Шашылыш кабар:

Элет мугалими: «Мыкты мугалим сынагынан эч утпайбыз»

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
77

Билим берүү жана илим министрлиги “Мыкты мугалим – 2017” сынагын жарыялады. Ага өзүнүн эмгек жолунда заманбап усулдарды колдонгон мектеп окутуучулары жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдери катыша алат. Конкурс 12-сентябрдан 3-октябрга чейин уланат.


1404178.1.1505191994

Өлкөдөгү педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилиги боюнча конкурс жарыяланды. Анын максаты, таланттуу, чеберчилик менен иштеген, инновациялык технологияларды колдонууну жакшы өздөштүргөн жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууда да заманбап ыкмаларды колдонгон мектеп мугалимдерин аныктоо болуп эсептелет. Билим берүү жана илим министрлиги быйыл, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин окутуучулары да сынакка катыша алышаарын билдирди. Министрликтин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова кабарлагандай, сынакка райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү же болбосо педагогикалык кызматкер өзүн-өзү сунуштай алат.

-Быйылкы жылы «Мыкты мугалим-2017» сынагына жаңылык киргизип, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучулары да катыша алат деген жобону камтыдык. 

“Мыкты мугалим-2017” сынагынын биринчи этабында, 12- 22-сентябрь күндөрү сүрөт жана мугалимдин эмгектеринин топтому менен табыштама берилет. Табыштаманы конкурстун сайтында толтуруу зарыл. (http://konkurs.edu.gov.kg/)

Экинчи этабы 22-24-сентябрга чейин уланат. Бул убакытта комиссия келип түшкөн материалдардын ичинен 50 табыштаманы тандап алат. Андан кийин үчүнчү этапта 25-29-сентябрь күндөрү тандалып алынган мугалимдер Бишкек шаарындагы мектептерде ачык сабактарды өтүшөт. Финалга мектепке чейинки үч, 10 мектептеги жана мектептен тышкаркы үч билим берүү мекемелеринин өкүлү тандалып алынат. Сынактын финалисттери тарабынан берилген материалдар, ачык сабактардын видеолору 29-сентябрдан 4-октябрга чейин интернет сайтына коюлат. Ага бардык жарандар добуш бере алышат. Жеңүүчүлөргө сыйлык берүү аземи 5-октябрда Мугалимдер күнүнө белгиленген. Комиссия мүчөлөрү калыс жыйынтык чыгараарына министрлик ишендирет.

-Калыстар тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин өкүлдөрү, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, билим берүү боюнча коз карандысыз эксперттер катышат. 

Аталган сынак жыл сайын уюштурулуп келет. Акыркы жылдары өзгөчө жаш мугалимдер мыкты наамын алышууда. Билим берүү жаатындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров, “Мыкты мугалим-2017” сынагы жаш мугалимдерди шыктандырууга болгон жакшы аракет экенин айтат. Ошондой эле, сынактын жол-жобосу мыкты иштелген, бирок жыйынтыгы чыны менен калыс түрдө чыкпай калган учурлар көп болот.

-Бул сынак канчалаган мугалимдерге дем берген, өзгөчө жаш мугалимдерди шыктандырган жакшы конкурс болуп эсептелет. Жол-жобосу да дыкат иштелип чыккан. Эгер сынакты министрлик иштеп чыккан жобо менен өткөрсө идеалдуу болмок. Бирок, пендечилик кылып, жыйынтыгына келгенде тааныш-билиш болуп кетет. 

Муну менен катар, “Мыкты мугалим” сынагына катышкан элет жериндеги мугалимдер бул сынакта жеңишке жетишүү мүмкүн боло электигин айтышууда. Анткени көбүнчө шаар жергесиндеги мугалимдер тандалып калат. Нарын облусуна караштуу Чолок-Кайың айлындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин мугалими Салтанат Баева, мурунку жылдары аталган сынакка катышкандардын бири. Ал дагы  жеңүүчүлөрдү тандоодо мыйзам бузуу болоорун айтат.

-Мен бул сынакка 2012-жылы катышкам, бирок орунга жетишкен эмесмин. Биздин мектептин окутуучулары 2-3 орунду алып келишет. 15 жылдан бери иштейм, эч ким биринчи орунду багынта элек. Менин оюмча, бардык жерде коррупция бар. Сынактын жыйынтыгы чыга электе, бир ай калганда эле «мен жеңүүчү болуптурмун» деп айткандарын угуп калабыз. 

Белгилей кетсек, аталган сынак 2009-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *