Шашылыш кабар:

Исаков: 2018-жылы биздин Өкмөт санариптик болот

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
59

SAB_7255

Бүгүн, 13-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаков Эдвард Джемайель башында турган Эл аралык Валюта фондунун миссиясын кабыл алды.

Жолугушууда премьер-министр Өкмөттүн милдети «Жаңы доорго кырк кадам» программасын эффективдүү ишке ашыруу болуп саналаарын билдирди. Аны менен катар санариптик трансформация жана ачык мамлекет түзүүдө «Таза Коом» жогорку технологиялык долбоорду ишке ашыруу болуп саналаарын Исаков кошумчалады.

«Программа дымактуу бирок реалдуу. Этабы менен мамлекеттик кызматтарды алууда шарттарды камсыз кылуу үчүн киргизилген механизмдер, ошондой эле, жалпы биздин жарандардын жашоосун жакшыртуу пландары ишке ашырылат. 2018-жылы биздин Өкмөт санариптик болот», — деди Өкмөт башчы.

Өз кезегинде Эдвард Джемайель жаңы Өкмөткө бизнес,  жарнама, макроэкономикалык абал, климаттык жана реформалык түзүмдөрдү ишке ашыруу багытында колдоо көрсөтүүгө кызыктар жана даяр экендигин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *