Шашылыш кабар:

Ливиянын вице-премьери расмий иш сапар менен Орусияга келет

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
30

4f2ca1fadb08012658f561e4e58cef05d3a16374

Бүгүн Ливиянын вице-премьери Ахмед Майтиг расмий иш сапар менен Орусияга келет. Анын негизги максаты премьер-министр Файез Саррадждын Орусияга визитин уюштуруу. Андан тышкары, Ливия чыр-чатагын чечүүдө Орусиянын катышуусун талкууланат.

Маалыматка ылайык, вице-премьер иш сапарын Грозныйдан баштайт. Ал жакта Рамзан Кадыров жана Орусиянын тышкы иштер министрлигине караштуу Ливия маселеси боюнча атайын байланыштыруучу топ менен жолугушат.

Андан кийин, саясатчы Москвага барып, Орусия президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Орус басылмалары бул визит Ливия маселесин чечүүгө багытталган Орусиянын жаңы кадамы катары баалоодо.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *