Шашылыш кабар:

Эксперт: Бабановго Мадумаров менен Сариев да биригиши мүмкүн

Сентябрь 16, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
204

33

Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев тандем түзүп, президенттик шайлоого карата бирикти. Алар бул тууралуу 17-сентябрда Жалал-Абадда расмий билдирүү жасашаары анык болду. Бул маалыматты Бабанов жетектеген «Республика-Ата Журт» жана Төрөбаев лидерлик кылган «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары дагы тастыкташты. Ушул теманын алкагында саясий эксперт Марс Сариев менен “Күн чекит” программасында маектештик.

Парламенттеги оппозициялык фракция лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев тандемге барышты. Алардын биригүүсүнө эмне себеп болду деп ойлойсуз. Буга чейин экөөнүн мамилеси жакшы эмес болгону айтылып жатат.

Бакыт Төрөбаев, мурун өзүңөр билгендей төртилтикке үмүттөнгөн. Тагыраагы, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибековдор көтөрөт деп ойлогон. Бирок Камчыбек Ташиев талапкер Сооронбай Жээнбеков менен тандемге кетти. Ошентип төртилтик чачырады. Азыр болсо Бакыт Төрөбаевдин ресурсу азыраак болуп жатат. Менин оюмча, Төрөбаев Бабанов менен тандемге барып туура эле кадам кылды. Себеби Жээнбеков менен танденмге барса, статусу эми өсүп жаткан саясатчы катары көп нерседен утулмак. Ал эми Бабанов менен бириккенде варианттары көбүрөөк болот.

Өзүңүз айтып кеткендей Бакыт Төрөбаев буга чейин 3 саясатчы, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров менен бириккен эле. Бирок кийин ал төртилтик тарап кетти. Эми бул тандем аягына чыгабы? Тагдыры кандай болот?

Мен ойлойм, бул тандем ыдырабайт. Азыр саясий жагдай өзгөрүп жатат. Тескерисинче бул тандемдин таасири күчөйт. Бул тандемге дагы башка талапкерлер Мадумаров кошулат, мүмкүн убакыт келгенде Темир Сариев да кошулушу мүмкүн. Азыр бул танмдемге бир жагынан  бейөкмөт уюмдар, экинчи жагынан мурунку Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кошулуп, чоң топ түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан бул тандемдин потенциалы дагы өсөт.

Бул тандемге башка саясатчылар да кошулушу мүмкүн экендигин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы менен «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары да четке каккан жок. Эми эки саясатчы бийликтин талапкерине каршы канчалык тең ата саясий күч боло алышат?

Президенттик шайлоо экинчи турга чейин созулуп, экинчи турга Жээнбеков менен Бабанов чыкса, Жээнбековдун позициясы аябай жакшы болуп утуп кетиши мүмкүн. Себеби КСДП экинчи турга жеткирсе анда электораттагы элита Бабанов жакка ооп кетет. Ошондуктан КСДП биринчи тур менен өткөргөнгө аракет кылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *