Шашылыш кабар:

Ысык-Кѳлдүн дары чѳптѳрү Германияга экспорттолууда

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Гулжамал Асанкадырова
98

Ысык-Кѳл облусунун саналуу гана дыйкан, фермерлери жамаат болуп түзүлүп, 3 жылдан бери дары чѳптѳрдү ѳстүрүп келишүүдѳ. Аны атайын планга чыгарып, фарм компаниялары аркылуу  Германияга экспортоодо.valeriana_0

Ак-Суу районундагы  Ак-Булуӊ айылынын тургуну Карачач Айдакеева 3 жылдан бери жамааттын жардамы менен дары чѳптѳрдү ѳстүрүп, учурда бул ишти жакшы ѳздѳштүргѳн. Ал кѳбүнчѳ азыркы суроо талапка жараша жүрѳк оорунун алдын ала турган мышык тамырын башкача айтканда валериян чѳбүн айдап, башка ѳсүмдүккѳ салыштырмалуу жакшы киреше табаарын айтат:

— Мышык тамыр (валерияна) жакты, 3 жылдан бери айдап жатам. Буюрса пайдасы жакшы болуп жатат, кирешеси да жакшы экен. Биринчи жылы килосун 33 сом болсо, андан кийин 38 болду. Ал эми азыр 50 сомдон болду. Азыр картошканын баасы арзан болуп жатпайбы. Муну 5 сотых жерге айдаса эле 55 миӊ сом түшѳт, ал эми картошканы ошол эле жерге айдасак 1 тонна албайбыз.

Бул ѳӊдүү аймактагы 80ден ашуун жашоочу мышык тамырынан сырткары календула, жалбызды ѳстүрүүгѳ да басым жасоодо. Алар бул дары чѳптѳрдү фарм компаниялары аркылуу Германияга кымбат баада экспорттоодо. Бирок, айыл чарбачылыгындагы бул ыкма бир гана киреше табуунун жолу болбостон, ден соолукка да пайдасы тийе тургандыгын Липенка айылынын туругуну Гүлшат Кабылбекова айтат:

-Дары чѳптѳрдүн пайдасы абдан жакшы экен. Мисалы мышык тамырын (валерянка) айдаганда жүрѳктѳрү ооругандар, чѳптү аралап иштеп жүрүп оорубай калышты. Андан сырткары календула чѳбүн айдаганда аны терип жатып оорунун барынан айыгат экен. Эки үч жылдан бери сээп келе жатабыз, сасык тумоо эмне экенин унуттук. Ал эми жалбыз (мята) болсо эс алдыруучу касиетке ээ. Мисалы башы ооруп же стресске учураган болсо кадимкидей жардам берет.

Атап айтканда мышык тамырынын бир килосу 50 сомдон, 250 сомго чейинки наркты түзүп,  3 жылдан бери туруктуу баада сатыкка  чыгып жатат. Ошентсе да, дары чѳптѳрдү ѳстүрүү, башка ѳсүмдүк сыяктуу кѳп эмгекти талап кылат.  Быйылкы жылы облус боюнча  жалпы 20 гектарга жакын жер иштетилип, түшүмүн жыйноого аракет кѳрүлүп жаткандыгын дары чѳптѳр класстеринин лидери Сонунгүл Жылтырова билдирди:

Негизи мышык тамырын биз жана ГаленоФарм ѳстүрүп жатышат. Менимче бардыгы биригип 20 гектарга жакын айдашат. Азыркы тапта Германияга экспорттоп жатабыз. Быйыл жылы да фермерлер 20 гектарга жакын дары чѳптѳрдү себишти, эми 30 тонна экспорттойлу деп турабыз.

Мынтип, дары чѳптѳрдү ѳстүрүү жолу коомчулук арасына кеӊири тарап жаткандыктан,  учурда кызыккандар арбын болууда. Андан улам,  фермерлердин башы биригип, ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн алдындагы бизнести ѳнүктүрүү класстерине мүчѳ катары кошулду. Эми соода сатыктын оӊой жолуна шарт түзүлдү, дейт ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн экономика кеӊешчиси Иляз Пакиров:

Бул биз үчүн актуалдуу, себеби бийлик тарап менен ишкерлер ар дайым байланышып, суроолор болсо сүйлѳшүп аны чечип турса, анда бизнес ишкерлер менен бийлик ортосунда ишеним болот. Экинчиден ушундай иш аракеттер жакшы жүрүп турса анда Ысык-Кѳл облусунун инвестициялык климаты жогору болот. Ошондой эле экономика бат ѳнүгүп турат.

Эске сала кетсек, дары чѳптѳрдү ѳстүрүү долбоордун 4 кызматташтык уюму колго алып, жергиликтүү фермерлерге жана айыл тургундарына окутууларды 2013-жылдан бери  ѳткѳрүп келишүүдѳ.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *