Кубанычбек КулматовБүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйында депутаттар Улуттук банктын төрагасын шайлоо маселесин эртеңкиге жылдыруу чечимин кабыл алышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков бул маселени эртең “ар кандай маселелер” түрмөгүндө кароону сунуштады. Сунуш добуш берүүгө коюлуп, бир добуштан колдоо тапты. Добуш берүүгө бардыгы болуп 78 депутат катышты.

Эске сала кетсек,  Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы, экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин Улуттук банктын төрагасы кызматына президент көрсөткөн.

12-сентябрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитети Улуттук банктын төрагасы кызматына Кулматовдун талапкерлигин жактырган.