Шашылыш кабар:

Венесуэлланын өкмөтү оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
33

AP_170473413578-pic905-895x505-17095

Венесуэлланын өкмөтү өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу үчүн оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди.

Президент Николас Мадуро  Доминик Республикасынын өкмөтүнүн жана Испаниянын мурунку өкмөт башчысы Хосе Луис Родригестин диалогго келүүгө чакыруусун колдоп, сүйлөшүүгө атайын өкүл жибере тургандыгын билдирди.

Мурунураак Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан венесуэллалык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Каракас менен оппозициянын кийинки сүйлөшүүлөрү Доминиканда уланаарын айткан. Бирок франциялык министр Венесуэллага диалог ишке ашпай кала турган болсо Евробиримдиктин санкциясын ала турганын эскерткен.

Эске сала кетсек, апрель айынан бери аткаруу бийлигине каршы акциялар өтүп келет. Алардын натыйжасында 120дан ашык адам каза болуп, миңдеген адам жабыркаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *