Шашылыш кабар:

Тажикстанда президентти узатуу учурунда аэропорт жетекчиси каза болду

Сентябрь 14, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
397

вертолет президента таджикистана

Тажикстандын Хорог шаарында президент Эмомали Рахмонду узатып жатып аэропорттун жетекчиси каза болду.

Маалыматка ылайык, маркум Дилдор Максудшоев Дарваз районунан Дүйшөнбүгө узатып жаткан. Ал тик учактын жанында килемдин үстүндө тургандыктан тик учак учканда килем көтөрүлүп, 60 жаштагы жетекчи жыгылып кетип, жакын турган ташка башы менен тийген.

Ал ооруканага бара жаткан жолдо каза болгону маалым болду.  Укук коргоо органдары окуяны кырсык катары баалашууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *