Шашылыш кабар:

Трамп ушул күздө Азияга турне жасайт

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
191

bHJct1Cj13guSh6LKcEjkuIGUItjB8qO

АКШ президенти Дональд Трамп ушул күздө Азия мамлекеттерин кыдырып чыгат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы маалымдады.

Трамп Азияга жасай турган алгачкы турнесинин алкагында Филиппинде өтө турган Чыгыш Азия жана АКШ-АСЕАН саммитине катышат. Ошондой эле Вьетнамда боло турган Азия-Тынч океаны экономикалык кызматташтык саммитине да барат. Аталган эки саммит тең ноябрь айында болот.

Трамп Азия турнесинде Кытайга да келиши мүмкүндүгү айтылууда. Бирок азырынча бул маалымат тастыктала элек. Апрель айында Кытай лидери Си Цзиньпин АКШдагы сапары чагында америкалык кесиптешин өз өлкөсүнө расмий визит менен чакырган болчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *