Шашылыш кабар:

Быйыл жол кырсыктарынын саны 8,1 пайызга көбөйдү

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
29

333

Ушул жылдын 8 айында республика боюнча 3 миң 904 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8,1 пайызга көп. Жол кырсыктарынын кесепетинен 509 адам каза болуп, 5 миң 909 адам жаракат алган. Ал эми, каза болгондордун саны 14,4 пайызга кыскаргандыгын Саркулов кошумчалады.

Мунун ичинен оң рулдуу автоунаалардын катышы менен 1 миң 222 жол кырсыгы катталып, 151 жаран каза болгон жана 2 миң 98 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Ал эми, 8 айда 487 миң 242 жол эрежесин бузган жарандарга карата административдик протоколдор түзүлгөн. Жалпысынан Потрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 246 млн сомдон ашык айып пул өндүрүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *