Шашылыш кабар:

Төрага: Кыргыз тили кыргыз элинин ар-намысы

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
75

Чыныбай Турсунбеков ордундаБүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды аткаруу тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аталган токтомдун аткарылышы боюнча өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштерди тизмектеди.

Анын белгилөөсүндө мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоочу «Кыргызтест» системасы боюнча токтом кабыл алынган. Ошону менен катар, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын алдындагы Терминалогиялык комиссия материалдык-техникалык жактан камсыз кылынган. Мындан сырткары, мамлекеттик органдардын ортосунда мамлекеттик тилде кат алмашуусун камсыздоо, мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди окутуусун жүргүзүү жаатында иштер жүргүзүлүп жатат.

Талкууда депутаттар тарабынан мобилдик телефондорго кыргыз тилин үйрөтүү боюнча программаларды киргизүү жаатында иштер жүргүзүлүшү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле бала бакчаларга жомок китептерди таркатууда таалим-тарбияга жык толгон кыргыз эл жомоктору камтылган китептердин көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

Бул көйгөйлүү маселеге Төрага Чыныбай Турсунбеков дагы токтолду.

«Кыргыз тили кыргыз элинин эне тили гана эмес, кыргыз элинин ар-намысы», — деген Жогорку Кеңештин төрагасы эне тилибизди өркүндөтүү максатында мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, шарттар түзүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошону менен катар, кыргыз тилин үйрөтүү жагында чабалдык болуп жаткандыгын, тилди үйрөтүүнүн методикасы дагы учурдун талабына жооп бербей жаткандыгын сынга алды.

Чыныбай Турсунбеков кыргыз тилин натыйжалуу үйрөтүү боюнча бала бакчалар, дегеле балдар үчүн кыргыз тилиндеги мультфильмдерди көбөйтүү дагы алгылыктуу жолдордун бири экенин айтып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы тиешелүү мекемелердин көңүлүн бурду.

Талкуу соңунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды аткаруу тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды. Анда мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер боюнча Өкмөттүн ар алты айда маалымат берип туруусу белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *