Шашылыш кабар:

Жаңы премьер-министр эки-үч жыл өкмөттү башкарабы?

Апрель 30, 2015 | жарыялаган maraluser
99

“Азыркы келген өкмөт оор кырдаалда келип жатат. Бирок ошол эле учурда жаңы келген премьер-министр өзүнө чоң оброй топтоп да коюшу толук мүмкүн. Эгер жаңы келген өкмөт башчы өзүн жакшы көрсөтүп койсо, күзүндө жеңип келген партия кайра эле шайлап коет дейт”,-дейт А. Баатырбеков.

Өткөн аптада Ж. Оторбаев парламенттин жалпы жыйынында өзүнүн 2014-жылкы отчетунан кийин отставкага кетерин жарыялаган. Ал эми 24-апрель күнү президент А. Атамбаев анын отставкасын кабыл алды. Ошонун негизинде жаңы өкмөт келгенчекти азыркы министрликтер жана ведомство жетекчилери убактылуу жумушун аткарып турмакчы. Бирок мындай көрүнүштөр демократиялык өлкөлөрдө боло берчү маселе деген менен көп суроо, жообсуз калып жатат. Мисалы өлкөдө экономикалык кырдаал оор. Кумтөр жана бажы биримдиги сыяктуу чоң маселел чечилбей турат. Жаңы келген өкмөт жогоруда айтылган маселерди жөнгө салалбы ага азыр так жооп жок. Ушул жана башка суроолордун үстүндө ЖКын депутаты Алмаз Баатырбеков менен маек курдук.

-Жогоруда белгилегендей өкмөт башчы өзүнүн отчетун парламент тарабынан канаатандыраалык деп табылгандан кийин, отставкага кетишин кандай түшүндүрмө бересиз. Демек бул жерде кысым бар экени байкалууда. Кимдер тарабынан болушу мүмкүн?

Өкмөт отчетту парламент тарабынан канаатандырарлык дегенден кийин премьер-министр Ж.Оторбаев отставкага кете тургандыгын билдирди. Бул кысым эмес сүйлөшүү болду десек болот. Мисалы, буга чейин айтылган убадалар аткарылган жок. Кумтөр маселеси эки жылдан бери чечилбей, дагы убакыт бергиле деп создуктуруп келгендиктен аягы ушу болду.

— Бажы биримдиги, кумтор сыяктуу чоң маселер алдыда турат. Азыркы өкмөт убактылуу кызмат аткаруучу болуп саналгандыктан. Алар менен тең ата болуп сүйлөшө алабы, укук барбы?

Убактылуу деп ооз эки түрүндө айтылат. Ал эми өкмөт иш жүзүндө мыйзамдуу ,туруктуу эле болуп саналат. Алар келишимдерди, чечимдерди токтоосуз кабыл алалат. Мыйзам жол берет.

-Жаңы өкмөт башчы болуп ким келет, учурда чечилбей жаткан маселерди жөнгө салалабы?

Башкаруучу коалиция кеңешип чечкен өкмөт бийлике келери бышык. Эң негизгиси азыркы келген өкмөт оор кырдаалда келип жатат. Бирок ошол эле учурда жаңы келген премьер-министр өзүнө чоң оброй топтоп коюшу мүмкүн. Себеби күзүндө Кыргызстанда чоң саясий күрөш болот, парламенттик шайлоо. Эгер жаңы келген өкмөт башчы өзүн жакшы көрсөтүп койсо, күзүндө жеңип келген партия кайра эле колдоп коет. Керек болсо келе турган премьер-министр 5-6 ай эле эмес, 2-3 жылдап иштеп калышы толук ыктымал.

-Парламенттик өлкөдө негизинен баш мыйзам боюнча премьер-министрдин статусу бардыгынан, жогору болуш керек эле. Бирок иш жүзүндө өкмөт башчы, кол алдында иштеген министрлерге сөзү өтүмдү болбогондуктан көп учурда ойлору төп келбей жатат. Ушундай карама каршылык качан жоюлат?

Эгерда кандайдыр бир программанын негизинде, күчтүү команда келип иш алпарса премьер-министр бийлиги аябай эле күчтүү болмок. Бизде негизинен бир багыттын артында иш болбогондуктан, ушундай чачыранды баш ийбөө болуп жатат. Бирок келечекте күчтүү өз оюн толук жеткире алган өкмөт кээлерине ишенем. Себеби башка өнүкөн парламенттик өлкөлөрдө деле башында ушундай кыйынчылыктар болгон.

Эске сала кетсек Жогорку Кеңештеги көпчүлүктүк коалиция премьер-министрликке экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевди тандаганын расмий жарыялаган. (“КСДК”, “Ар-намыс”, “Ата Мекен”)

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *