Шашылыш кабар:

Т.Сатаров: Мас болуп унаа айдагандарды биротоло айдоочулук укуктан ажыратуу керек

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
255

1015430395

Статистикага ылайык жыл башынан бери жол кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу көп катталган.  Адам өлүмүнүн да саны өскөн. Мындан улам ИИМ оң рулдуу унааларга эл ташууга тыюу салып, бир катар пунктар боюнча айып пулду жогорулатууну сунуштап жатат.  Бул маселенин күнгөй тескейин жол кайгуул кызматынын мурдагы төрагасы Токтосун Сатаров «Күн чекит» программасында айтып берди.

-Жол кырсыктардын санын кыскартуу үчүн айып пулдун көлөмүн 30 миң сомго чейин жогорулатуу, экинчиден мас абалында кармалгандардын айдоочулук күбөлүгүн эки жылга чейин ажыратуу каралып жатат. Мындай чаралар менен  жол кырсыктарын азайтууга болобу?

Бул сындуу чаралар менен жол кырсыктарын азайтууга мүмкүнчүлүктөр бар.  Ал үчүн мас болгон ойдоочулардын үстүнө текшерүүнү болушунча күчөтүү керек. Экинчи жагы буга чейин мас абалында унаа айдаган айдоочуларга  салынган айып пулдун көлөмү 10-20 миң сомго чейин болчу. Бүгүнкү күнү аны 30миңге көтөрүү сунушу берилип жатат. Менин оюмча мындан көп деле пайда болбойт. Ошондуктан эки жыл  айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну  киргизсе  болот. А бирок  «же» деген жерден эле маселенин баары чыгат. Сүйлөшүп берем, айдоочулук күбөлүгүңдөн ажырабайсың деп 50миң сурагандар чыгышы ыктымал. Мындай нерселер болбошу үчүн такыр эле айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну киргизип коюшубуз керек. Болбосо,  айып пулду  миң долларга чыгарууну сунуштайт элем. Ошондо гана айдоочулардын жоопкерчилиги ойгонмок.   

-Анда ушул жерде Жогорку Кеңештин депутаттары айып пулду 1млн сомго чейин көтөрүү сунушун берди. Бул реалдубу? 

Депутаттар айткан 1млн сом бул өтө эле чоң сумма. Себеби биздин калктын жашоо деңгээли 1миллион сомго туура келбейт. Айдоочулук күбөлүгү , чөнтөгүндө акчасы жок арака тоюп алган айдоочудан кантип ал акчан өндүрөсүн? Же иштеген иши болбосо…. Анын болгон турушу ошондой. А көрөкчө  миң долларды ыйлай-сыктай балким бир жылда табышы мүмкүн.

-Жол  кырсыктары эмне себептен көп катталып жатат?  Канткенде күтүүсүз келген ажалдын санын кыскарта алабыз?

Мен эң эле жөнөкөй нерсени айтайын. Бүгүнкү күнү нормалдуу каттоо жок. Тагыраагы жол коопсуздугун бузган адамдардын толук каттоосу жок. Буга кошумча транспорттордуку дагы.  Азыр ишеним кат менен айдай бергиле деп  бир транспорт 10-15 кишиге сатылып кеткен.Ошентип отуруп аягы көрүнбөйт. Андыктан каттоону кайра калыбына келтирүү керек.  

-Маегиңизге рахмат!

Эскерте кетсек,  жыл башынан бери өлкөдө 3 миң 904 жол кырсыгы катталып, анын натыйжасында 504 адам каза тапкан. Кырсыктардын көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көп. Өкүнүчтүүсү каза болгондордун 60 ы жаш балдар экени аныкталган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *