалып турат.

 

Энелерде алгачкы жолу аныкталган жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин өз ыктыяры менен эрте аныктоого болгон көз карашы, аракети, түшүнүгү өзгөрдүбү?

Тилекке каршы түшүндүрүү иштеринин аздыгынанбы, же кодулоодон корккондугунанбы азыркы күнгө чейин дартты эрте аныктоого кайдыгер карагандар бар. Жада калса шектүү болгон ата-энелер да балдарын текшертүүгө кызыктар эмес. Бирок ошол дартты эрте аныктап, балага убагында дарылоо жасалса, анда анын келечегин түзүүгө шарт түзүлмөк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *