Шашылыш кабар:

Шайлоону таза өткөрүү аракети, Атамбаевдин талкууга түшкөн сапары

Сентябрь 17, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
46

Узап бара жаткан аптада өлкө ичиндеги болгон окуяларга сереп.

30283

 Ушул аптанын башында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баштаган бир катар жетекчилер Коопсуздук кеңешинин жыйынына чогулуп, шайлоого карата даярдык боюнча маселени талкуулашты. Атамбаев жакында боло турган президенттик шайлоо таза өтүшү керектигин айтты. Жыйындын уланышы жабык эшик артында болуп, анда шайлоодо тартиптин сакталышы, админстративдик ресурстун колдонуусу тууралуу маселелер сөз болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев  Коопсуздук кеңешинин жыйынында 15-октябрда боло турган шайлоонун таза өтүшү керектигин айтты. Аталган иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, фракция лидерлери Өмүрбек Бабанов, Иса Өмүркулов жана бир катар өкмөт мүчөлөрү катышты. Анда мамлекет башчы буга чейинки шайлоо алдында ар кандай ызы-чуулар болуп, айрым массалык маалымат каражаттары «добуш берүү ыплас жүрүп жатат» деп да сыпаттаганын белгиледи.

-Азыртан ызы-чуулар болуп жатат. Өткөн парламенттик шайлоодо да мындай болгон. Айрым телеканалдар мынчалык ыплас шайлоо өткөн эмес деп какылдагандарын көргөм. Аны эл өзү чечет. Ошондуктан шайлоо таза өтүшү керек.

Буга чейинки шайлоолордо электрондук сканерлер бармак изин тааныбай коюп, маселе жаралган учурлар болгон. Бул жолку добуш берүүдө андай көрүнүш кайталанбоосу үчүн кошумча функциялар киргизилген. Ага ылайык, эми жарандарды биометрика боюнча бетинен идентификацияланат. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев айтты. Ошондой эле техникалык  мүчүлүштүктөргө жол берилбестиги үчүн октябрь айынан баштап, өлкө аймагындагы бардык участоктордо массалык текшерүү иштери жүрөрүн белгиледи. Сөзүнүн уландысында добуш берүү учурунда коопсуздук маселесинин корголушу тууралуу кеп козгоду.

Шайлоо күнү добуш берүүчүлөрдү идентификациялоо максатында 9500дөн ашык оператор тартылат. Алар бүткүл республика боюнча район борборлорунда окутулат. Андан сырткары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Ички иштер органдарынын бүткүл жеке курамы жогорулатылган күжүрмөн даярдык деңгээлине которулат. Жалпы участоктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн 9500 кызматкер жана 9000ден ашуун ыктыярдуу элдик кошуундар кызмат кылат.

8-сентябрга алынган маалыматка ылайык, добуш берүүчүлөрдүн саны 2 млн 314 миң 586га жеткен. Тактоо иштери дагы уланарын, 5-октябрда акыркы каттоо жыйынтыкталып, даректери да белгилүү болоорун Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ачык шайлоо өткөрүү боюнча жыйындын уландысы жабык эшик артында өттү. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Жеңиш Разаков жабык жыйында шайлоо учурундагы тартипти сактоо маселеси, аны менен бирге административдик ресурсту колдонуу жагы да каралганын белгиледи. Андан сырткары жыйын эмне себептен жабык өткөнүн айтып, шайлоонун канчалык таза өтөрү тууралуу кеп салды.

Жабык өткөндүгү жетекчиликтин чечими болду. Бул жолку шайлоого карата президент Алмазбек Атамбаев таза өткөрүү үчүн ыкмаларды түзүп берди. Бул биометрикалык каттоодон өткөн жарандарга электрондоштурулган эсептөө системасы. Мен ойлойм буга чейинки шайлоолордо болуп келген бурмалоолорго чекит коюлуп жатат. Биздин милдетибиз ошону жакшы колдонуп, шайлообузду таза өткөрүп беришибиз керек.

Президенттикке ат салышкан талапкерлердин ичинен административдик ресурс колдонулбасын деп улам айтып келгендеринин бири-Өмүрбек Бабанов. Ал жабык жыйында президент мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылганын айтып, калганы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн көз каранды дейт. Эл өкүлү шайлоого чейинки даярдыкты кароо үчүн Коргоо кеңеши дагы бир ирет жыйынга чогуларын билдирди.

-Шайлоодогу административдик ресурс боюнча президент өзүнүн оюн айтып, мыйзамды бузбоого чакырды. Эми аны губернаторлор, бийлик жакта иштеп жаткандар канчалык аткарат, ар бир адамдын өзүнүн иши. Анан дагы бир маселе шайлоого чейин Коопсуздук кеңешинин  жыйынын дагы бир жолу өткөрө турган болдук. Ошондо дагы азыр кабыл алынган чечимдерди ким кандай түшүнгөнүн ошондо көрөбүз. Анан дагы бир айта кетчү нерсе, Атамбаев принципиалдуу түрдө шайлоонун таза өтүшү президент катары мен үчүн өтө маанилүү деди.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 15-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Анда жаңы мамлекет башчысы 6 жылга шайланмакчы. Ал кызмат үчүн ат салыша турган талапкерлер 13 кишини түздү.

Шайлоону таза жана айкын өткөрүү темасын улай эле. Коопсуздук кеңешинде шайлоого карата ар бир мамлекеттик мекемелердин милдетин бөлүштүрүү менен мыйзамсыз иштерге жол бербей, таза шайлоо өткөрүү тапшырмасы коюлган. Көп узабай эле Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими бекитилди. Ага ылайык, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин “Алдыдагы Президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимине кол койду. Учурда тиешелүү иштер кызуу жүрүп жатат.

SAB_8467

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими бекитилди. 11-сентябрда өткөн жыйында кабыл алынган чечимдерге мамлекет башчысы Албазбек Атамбаев да кол койгонун президенттик аппараттан маалымдашты. Ал эми 15-сентябрь күнү вице-премьер министр Дуйшенбек Зилалиев маалымат жыйын өткөрүп, Коопсуздук кеңешинин чечимдери тууралуу маалымат берди.

Маалым болгондой, президенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча түзүлгөн штабдын башчысы болуп Зилалиев дайындалган.

Анын айтымында, Президентти  шайлоо өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы жаңы тарыхый процесстин башталышы болуп эсептелет. Ал демократиялык туруктуулукка таасир тийгизүүчү маанилүү факторлордун катарына кирет.  Таза эмес жана адилетсиз шайлоолор элдин нааразычылыгынын өсүшүнө, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кулашына алып келген. Алдыда боло турган окуялар заманбап мамлекетти өнүктүрүүнүн демократиялык принциптеринен четтөөгө жол берилбей тургандыгын көрсөтүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн вице-премьер белгиледи.

Ошондой эле Зилалиев өкмөткө таза жана кемчиликсиз шайлоо өткөрүү талабы катуу коюлуп, бардык мекемелердин кызматташуусун бекемдөө менен аларды көзөмөлгө алып, административдик ресурс колдонууга өзгөчө тыюу салынып жатканын кошумчалады.

Ал эми башкы прокуратурага болсо, — шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын мыйзамдарды аткаруусун камсыз кылып, мыйзам бузуулар болгон учурда ээлеген мамлекеттик кызматына, партиялык таандыктыгына жана коомдук абалына карабастан мыйзамдын катуу талабы боюнча жаза берип, мыйзамдуулукту көзөмөлдөө тапшырмасы коюлган.

Аны менен катар Коопсуздук кеңешинин чечиминин негизинде БШКга шайлоодогу ачыктыкты, тактыкты, адилеттүүлүктү жана жарандардын эркиндигин камсыз кылуу менен техникалык каражаттардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүү  талабы коюлганын БШКынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматына болсо, шайлоочулардын тизмесин жана добуш бере турган аймактарын тактоодо ката кетирбей, дыккаттык менен мамиле жасоо тапшырмасы коюлду. Мекменин басма сөз кызматкери Мелис Эржигитов соңку маалымат боюнча 2 млн 914 миң шайлоочу катталган. Ал биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар шайлоого катыша албарын эске салып, 30 сентябрга чейин дагы мөөнөт бар экенин белгиледи.

Мындан тышкары УКМК, ИИМ жана Мамлекеттик чек ара кызматтарына коомдук жана мамлекеттик коопсуздукуту камсыз кылып, шайлоочулардын, шайлануучу жана шайлоону өткөрүп жаткан кызматкерлер менен байкоочулардын коопсуздугуна да өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Ал эми Жогорку сотко болсо, шайлоо өткөрүү боюнча органдын чечимдерди өз убагында кабыл алуусу үчүн келип түшкөн кайрылууларды, сот органдарында оперативдүү кароону мыйзамдарда белгиленген тартипте камсыз кылуу талабы коюлду.

Жогоруда аталган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлгөн. Айта кетсек, Кыргызстанда  президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Шайлоо алдында президенттикке талапкерлердин ортосунда биригүү жана ажырашуулар күч алды. Алардын бири төртилтиктеги саясатчылардын ар биринин амбициясы чоң болуп, ажырап кетти. Ал ортодо Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев шайлоого карата тандем түзүп, алар бул тууралуу 17-сентябрда Жалал-Абадда расмий билдирүү жасашаары анык болду. Бул маалыматты Бабанов жетектеген «Республика-Ата Журт» жана Төрөбаев лидерлик кылган «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары дагы тастыкташты. Эки саясатчынын тандеми жана алар кандай шарттар менен биригүүгө барышты? 

33

Парламенттеги оппозициялык «Республика-Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев бирикти. Эки саясатчынын тандем түзөөрү тууралуу маалыматтар алгач 7-сентябрда тараган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Бабанов Төрөбаев тандеми ишке ашканын «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна кабарлады.

-Биригүүлөр башталып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Облус-облустарда биздин штабдар дагы бириге баштады. Негизги максат өзүлөрүнүн амбициясын таштап, бир талапкерди колдоп, элге кызмат кылыш. Бийликтин партиясынан башка бардыгы менен эле сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Бул маалыматты «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары дагы тастыкташты. Эске салсак Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаровдордун биригүү тууралуу ойлору ишке ашпай калган. Аталган төрт саясатчы «Кайра Жаралуу» партиясын түзүп, партиянын курултайы өтө элек жатып кайра тараган.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу Төрөбаев Бабанов биригүүсү кандай талаптар менен ишке ашканын мындайча айтып берди.

— Сүйлөшүүлөр уланып, такташуулар болуп жатат. Негизги маселелер чечилди. Өмүрбек Токтогулович өзүнүн программасында, эл менен жолукканда реформаларды жүргүзөм, өзгөчө экономикалык жаатта деген убадасы бар. Төрөбаев дагы чоң секирип жасайбыз деп атат. Анын баары жалгыз президенттин колунан келбейт. Бул үчүн өкмөттө дагы түздөн-түз өз адам болбосо болбойт деп, тандем катары кетип жатат буюрса. Эгер Өмүрбек Токтогулович президент болуп шайланса, Төрөбаев премьер-министр болот деген маанайда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.   

Жогоруда айтылган төрт саясатчынын ийгиликсиз биригүүсүнөн кийин Төрөбаевдин штабы 12-сентябрда саясий «төртилтик» шайлоодо Төрөбаевди талапкер кылып чыгармак деген маалымат тараткан. Ал эми Бабанов менен биригүү талаптарында Төрөбаев талапкерлигин алып, шайлоодо Бабановду сүрөй турганын «Өнүгүүнүн» депутаттары бышыктады.

Бирок, бул тандемдин дагы келечеги бүдөмүк дегендер бар. Президенттик шайлоонун кызыкчылыгы үчүн гана бириккен эки лидердин мындан аркы ишинен күмөн санагандар арбын. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын дагы бир депутаты Зиядин Жамалдинов болсо тандемдин келечегине ишеним артып жатат.

— Жалал-Абад шаарындагы Курманбек атындагы стадиондо чоң жыйын болуп, тандемге кол коюшуп, элге жарыя кылганы жатышат. Эми эгерде бири-бирине ишенбей турган болсо анда тандем түзүштүн кереги жок эле. Кудай буюрса бир эле ай калды да (ред: шайлоого). Көрөбүз эгерде булар утуп чыккан болсо (ред: шайлоодон) тандем иш жүзүнө ашат деген ойдобуз.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов түптөгөн «Республика» партиясы менен парламентке шайланып келген. Бирок 2013-жылы Төрөбаев баштаган төрт депутат «Өнүгүү» деген депутаттык кыймыл түзүп, өзүнчө бөлүнүп кеткен. Ушундан улам эки саясатчынын ортосунда келишпестиктер бар экени айтылып жүрөт.

Мамлекеттик түзүлүш боюнча талдоочу Шерадил Бактыгулов саясатчылардын жеке таарынычтарга карабай биригишин төмөнкүчө сыпаттады.

— Өмүрбек Бабанов өзү айтпады беле «Мен даярмын кайсы талапкер болбосун менин пикиримди колдосо чогуу баралы» деп. Төрөбаев деле түшүнүп атат да жалгыз шайлоодо ута албайт. Каражат тарабынан болобу, шайлоочулар жагынанбы күчтүүрөк талапкерлер бар.

Парламенттеги мандаты боюнча экинчи орунду турган «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен баратат. Ал эми Бакыт Төрөбаевди өзү жетектеген «Өнүгүү-Прогресс» партиясы көрсөткөн.

Эки фракциянын депутаттары Бабанов менен Төрөбаев гана тандемге барганын, ал эми партиялар өз алдынча иштей беришээрин кошумчалашты. Кыргызстандагы 15-октябрда болчу президенттик шайлоого 13 талапкер ат салышууда.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Сочиге  жумушчу сапары менен барып, Орусиянын30310_w654_h402_resize президенттие Владимир Путин менен жолукту.  Президенттин бул иш сапары коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Ошондой эле, саясий эксперттер да ар кандай пикирлерин айтып, бул жолугушууну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырып жатышат. Ошол эле учурда, эки өнөктөш өлкөнүн кызматташуусунан башка маселе жөнүндө сүйлөшүү болгонун четке каккандар да бар.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын Сочи шаарына жумушчу сапары менен барып, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматттык-саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаевди кабыл алып жатып президент Владимир Путин  өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү өсүп жаткандыгын, дээрлик баардык багыттарда жылыш бар экендигин белгиледи.

-Биздин  жолугушууларыбыз үзгүлтүксүз өтүп жатат. Бул жакшы, анткени бизде сүйлөшчү иштерибиз арбын. Мамилелерибиздин, өз ара аракеттенүүбүздүн  көлөмү өсүп жатат, ошондуктан ыкчам талкууну талап кылган актуалдуу маселелер ар дайым бар. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан бери  биримдиктин башка  катышуучулары менен экономикалык байланыштар активдешип жаткандыгы байкалат. Бул жакшы жышаандар, бирок биз  айрым бир маселелерди абдан дыкаттык менен карап чыгышыбыз керек.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, эки тараптуу маселелерди талкуулоого шарт түзүлүп жатканына кубанычта экенин билдирип, буга чейинки Москвадагы жолугушууну эске салды. Москвадагы жолугушуусунда мигранттар үчүн айдоочулук күбөлүктөр жана башка маселелерди талкуулашкан. Атамбаев, президенттик мөөнөтүнүн акырына чейин буга окшогон көйгөйлөрдү чечүү ниети бар экендигин, декабрь айына чейин дагы бир нече жолугушуу болоорун белгиледи.

-Албетте, эки тараптуу маселелерди талкуулоо – маанилүү. Мен буга кубанычтамын, аны жашыргым да келбейт, анткени ар дайым колдоо табам. Эсимде, өткөндө Москва шаарында болгон жолугушууда биз мигранттардын айдоочулук күбөлүктөрү жана башка маселелерди талкуулаганбыз. Балким булар майда нерселердир, бирок биз аны чечип жатабыз. Мен өзүмдүн президенттик кызматым учурунда ушул сыяктуу көйгөйлөрдү көбүрөөк чечүүнү каалайт элем. Декабрь айына чейин дагы көп жолугушуубуз болот. Менин оюмча эки өлкөнүн азыркы кызматташтык деңгээлин дагы алдыга көтөрүшүбүз керек.

Ал арада коомчулук мамлекет башчынын Орусия президенти менен жолугушуусун кызуу талкуулап жатат. Көпчүлүгү анын өлкөдөгү чоң саясий өнөктүктүн алдында Орусияга барышын сынга алышса, айрымдары аз убакыттын ичинде эле улам барып жатканын айтып сындашууда. Саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркулов, так аргумент жок болсо ар кандай анализдер жасалып жатканын айтып, эки мамлекет башчылары Кыргызстандагы президенттик шайлоо жөнүндө сүйлөшүшү мүмкүн деген оюн бөлүштү.

-Бул жөнөкөй жумушчу сапары эмес. Олуттуу маселелер каралып, шайлоо тууралуу, же болбосо эл аралык маселелер жөнүндө да сүйлөшүү болушу мүмкүн. Ар кандай ойлор болуп жатат, бирок так аргумент жок. Негизи президент Орусияга жакында эле барып келген. Эмне себептен бат-баттан барып калды, бул да суроо жаратат.

Эске сала кетсек, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, ушул жылдын 21-июнунда Орусияда болуп, президент Владимир Путин менен жолуккан. Ошондой эле, кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн угуп, президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да Орусиядагы кыргыздар менен тыгыз иштешүүнү убада кылган. Андан 3 ай өткөндөн кийин кайрадан Орусия президенти менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолку жумушчу сапары өлкөдөгү президенттик шайлоону өткөрүүнүн алдында болгондуктан талкуу жаратып жатат. Бирок, саясат таануучу Алмаз Акматалиев, мындай ойдон алыс. Ал Орусия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш өлкө болгондуктан ар кандай эл аралык маселелер бар экендигин, Орусия деле Кыргызстандын активдүү түрдө бир талапкерин колдоодон алыс экенин айтат.

-Бул жолугушуунун өлкөдөгү шайлоого тиешеси жок болсо керек деп ойлойм. Анткени Орусия буга чейин ким президент болсо да иштешүүнү уланта береээрин бир канча жолу билдирген. Анын үстүнө Кыргызстандагы шайлоо, шайлоочулардын гана колунда болуп калган. Эки өлкө стратегиялык өнөктөш болгондуктан ар кандай эл аралык маселелерди талкуулашат. Жөн эле чызы-чуу кылганга негиз жок деп ойлойм.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо, Сочи шаарындагы эки тараптуу жолугушууда, Москвада талкууланган маселелер чечилип жатканын айтып, эки өлкөнүн кызматташуусун талкуулоо үчүн дайыма колдоо табаарын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *