Шашылыш кабар:

Ормон уулу: “БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны көптү үмүттөндүрөт”

Сентябрь 18, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
76

oon18-24-сентябрь күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясы өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев да катышат. Президенттик аппараттан маалымдашкандай, иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы БУУнун башкы кеңешме органы — Генералдык ассамблеянын жалпы дебатында  чыгып сөз сүйлөйт. Азыркы дебаттардын темасы “Көңүлдү адамга буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулуу» болуп жатат. Мына ушул теманын алкагында Эл аралык иштер боюнча серепчи Искендер Ормон уулу менен маектештик.

БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги сессиясында дүйнөнүн лидерлери чогулуп жатат. Алардын эң башкы талкууга алынуучу өзөктүү маселелери кайсылар болушу мүмкүн?

БУУнун ассамблеясынын бул жыйыны өтө кызыктуу өтөөрү күтүлүп жатканын эксперттер, ЖМКлар байма бай кабарлашууда. Себеби, быйыл  АКШынын президенти Дональд Трамптын  ассамблеянын жыйынына биринчи катышуусу, сүйлөөсү орун алат. Белгилүү болгондой, ал БУУга карата башкача, алардын позициясынан бир аз тышкаркы пикири менен таанымал. Жалпылап ала турган болсок, быйылкы тема  “Көңүлдү адамга  буруу, мамилени борборлоштуруу болуп жатат. Жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн  тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылуу максаты коюлууда. Бул теманын алкагында коопсуздук, экономика, социалдык жана башка ар бир комитеттин маселеси каралат. Бирок дайыма коопсуздук темасына өзгөчө көңүл бурулат эмеспи. Алдын ала ала маалыматтарга караганда, Түндүк Кореянын ядролук куралдарды жасоого аракет кылып келгени, Иранга да өзөктүк куралдар үчүн киргизилген санкциялар, урандын байытылышы боюнча саясаттын уланышы каралат. Албетте, Сирия, Орусия-Украинага байланыштуу маселелер да четте калбайт. Негизи коопсуздук маселеси болуп жаткан соң, терроризм, радикализм боюнча суроолор да алдыга чыгат деген ойдомун.

АКШ, Франция, Өзбекстандын президенттери биринчи жолу катышып жатышса, Ангелла Мэркел бул жыйынга быйыл шайлоого байланыштуу катышпайт экен. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин экинчи ирээт барбай турганы маалым болду. Мунун себеби оротдогу саясат эмеспи?

Чындап эле Коопсуздук кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдүн олуттуулары барбай калып жатат. Германияда го шайлоо өтүүдө. Кытайдын лидери да келбей турганы айтылды. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу бир топ божомолдор айтылып жатат. БУУга 190дон ашык өлкө мүчө болуп, ар түрдүү маселени козгой турган аянтча болуп турат. Анан чоң мамлекеттер салмагына жараша, өздөрүнүн маселелерин так айтып, сөзүн өткөрө алышат. Мунун ичинде Орусия менен Батыштын ортосунда Сирия жана Украина маселесине байланыштуу суроолор бар. Киргизилген санкциялардын запкысы бизге чейин жетип жатат. Азыркы сүйлөшүүлөрдөн Орусиянын пайдасына чечиле тургандай жагдай түзүлбөй жаткандыгы байкалууда. Мына ошон үчүн Путин барган жок деген пикирлер жөндүү болуп турат.

Эми президент Алмазбек Атамбаев да мөөнөтү аяктап жатканда бул жыйынга катышары белгилүү болду. Бул БУУнун жыйына, Кыргызстанга кандай таасир берет?

Жогоруда айткандай, бул жыйын ар түрдүү маселени козгой турган аянтча. Биздин президент да буга чейин ушул күндөргө туш келген шайлоо, кийин ден-соолугуна байланыштуу катыша албай калды эле. Бул ирээт мамлекет башчысы  Борбордук Азия өлкөлөрүндө уран калдыктарынын проблемалары, аларды рекультивациялоо жана радиациялык  коркунучтарга жол бербөө маселелерин көтөрөт экен. Ошондой эле Антониу Гутерреш менен жана башка бир катар лидерлер менен жолугуп, дүйнөдөгү бренд болгон компаниянын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөр орун алары маалымдалууда. Андыктан, бул  мамлекетти таанытууга, аброй табууга, жаңы жолдорду ачууга шарт түзөт.

Магиңизге рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *