Шашылыш кабар:

Н.Арипов: Ар бир шайлоочу өз укугунун корголушун талап кылсын

Сентябрь 20th, 2017 | by Гүлбарчын Тилембаева
Н.Арипов: Ар бир шайлоочу өз укугунун корголушун талап кылсын
Айлампа
0

DSC_1037

Президент А. Атамбаев жарандардын шайлоо укуктарын жана шайлоо процесине катышуучулардын укуктарын бузууга жол бербеш үчүн алдыдагы шайлоонун бардык этаптарында, көзөмөл жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн дайым белгилеп келет.

Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда шайлоочулардын укуктары кандай корголгон? Үгүт  өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн кандай иш-чаралар жасалышы керек? Бул суроолорго КР БШКнын мүчөсү Назарали Арипов менен БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев жооп  беришти.

Марал:  Азыр шайлоого даярдык кызуу жүрүп турган учур. Бирок, шайлоочулар укуктарын толук билбейт жана колдоно албайт деген эксперттердин корутундусу байма-бай чыга баштады. Шайлоочулардын кандай укуктары бар?

Н.Арипов: Биринчиден жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. БШК тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.  Тилекке каршы социалдык тармактарда паспортторду чогултуп алып шайлатып жатат деген кооптонуулар талкууланып жатат. Ар бир Кыргызстандын 18 жаштан жогорку жараны өзү каалаган талапкерге добуш бергенге укуктуу. Бул укукту бузууга мыйзам жол бербейт.

Марал: Учурда сиз белгилегендей эле, айрым аймактарда элдин паспортторундагы  маалыматтарды чогултуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылууда. Бул маалыматтар кимге, эмнеге керек? Мындай иштердин алдын алуу жумушун ким жасашы керек?

Бул боюнча БШК жумуш алып барышы керек жана жергиликтүү мамлекеттик муниципалдык органдар бизге жардам бериши керек. БШК түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бирок жетиштүү болбой жатат окшойт. Мисалы, жакында Бишкектеги Юридикалык академиянын студенттеринин паспорттору чогултулуп жатканы тууралуу катуу талкуу болду. Азыр бул иш боюнча арыздар келип түшүп, иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Мындай аракеттерге каршы баарыбыз каршы турушубуз керек.

А. Сариев: Бул аракеттер шайлоочулардын укугун түздөн-түз бузуу дегенди билдирет. Мен ID кард тууралуу айтайын. Буга БШК өзү жол берди. Талапкерлердин кол тамгаларды топтоосу учурунда паспорттордун маалыматтары жазылышы керектигин талап кылган. Мыйзамда бул талап жок. Бул талап койгондон кийин кол  тамга топтоо убактысы бүткөндөн кийин дагы барып паспорттун копиясын сураса кол топтоо үчүн деп түшүнбөстөн берип жатышы мүмкүн. Дагы  жакшы, акыркы күндөрү Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан паспорттун көчүрмөсүн берүү кажет эместиги тууралуу маалымат таратылып жатат. Бул жакшы көрүнүш.

Н. Арипов: Мыйзамда бул талап жок. Бирок, ал талап БШКнын жобосу аркылуу киргизилген. Анын максаты талапкерлердин кол тамга топтоо процессин жөнөкөйлөтүү болгон. Мурда массалык бюллетен таштоо болуп жүргөн. Азыр автоматтык эсептөө системасы киргизилгенден кийин добуш сатып алуу жана административдик ресурсту пайдалануу ар бир жаран менен индивидиалдуу сүйлөшүүгө өтүп калды. Эми паспорттун көчүрмөсүн чогулткан күндө дагы аны менен эч ким добуш бере албайт.

Угармандан суроо: Мен жогорку окуу жайларынын биринде окуйм. Бизде кыйыр түрдө кайсы бир талапкерге добуш бергиле деген ойлор айтыла баштады. Бул боюнча биз кимге кайрылышыбыз керек? Биздин укугубуз бузулуп жатабы?

Туура эмес агитация жүрүп жаткан экен. Бул шайлоочунун укугу бузулуп жатат. БШКга кайрылса болот. Кээ бир иштерди биз өзүбүз көзөмөлдөйбүз. Кээ бир иштер боюнча имиштер эле угулат, ал эми факты же арыз болмоюн биз териштире албайбыз. Шайлоочуларга айтат элем, коркпостон кайрылыңыздар, укугуңуздарды түшүндүрүп беребиз.

Угармандан суроо: Атамдын жумушунан менин паспортумду сурашып, мен маани бербей эле атама берип койгом. Кийин шайлоо күнү барсам, менин атым тизмеде жок. Көлдүн бир алыскы районуна которуп салышыптыр. Мен эч кандай арыз жазган эмесмин. Балким менин ордума бирөө жазып, паспортумдагы кол тамгамды коюп койгондур. Мындай учурладын алдын алуу үчүн бир механизм барбы?Конкреттүү эмне иштер алып барып жатасыздар?

А.Сариев: Мыйзамда шайлоочу каалаган участокто шайлай алат деген норма бар. Кандайдыр бир кызматтагы адамга белгилүү сандагы добуш алып берүү милдети жүктөлүп жатат. Ал эптеп жумушун сактап калуу үчүн тааныштарынын паспортторун чогултуп, алып барып участогуна каттап коёт.

Н. Арипов: Шайлоочу алдын ала өзүн тизмеден текшерип, тактап турсаңыз буга жол берилбейт эле. Текшерүү интернет аркылуу дагы болот. Биздин сайтта тизме илинген.

А. Сариев: Азыр бардык шайлоочулардын интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Сайт деген эмне экенин билбеген аймактар бар.

Назарали Арипов: Азыр бардык шайлоо участокторунда тизмелер илинди.

Угармандан суроо: Талапкерлердин тарапташтары үй комитеттеринин башчыларын пайдаланып жашоочулардын аты-жөнүн жазып, тизме топтоп жүрөт.

А. Сариев: Бул паспорт чогултуунун башка түрү. Бирок, шайлоочунун укугу деген менен биометрикалык маалыматтары  жок жарандарды добуш берүүгө кийирбей эле коюп жатпайбызбы. Конституцияда андай талап жок.

Н.Арипов: Мыйзамда бар бирок…

А. Сариев: Мыйзам конституциядан жогору турушу мүмкүн эмес. Шайлоого аз калганда атайын шайлоо тилкелерин түзүп коюп, ошол жерлерде укук бузуулар болоорун билип туруп жол беребиз дагы, кандай анан мыйзамды сүйлөйбүз?

Угармандардан суроо: Добуш сатып алуу башталды? Бул фактыларды ММКларда чагылдырса болобу? Кандай жоопкерчилик каралган?

А.Сариев: Мыйзам боюнча добушун сатып ала турган жаран өзү кайрылмайынча жоопкерчиликке эч ким тартылбайт. Добушун сатып алган адамдын жоопкерчилиги каралган. Ал эми саткан адамдыкы каралган эмес.

Н. Арипов: Былтыр бул тууралуу 139-беренеге өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 315 күнгө камалуу, айып пул төлөө боюнча талаптар турат. Бирок иш жүзүндө бул өзгөртүү колдонула элек. Добуш сатуу менен баарыбыз бирге күрөшүүбүз керек.

Угармандан суроо: Комиссиялардын көпчүлүгү мугалимдер, муниципалдык кызматкерлер болуп жатат. Алар бийликке көз каранды да. Азыр болсо атайын ишенимдүү адамдар дайындалып жатат. Эмнеге мурункудай жеребевка менен комиссиянын төрагасы тандалбайт?

Н.Арипов: Бул туура суроо, биз бул маселени көтөрүп келе жатабыз. Азыр комиссиялардын курамында партиялардын дагы өкүлдөрү болушу керек эле. Бирок, партиялар өз өкүлдөрүн жибербей жатышат. Эми ал муниципалдык кызматкер же мугалимдин төрагалык кылуусу мыйзам бузууга жатпайт.

Угармандан суроо: Азыр кандидаттардын рекламалары кетип жатат. Бирок БШК тарабынан маалымат берүүчү роликтер берилбей жатат. Эми тышка кетип жаткан жарандарыбыз шайлабай калып жатышат. Аларга маалымат жетпей жатат. Консулдук кызматтар жана аэропорттор аркылуу шайлоо мүмкүнчүлүктөрүн мигранттарга  түшүндүрүп, алардын дагы шайлоо укуктарын пайдалануусуна шарт түзүп берсек жакшы болот эле.

Н.Арипов: Рахмат туура маселе. Бизде роликтер бар, маалыматты элге жеткизиш керек.

Шайлоочу 15-октябрда кайсы жерде болоорун жазып арыз таштап койсо, ал ошол күнү боло турган жерде консулдук мекемелерде шайлоо тилкесине катталат. БШКнын милдети шайлоо укугун пайдаланууга жарандар үчүн шарт түзүп берүү. Ар бир жарандын милдети добуш берүү. Ал эми добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонулганы менен трибунага барганда шайлоочунун өзүнүн эрки чечет.

А. Сариев: Акыркы жылдары шайлоого чакыруу барактарын жиберүүнү алып салды. Өзгөчө мурунку адамдар чакыруу келди, демек тизмеде бар экенмин деген ой менен жашашат. Ошол себептүү БШК шайлоочуларга маалымат берип, эскертип турушу керек.

Марал:  Маегиңиздер үчүн чоң рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache