Шашылыш кабар:

Аба ырайы: айрым аймактарда жамгыр жаайт

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
11

DSC_0382

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-сентябрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9дан 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +10…+16, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24;

Ал эми, Бишкекте 14-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градуска чейин жылыйт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *