Шашылыш кабар:

«Үгүтчү» депутаттар сынга кабылды

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
331

867933286564057c220dd85681f074fdbf960b8f

Президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий башталгандан бери талапкерлер жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Аларды тарапташтары жана Жогорку Кеңештин депутаттары дагы колдоп жүрүшөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 12-сентябрдагы жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калды. Аталган комитетте ал күнү «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү мындан башка дагы баш аягы жети маселе каралмак.

Бирок, комитеттеги бир топ депутаттар президенттик шайлоонун үгүт иштери менен алек болуп жүргөндүктөн жыйын үзгүлтүккө учураганын комитет мүчөсү Исхак Масалиев мындайча айтып берди.

— Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйыны өтпөй калды. Себеби кворум болгон жок. Ал жерде төрагасы баш болуп бир топ депутаттар катышкан эмес. 19 депутаттын алтоо гана катышып ошондуктан жыйын өткөрүлбөй калды. Ал комитеттин эки мүчөсү талапкер болуп жатат калган депутаттар талапкерлердин жанында үгүт иштерин жүргүзүп, чуркап жүрүшөт.

Ушундан улам эл өкүлдөрүнүн дегиле мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине катышышы боюнча маселе көтөрүлдү. Шайлоо мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышууга тыюу салынат. Алар жумуш убактысында тигил же бул талапкерди колдоп, агитация кылууга жол берилбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов президент менен парламент депутаттары кызматын тапшырбай эле үгүт иштерин жүргүзүүгө мыйзам жол берээрин айтууда.

— Азыркы шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык ЖКнын депутаттары, президент өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотпой туруп эле шайлоодогу үгүт иштерине катыша берет. Бирок, депутаттар дагы кызматтык милдетин эмгек кодексине жараша аткарышы керек. 

Бекматов ошол эле учурда депутаттар эмгек кодексин бузуп Жогорку Кеңештин сессиясына жана комитет жыйындарына келбей коюга укугу жок экенин белгиледи. Аны менен катар парламенттик, президенттик же болбосо жергиликтүү шайлоолор болобу мамлекеттик кызматкерлер иш убактысынан тышкары үгүт өнөктөгүнө катышууга болоорун айтты. Көп учурда бюджеттик кызматкерлер эмгек өргүүгө чыгып, ошол убактысында үгүт иштери менен алек болот.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин дагы бир мүчөсү Осмонбек Артыкбаев биринчи кезекте депутаттар жыйынга келбей үгүт иштери менен жүргөнүн далилдеш керек дейт.

— Аны биринчи тактап туруп айтыш керек. Жөн эле үгүт иштерин жүргүзүп жатыптыр деп айтыш туура эмес. Эгер кайсы жерде үгүт ишинде жүргөнүн билип сүйлөсө анда туура.

Депутаттар талапкер менен кошо эл аралап үгүт кылып жүргөнүн алар тараткан сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Ал эми тармактык комитеттин кворумдун жоктугунан болбой калган жыйыны жана ага карата айтылган доомат боюнча комитет төрайымы Асел Кодуранова менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

«Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев болсо депутаттардын талапкерлер менен айыл-аймактарды кыдырып жүрүшүн административдик ресурс менен күрөшүү аракети деп эсептейт.

— Мыйзамдуулукту карап, көзөмөл кылыш керек. Депутаттардын жүргөнүн эң башкысы азыр бийликтин административдик рычагты колдонуусуна жол бербеш керек. Анткени бул тагдыр чечүүчү маселе. Эгерде бийликтин депутаттары жүрсө (ред: административдик ресурсту) колдонууга болгон аракет. Оппозициялык болсо аны тыюуга болгон аракет болот. Ар дайым ак кара бар да.

Президенттик шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө 10-сентябрда башталган. Ал 13-октябрга чейин уланат. Ал эми 14-октябрда өлкөдө «жымжырттык күнү» жарыяланып 15-октябрда шайлоо өтөт. Президенттик кызматка жалпы 13 талапкер ат салышууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *