Шашылыш кабар:

Элчилик: Москвада күйөөсү бычактаган аял кыргызстандык эмес

Сентябрь 13th, 2017 | by Каныкей Бозгунова
Элчилик: Москвада күйөөсү бычактаган аял кыргызстандык эмес
Кыска кабар
0

Без названия

Москва шаарынын Люблино районунда күйөөсү бычактап өлтүргөн 23 жаштагы келин Кыргызстандын жараны эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында кыргызстандык жубайлар кызганычтан урушуп, күйөөсү аялын бир нече жолу бычак менен сайып өлтүргөндүгү тууралуу маалымат жазылган. Кылмыш сыртка орнотулган видео камерага жазылып калган. Аял алган жаратынан улам каза болгон.

Бул боюнча Кыргызстандын элчилиги жергиликтүү укук коргоо органдары жана каза болгон жарандын туугандары менен байланышып, окуянын чоо-жайын аныктаган. Жыйынтыгында аталган жубайлар Тажикстандын жарандары экендиги белгилүү болгон. Алар акыркы жолу Москвага Кыргызстан аркылуу кетишкен, — деп билдирди элчиликтен.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache