Шашылыш кабар:

Араб инвесторлору энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
131

Араб компаниясы Кыргызстанда энергиянын калыбына келүүчү булактары боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыктар. Бул боюнча Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси “Масдер” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууда айтылды. Баарлашууда элчи компанияга компаниянын өкүлдөрүнө өлкөдөгү энергетикалык мүмкүнчүлүгү тууралуу кеңири маалымат берген. Ошондой эле тараптар калыбына келүүчү энергия булактары тууралуу талкуулашкан.


“Масдер” араб компаниясы Кыргызстанда энергиянын калыбына келүүчү булактары боюнчаc90a53b1d1857ac50eed31ddb0e6efc6 долбоорду ишке ашырууга кызыктар. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков “Масдер” компаниясынын аткаруучу директору Мохамед Жамил Ал Рамахи менен жолугушкан.

Жолугушууда Эшимбеков компанияга компаниянын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү тууралуу кыйла кеңири маалымат берди. Тараптар калыбына келүүчү электр энергиясынын булактары тууралуу талкуулашты. Буга байланыштуу Мохамед Жамил Ал Рамахи жана “Масдер” өкүлдөрү Кыргызстанга кызматташуу шарттары менен таанышууга чакырылды.

Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасын 2018-жылдын январында өтүүчү “Абу-Дабини туруктуу өнүктүрүү жумалыгына” чакырышкан. Бул иш чара дүйнө жүзүнөн 30 миң катышуучуну бир аянтка топтойт.

Буга байланыштуу Мохамед Жамил Ал Рамахи жана “Масдер” өкүлдөрү Кыргызстанга кызматташуу шарттары менен таанышууга чакырылды.

Энергетик адис Калый Рахимов араб компанияларында каражат көп экенин белгилеп, энергиянын калыбына келүүчү булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруусу мүмкүн экенин билдирди.

Арабдарды энергетика жаатында дүйнөдө сөз болуучу чоң деле жумушу жок. Каражаты бар болгону үчүн кайда жумшоонун жолдорун издештирүүдө. Эгерде акчаң болсо баардык жумушту жасатууга болот. Арабдар өздөрү долбоорду ишке ашырбаса да, инвестиция сала алышат.

Жогорку Кеңештеги отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү Жыргалбек Турускулов арабдарды энергетика жаатында тажрыйбасы чоң экенин белгиледи.

Анын айтымында, арабдар чоң океандын ортосуна шаар куруп, электр энергиясын жеткирүүдө. Ушул деле тажрыйбанын жогору экенин далилдейт.

-Кыргызстанда энергиянын калыбына келүүчү булактары боюнча долбоорду ишке ашырууга болот. Ага байланыштуу канчалаган каражатты ратификация кылып берип жатабыз. Биз электр энергиясын көбөйтүшүбүз керек. CASA 1000 долбоорун ишке ашырып, чакан ГЭСтерди куруп, электр энергияны иштеп чыгуу көбөйөт.

Бириккен Араб Эмираттарында электр энергияны күн, суу, шамал жана ар кандай кыймылдардан иштеп чыгууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында 70 ашык чакан жана кичи ГЭС бар. Бирок совет доорунда ири ГЭСтерди курууга көп маани берилип, чакан ГЭСтер керектен чыккан.

Учурда Токтогул каскадындагы ГЭСтер Кыргызстандагы электр энергиясынын 90% пайызын чыгарат. Калганын Бишкек жылуулук станциясы иштеп чыгат. Соңку жылдардагы энергетикалык каатчылыктан улам көпчүлүк аймактарга чакан электр станцияларын куруу зарылчылыгы чыгууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *