Шашылыш кабар:

Жаштар ассамблеясы Кадамжайда жаңы мектептин курулушун баштады

Сентябрь 13th, 2017 | by Каныкей Бозгунова
Жаштар ассамблеясы Кадамжайда жаңы мектептин курулушун баштады
Кыска кабар
0

_DSC8931

Бүткүл дүйнөлүк Жаштар ассамблеясы Кадамжай районунун Кожо айылына 150 орундуу жаңы мектептин курулушун баштады.

Мектеп алты класстык бөлмө, мугалимдер үчүн усулкана, китепкана жана мүдүр үчүн атайын кабинеттери менен курулат. Мындан сырткары жылытуу системасы, керектүү эмректери, сырткы темир тосмолору, дааратканасы менен бүткөрүлөт.

Кожо айылында 200дөн ашык түтүн жашайт. Учурда аталган айылдын окуучулары 3 км алыскы аралыктагы кошуна айылга жөө каттап окушат.

Жаштар ассамблеясынын кызматкерлеринин айтымында, мектеп келерки окуу жылына чейин пайдаланууга берилет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache