Шашылыш кабар:

Т.Ажыкулов: Ишкерлерди тескеген 270 мыйзам жана токтом өтө көптүк кылат

Сентябрь 19, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
285

1-6

20-сентябрь ишкерлердин кесиптик күнү.  Кыргызстандын экономикасын чакан жана орто бизнес көтөрүп келе жатканы маалым. Соңку жылдары ишкерлерге карата мамлекет жүргүзгөн саясатта колдоолор барбы? Бүгүнкү күнү аны ишкерлер  сезип жатабы? Бул тууралуу ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы  Темирбек Ажыкулов «Күн чекит» программасында суроолорго жооп берди.

-Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон бери  чыны менен эле ишкерлер пайда алдыбы?

Албетте бизге жаңы базар ачылды. Кол коюлган келишимдерде Орусия же Казакстан сыяктуу өлкөлөргө биздин товарлар алып барылат деген. Бирок практика жүзүндө  орто жана чакан бизнеске оор болуп жатат. Себеби жогорку жакта кол коюлганы менен ар бир өлкөнүн ылдыйкы структураларына жарабагандай. Сыртка товарын алып чыккан ишкерлер  «бул же тиги кагазын жок», деген жүйө менен кабыл албайт деп айтышат. Ушундай маселе акыркы учурда көп чыгып калды. Бирок бул жерде маселени деталдуу кароо керек. Балким биздин ишкерлер деле документтерди толук толтурбай барышы мүмкүн.

Экинчи кыйынчылык бул- лабораториялар жана стандарттар. Анын ичинде ата мекендик жана ЕАЭБдин стандартары. Буларга бүгүнкү күнү биздин ишканалар даяр эмес экени айкын болуп калды. Талапка ылайык товар чыгара албай, чыкса дагы экспорттой албай айланып жүрөбүз. Ошондуктан жогорку деңгээлде шарттар түзүлдү делгени менен ишкерлердин деңгээлинде көп нерселер калып кеткен.

-Бийликтин жүргүзгөн саясатында  дагы ишкерлерге карата текшерүүлөрдү азайтып, колдоого багытталганы  айтылып жүрөт. Бул реалдуу  түрдө ишке ашып бере алдыбы?

Жалпысынан алганда албетте жылдан-жылга ишкерлерди текшерген мамлекеттик органдардын саны азайды. Буга чейин 20 текшерүү органы болсо азыр бешке түштү. Бул бир гана кагазда эмес, иш жүзүндө деле түштү. Бирок албетте такыр эле жок деген дагы туура эмес. Бир маселе болсо эле, өкмөт дейт экенбиз. Бирок көп учурда байкасаңыздар ишкерлер бет келген маселелер ошол кызматтардын жер-жерлердеги деңгээлинде болуп жатат. Буга ошол эле салык, же башка кызматтар. Анткен менен бизнести системалуу түрдө коркутуп үркүтүүлөр жок.  Бирок жалпы биздин көйгөйлөр ишкерлерди тескей турган 270дөн ашык мыйзам жана токтомдордо. Мунун баары бизнеске кандайдыр бир тоскоолдугун жаратып келет. Бул мыйзамдар Кыргызстандын шартында өтө эле көптүк кылат.

— Ушул өңдүү маселелерди башка өлкөлөр кандай чечкен?

Мен өзүм жашап, окуп келген Сингапурдун мисалында  карай турган болсом. Аларда абдан жөнөкөй. Көп нерсе онлайн. Өзүңүдүн ишканаңды ачууга үч эле күн бир электрондук дарек  керек. Биздики сыяктуу бир канча органга чуркабайсын. Бир эле кызматтан 2-3күндө жооп чыгат. Кызматтардын дээрлик бардыгы электрондоштурулуп калган. Мунун бары орто жана чакан бизнестин көтөрүлүшүнө жардамын берет.

Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *