Шашылыш кабар:

Бабанов-Назарбаев жолугушуусу: БШК расмий жыйынтыгын бериш керек

Сентябрь 20, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
156

395945a955a33b5c123fca1bd2360597-1068x601

Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алып, эки саясатчы кыргыз-казак мамилеси жана жеке өздөрүнүн жасаган иштери тууралуу кеп козгогон. Коомчулукта бул жолугушуу талкууга түшүп, Борбордук шайлоо комиссиясы да бул кырдаалда эки анжы пикирде болууда. Анткени мыйзам боюнча талапкер үгүт иштерине башка өлкөнүн лидерлери менен түшкөн сүрөт, видеолор колдонулбашы керектиги жазылган. Бирок бул сапар талапкер Бабанов фракция лидери катары жолукканын айтып, эч кандай мыйзам бузуу болгон дегендер да бар. Бул боюнча Тышкы иштер министри да коңшу өлкөгө нааразычылык катын жолдогон. Ушул теманын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолуккандыгы талкууга алынып жатат. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы кандай реакция кылыш керек? Азыр алар ар кандай пикирде болуп жатышат.

Эми бул жерде үгүт маселеси бузулду деген суроо жаралып жатса керек. Бирок, мыйзамда мындай учур көрсөтүлгөн эмес. Өкүнүчтүүсү, эл аралык протокол деген бар, коңшу мамлекеттин президентинин сайтында талапкердин статусун көрсөтүп жатканы туура эмес болду. Бул атайын жасалган нерсеге окшоп турат.

Негизи үгүт иштери жүрүп жаткан кезде талапкердин башка мамлекеттин башчысы менен жолугуусу үгүт ишинин бир формасы болуп саналабы? 

Мыйзам боюнча чет мамлекеттердин жетекчилери менен сүрөткө түшсө болбойт деген талап бар. Бирок биздин массалык маалымат каражаттары ошол сүрөт, видеону алып маалымат беребиз деп, тескерисинче басылмаларына жайгаштырып, байма-бай жарыялап үгүт кылып алып жатышат. Бул туура эмес, мыйзамга каршы келет. Бирок ал талапкердин суроосу менен болуп жатабы же өздөрү жазып жатышабы белгисиз.

Негизи кайсы бир талапкерге, үгүт иштери убагында башка мамлекеттин башчылары менен жолуккандагы сүрөт, видеолору канчалык упай алып бере алат?

Бул маселенин эки жагы бар. Биз эми шайлоо алдында коңшу мамлекетттердин колдоосун алганга көнүп калганбыз. Бабанов ушул максатта көрсөтөйүн деп аракет кылганы менен коомчулукта терс реакция кетип жатат. Ошондуктан мындай кадамга барып жаткандан кийин дыкат болушу керек эле.

Өмүрбек Бабанов бийлик тараптан көрсөтүлгөн талапкерге каршы бирден-бир саясий күч болуп жатканын серепчилер айтып жатышат, бийлик бул жүйөнү колдонуп Бабановду шайлоого ат салышуудан четтетип коюшу мүмкүнбү?

Талапкердин түпкү максаты үгүт ишине багытталган болсо анда жыйынтыгы ушундай болуп калышы мүмкүн. Бирок бийликтен тышкары, дагы 12 талапкер бар. Анын ар бири мыйзамдын бирдей аткарылышын талап кылганга укугу бар. Бул талапкерлердин бири кайрылса да Борбордук шайлоо комиссиясы каалайбы, каалабайбы бул маселени карап, расмий жыйынтыгын бериши керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *