Шашылыш кабар:

Рахматулла ажы: Быйыл бизге кондиционер коюлган чатырлар бөлүндү

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
93

120931491193878

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл ажылык тынч өттү. Бул боюнча, муфтияттын маалымат бөлүмүнү жетекчиси Максат Атабаев билдирди.

Ал  күндүн ысыгына, климаттык өзгөрүүгө карабастан быйыл ажылык сапар жакшы өткөнүн, ажылар мекенине сак-саламат кайтып келип жатканын айтат. Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясынын ажылык министрлигинин кайрылуу каты менен ажыга баруучуларга ажылык милдетин өтөө, жеке коопсуздукту сактоо тууралуу окутуулар жүргүзүлгөн.

“Баары сак-саламат мекендерине кайтып келе жатышат. Алгачкы рейсти муфтий Максатбек ажы Токтомушев өзү тосуп алды. Учурда биз да келген ар бир ажыдан кабар алып жатабыз. Баарынын ден соолугу, маанайлары абдан жакшы. Сауд Арабиясында күчөтүлгөн тартипте көзөмөл болот. Ошого байланыштуу, ажылык милдетти өтөөгө байланышкан окутуулар жүргүзүлдү. Эки жылдан бери жөн гана сабак уюштурулбастан, эрежелер толугу менен видео, слайд түрүндө көрсөтүлдү. Бул өздөрүнө чоң жардам берди.”

30 жаштагы Рахматулла Мухаммедке ажылык милдетти аткаруу бактысы ушул жылы буюрган. Анын кубанынына чек жок. Каарман буга чейин аткарып жүргөн ибадаттарды  Мекке шаарында өзгөчө сезимдер менен кылганын жашырбайт. Сауд өлкөсү келген конокторду мыкты тейлеп, шаардын тазалыгына өзгөчө көңүл бурат экен. Ажы билдиргендей, өзгөчө быйыл шайтанга таш ыргытчу жердин абалы жакшырган.

“Ажылыктагы сезимдер сөз менен айтып жеткире алгыс. Анткени, Каабага барганда, башыңды саждага коюп, Аллах менен байланыш түзгөндө, чыныгы кулчулуктун даамын сезет экенсин. Сауд Арабия мамлекетинин жетекчилери жакшы шарттарды түзгөн. Өзгөчө ажылардын тазалыгына көп көңүл бурулган. Себеби, ал жерде бир эле күндүн ичинде миллиондогон инсандар ибадат кылат. Буга чейин чоң көйгөйлөрдун бири шайтанга таш ыргыткан жер болчу. Бул жылы ал жерди 3-4 кабатту кылып куруп коюптур. Мурда ал жерде тыгын болуп, көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылат эле.”

Бөлүм башчы Максат Атабаев билдиргендей, зыяратчыларды 13 кишиден турган дарыгерлер тобу коштоп барган. Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги мейманканага кыргызстандык ажылары үчүн дары-дармек менен камсыздалган эки медицина пунктун ачкан.

“Сауд Арабиянын саламаттыкты сактоо кызматы эки медицина пунктун уюштуруп берди. Быйылкы ажалык сапарында шарттардын эң жакшысы, кыргызстандык ажыларга Арафат өрөөнүнө заманбап чатырларды куруп беришти. Күн ысык болгонуна байланыштуу алардын ар биринде аба муздаткычтарын орнотушкан. Былтыр 20 тонна муз алынса, быйыл ага кошумча суу жана муздаткыстар берилди. Бул абдан чоң жетишкендик.”

Кыргызстанда ажыга баргандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев мунун себебин өлкөдө ажага баруу кошуна мамлекеттерге караганда арзан болгондугу менен байланыштырат. Аны менен бирге Кыргызстанда дин тууралуу маалыматтын көп тарай баштаганы да себеп.

“Ажылыкка баруу Аллахтын буйругу. Колунда бар исандар муну түшүнгөндөн кийин «милдет турбайбы деп», колдон келишинче жаш кезинде барууга аракет кылышат. Ажыга баргандардын санынын көбөйүшү, өлкөдө дин жөнүндө маалыматтын элге жайылышы себеп болуп жатат. Андан сырткары, бизде ата-энеси карыганда «Меккеге жөнөтүш керек» деген түшүнүк бар. Балдар аны милдет катары кабыл алышат да, орундатууга ашыгышат. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда ажылыктын баасы төмөн. Көпчүлүк инсандар бара ала турган деңгээлде болгону үчүн ажылык милдет аткаргандардын саны өсүп жатат.”

Эскерте кетсек, ажылардын акыркы тобу 18-сентябрда кайтып келишет. Кыргызстандык 4 миң 885 ажыны 91 ажы башчы жетектеп барган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *