Шашылыш кабар:

Кыйноолордун 85% ички иштер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт

Сентябрь 14, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
94

DSC_1023

«Жарандардын укуктары менен эркиндиктерине зыян келтирүүчү өзгөчө коркунучтуу нерселер-бул кыйноолор жана адамдарды сатуу болуп эсептелет. Бул жаатта алдын алуу иштерин жакшыртуу максатында Кыргызстан 2012-жылы кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор уюштурган. Аталган улуттук борбордун бөлүм башчысы Камалдин Жапаров Марал радиосунда маек курду.

Анын айтымында, кыйноо фактылары, адамгерчиликсиз мамиле камалган адамдарга карата 85 пайыз ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көргөзүлөт.  Кыйноо-бул кылмышты мойнуна алдыруу максатында колдонулуучу курал. Ал эми кылмыштын бетин ачуучу орган бул ички иштер органдары.

Камалдин Жапаровдун айтымында, 2003-жылдан бери кыйноолорду жасагандардын 3-4 эле жолу соттолгон учуру катталган. Бул тергөө органдарынын «Карганын көзүн карга чукубайт» принцибинде иштеши жана сот системасынын начар болгону менен байланыштуу. Бирок, башкы прокуратуранын алдында атайын ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кыйноо беренеси боюнча козголгон иштерди тергөөчү орган иштеп баштаганы бул маселе кыйла чечилип калганын айтат.

Ошону менен бирге, Жапаров Акыйкатчы институту жана аталган борбор менен бирге кыйноону алдын алуу боюнча чоң иштерди кылып келишет. Андан тышкары, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык уюмдардын көзөмөлдөрү  менен кыйноо саны бираз болсо дагы азайганын билдирди. Мурда 90-95 пайызда болсо, азыр 85 пайызга түшкөнүн тактап өттү.

Кыйноо иштерин алдын алуу боюнча улуттук борбордун башкы адиси  тергөө абактарында уруп сабоо, башына баштык кийгизүү, таманына сабоо, тамак бербей коюу, караңгы жерге кармоо дагы башка кыйноонун көп түрлөрү колдонулаарын айтат.

Жана кандайдыр бир кыйноого кабылган учурда атайын ишеним номерлери 66 37 18, 66 37 14, 0550 524237  иштээрин айтып өттү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *