Шашылыш кабар:

Мьянмадан качкан мусулман-рохинжалардын саны 370 миңге жетти

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
76

Рохинджа

25-августтан баштап Мьянманын Аракан штатынан Бангладешти көздөй качкан мусулман-рохинжалардын саны 370 миңге жетти. Бул тууралуу БУУнун атайын өкүлү Леонард Дойл маалымдады.

Мурдараак БУУ Мьянма өкмөтү БУУнун адам укуктары кеңешинин өкүлдөрүн Араканга кирүүсүнө уруксат бербей койгонун маалымдаган болчу. Азыркы тапта Аракан штатындагы массалык өлтүрүүлөр тууралуу толук маалымат жок. Бирок ал жактан качкандардын саны күн санап өсүүдө.

Мурдагы Аракан же Ракхайн штаты Бангладеш менен чектешет. Ал жерде рохинжа мусулмандары жыш жайгашкан. Рохинжалар Мьянма аймагында жашаганы менен, алардын жарандыгы жок, эч кандай документке жана жарандык укукка ээ эмес. Сабатсыздык жогорку деңгээлде жана калк жакырчылыкта күн өткөрөт. Мындан улам, алардын арасында экстремисттик топторго азгырылгандар да көп.

Ракхайн аймагындагы баш аламандык 25-августта башталган. Бирок бул канчалаган жылдардан бери уланган этникалык чыр-чатак. Ракхайн штатында мусулмандар менен буддисттердин ортосунда бат-баттан кагылышуулар болуп турат. Бул жолкусунда өкмөт аскерлери да аралашкан.

Мьянманын бийлик өкүлдөрү рохинжалардан чыккан согушкерлер тынч жашаган адамдарды өлтүрүп, турак жайларын өрттөп жатканын айтышат. Ал эми, Бангладешке бет алган качкындар бул баш аламандыкты Мьянма аскерлери кылып, рохинжа согушкерлерине күнөөнү оодарып жатат деген пикирде.

Расмий маалыматтар боюнча рохинжалардын каза тапкандарынын саны 400гө жеткен. Бирок эл аралык уюмдар адам өлүмү 2-3 миңдин тегерегинде деп билдиришүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *