Шашылыш кабар:

Акматалиев: Принципиалдуулук жөнүндө шайлоодон кийин талкууласа болот

Сентябрь 18, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
169

21558875_1482896411790795_1887791903170529727_n

17- сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын “Курманбек”стадионунда, президенттикке талапкерлер Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусу болду. Анда эки талапкер эмне максатта тандем кургандыгы тууралуу расмий билдиришти. Саясий тандемге ылайык, Өмүрбек Бабанов президент болуп шайланса, Бакыт Төрөбаев премьер-министр болмокчу. Негизи өлкөдө талапкерлер арасында биригүүлөр көп болуп жатат. Ушул теманын алкагында саясат таануучу Алмаз Акматалиев менен “Күн чабыт” программасында маек курдук.

Өлкөдө президенттикке талапкерлер арасында биригүүөр башталды. Кечээ “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери тандем кургандыгы тууралуу билдиришти. Бакыт Төрөбаев буга чейин таасирдүү саясатчылар биригип бирок ал тандем ыдырап кеткен. Эми Бабанов менен түзгөн тандемге үчүнчү талапкер Темир Сариевдин кошулуусу да айтылып жатат. Мындай болушу мүмкүнбү?

Менин оюмча, Темир Сариевдин бул тандемге кошулуусуна ишенбей турам. Анткени, ал өз алдынча максат койгон чоң саясатчылардын бири. Экинчиден, Бабанов менен Төрөбаевдин тандем куруусуна таң калган деле жокмун. Анткени, буга чейин эсиңерде болсо президентибиз Алмазбек Атамбаев, “мен парламентте президенттикке күчтүү талапкер боло турчу эки эле эки эле саясатчыны көрүп турам, ал Бабанов менен Төрөбаев” — деп айткан. Ошондуктан бул эки саясатчынын биригип, чоң максатты коюп жаткандыгы кыргыздын саясий тарыхында аябай кызык кадам болду.

Бирок бул саясатчылардын көз караштары, позициясы ар башка эле, биригиши мүмкүн эмес эле деп айтылып жатат. Мисалы, ошол эле талапкерлердин бири Адахан Мадумаров Бабановдун талапкерлигин колдоп эл алдында сүйлөдү. А принципиалдуулук эмне болот анда?

Эми саясатта досчулук менен касчылык жок. Саясатта бир гана кызыкчылык бар. Талапкерлердин көпчүлүгүнүн максаты бийликтен көрсөтүлүп жаткан талапкерге каршы туруш, бир муштум болуп ошого сокку урууну көздөп жатышабы деп ойлойм. Ал эми принципиалдуулук жөнүндө шайлоо бүткөндөн кийин талкууласак болот.

Бирок, бийликтин талапкерине алар каршы канчалык саясий күч боло алышат?

Менин оюмча, өзгөчө Бабанов менен Төрөбаевдин тандеми күч алып баратат. Мындан ары да күч алат болуш керек. Эгер аларга Адахан Мадумаров да кошулса, анда реалдуу эле чоң күчкө айланат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *