Шашылыш кабар:

Депутат Карамушкина орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштады

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
1004

1023053138

Кыргызстанда орус тилин мамлекеттик тил кылуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Тагыраак айтканда, өлкөдө орус тилине мамлекеттик тил статусун берүүнү КСДПчы депутат Ирина Карамушкина сунуштады.

Мындай пикирин депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-сентябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, айрым өлкөлөрдө бештен мамлекеттик тил бар.

“Кыргызстанда эки тил — кыргыз жана орус тили мамлекеттик тил болсо эмне болот? Жумушка кирүүдө кыргыз тилин билбөө көпчүлүк үчүн чектөө болуп калды. Мага бир нече киши кайрылып, жумушка орношууга жардам берүүмдү өтүнүшкөн, бирок алар кыргыз тилин билбегендиктен жумушка алынышкан жок”, — деп кошумчалаган депутат Карамушкина.

Эске салсак, бүгүн парламентте мамлекеттик тил маселеси каралып жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *